КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН ТИРЕШҮҮСҮ КҮЧӨДҮ

№546 19-25-апрель, 2013-ж

12-апрель күнү кечинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Свердлов РИИБинин эки кызматкерин маңзат менен кармалгандардан кылмыш ишин ачпоо үчүн 20 миң сом пара алып жатканда колго түшүргөн. Бул маалыматты УКМК таратты.
Кармоо учурунда эки милиционер катуу каршылык көрсөтүп, бирге иштешкен кесиптештерин жардамга чакырышкан. Жабыла келген милиционерлер чекисттер менен мушташып, кесиптештерин куткарууга аракет жасашканда УКМКчылар тапанчаларын сууруп чыгып, асманга эскертип ок атуу менен тополоңду токтотушкан. Ошондон кийин гана чекисттер колго түшкөн эки милиционерди УКМКнын абагына алып кетишкен.
Андан бир саат өтпөй УКМКнын беш кызматкери Свердлов РИИБинин имаратына келип, колго түшкөн эки кызматкердин кабинеттерин тинтүү үчүн киришет. Тинтүү жүрүп жатканда жарык «капыстан» өчүп калып, УКМКнын беш кызматкери катуу сабалып калат. Учурда алардын экөө ооруканада.
УКМКчылар менен милиция кызматкерлеринин мушташы боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 13-апрель күнү ыкчам жумушчу жыйын өткөрүп, «жаңжалдын күнөөкөрлөрү жаза алышсын» деп катуу талап коюп, Свердлов РИИБинин жетекчисин жумуштан убактылуу четтеткен. Өкмөт башчынын эскертүүсү тиешелүү деңгээлде таасир этпеди көрүнөт, ошол эле күнү Сокулук РИИБинин отуздай кызматкери Мыйзамсыз баңгисооданы көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү менен мушташып, алардын колунан «баңгизат сатты» деп шектелип кармалган кесиптешин сууруп кетишти. Далил затты ошол замат жок кылып салышкан. Премьер-министр кайрадан 15-апрелде жыйын өткөрүп, эскертүү берүүгө аргасыз болду. Жыйындын жыйынтыгында атайын комиссия түзүлүп, ага Башкы прокуратура башчылык кылмай болду.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
22.04.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне демекчибиз Суктанабыз
22.04.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде дагы соз жок.Закон Батукаевге иштебен ИИМге иштейби
23.04.2013. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот башчыны ошондо эч ким тоготбой койдубу?!Кулкулуу...
23.04.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХД :-)))))))))))))))
23.04.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок куч органдарыбыз оздору ушундай иш кылып атса черныйлар каалаганын кылат да Балык башынан сасыйт
23.04.2013. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коррупцияга каршы эмес, бири-бирине каршы курошкуло эми)))))))))))))
23.04.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коррупция ИИМде абдан орчушуп кеткен буларды тазалаш керек,жаны кызматкерлерди алып келсе жакшы болмок
25.04.2013. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токмогу катуу болсо кийиз казык жерге киреееет, бул кыкендердин создору да тегин эмеееес. Шоолдурошууууп жогорку кызматтагылар кресло тийгенине ыраазы болушуп олтурушат, баягы корбосом бору жесинден кылышып. Кынк дедирбей башкарганга алдары деле келбей калышты го.Эптеп элдерди алдашып ар бир создун башын КТРден чаргытып коюп олтурушат даааааа...Мобуга окшогон ээнбаштыкты тыйышпай эмне кылып журушот, тан калычтууу да тан калычтуу, эх май беттер, май беттер...
Модератор admin_media түзөттү 25.04.2013 12:46
25.04.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуя бир чети кулкулуу болсо, бир чети тан каларлык. УКМКны тушунсо болот алар оз милдеттерин аткарышты. Ал эми ИИМдин кызматкерлерине тан каласын, башка адамдарды жазага тартканды билгенден кийин оздору да жооп бергенди билиши керек эле да. Кыскасы бул 2 органдын (бири президентке экинчиси премьерге баш ийген органдар) бири-бири менен тирешип турганынын да жактары бар. Анткени булар аз да болсо бири-биринен шекшип туура эмес иш кылгандан коркуп калышат чыгар деген ойдомун.
25.04.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул албетте окмоттун шалдыгы.
26.04.2013. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милицяда иштеген таанышыма,Силер аябай корупсиялашып кеттинер ээ!,десем.Жакшыда пара алып турсан чонтоктон акча узулбойт:)!дейт,оозу-мурду кыйшайбай.Эмне демекпиз чонтогунорду кампайтып,мыйзамды тебелеп-тепсеп журо бергиле!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо