БИШКЕКТЕ 3 АЙ ИЧИНДЕ 132 МИТИНГ...

№546 19-25-апрель, 2013-ж

  • Класстык чиндерди берүүдө маянага кошумча 1 жылда 106 МИЛЛИОН сом сарпталарын ЖКнын депутаты Дастан Бекешев айтты.
  • Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин демилгеси менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 30-апрелден 30-майга чейин МАКАЛДАРДЫН 1 АЙЛЫГЫН өткөрөт.
  • 2013-жылдын алгачкы 3 айында Бишкекте 132 МИТИНГ болуп өткөнүн Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
  • Үстүбүздөгү жылдын 3 ай ичинде «Ош электр» ишканасынан 17 ТЕКШЕРҮҮЧҮ иштен бошотулганын Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
  • Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калманбетовдун айтымында, 2012-жылы 400 МИЛЛИОН сомдук электр энергиясы уурдалган.
  • Былтыр Кыргызстанда 100ГӨ ЖАКЫН өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.
  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө гемофилия боюнча 330 АДАМ жабыркайт. Алардын жарымы жаш балдар.
  • Билим берүү жана илим министрлиги 34 АВТОМЕКТЕПТИН лицензиясын жокко чыгарганын, дагы 50дөн ашык мектептин ишмердиги 3 айга токтотулганын кабарлады. Учурда өлкөдө 200дөн ашуун автомектеп бар.
  • 22-апрель күнү Ош шаарынын жашоочулары үчүн МАССАЛЫК ЧУРКОО уюштурулат.
  • Талас облустук Айыл чарба тармагынын башчысы Абай Шатмановдун маалыматына ылайык, фермерлер 8 айда чет өлкөгө 42 МИҢ ТОННА төө буурчак экспорттошкон.
  • Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси РАЙКҮЛ ЖАПАРОВА да камакка алынды. Эске салсак, Райкүл Жапарова рейдерлик басып алуучулук боюнча айыпталып келет.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
23.04.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тууй ата.чын эле митингстан экенбиз да э
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо