№546 19-25-апрель, 2013-ж
Каракол шаарынын мэрин шайлоо 25-апрелде өтөт. Бул тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Светлана Мамедова маалымдады. Учурда Каракол шаардык аймактык комиссиясына БШКнын атайын токтому келе элек. Токтом келгенде шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлө баштайт. «Каракол шаардык депуттатар кеңеши алгач кандай фракция түзгөндүгү тууралуу чечимин жана кайсы талапкерлерди сунуштаганы жөнүндө бизге билдирип, алардын документтерин даярдап келүүсү керек»,- дейт С.Мамедова. Мэрдин кызматына талапкерлигин коюп жаткан инсандарга коюлган шарттар бар. Алар сот жообуна тартылбаган жаран болуусу, үч жыл мамлекеттик, муниципалдык кызматта же жергиликтүү күч түзүмдөрүндө 5 жыл иштеген болуусу керек.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |