КРЕМЛЬ ЧЕТ ЖЕРДИКТЕРГЕ ЭКИ ЖЫЛ БЕРДИ

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

2015-жылдан баштап чет мамлекеттик жарандар Орусияга жалпы жарандык паспорт менен гана кире алышат. Ушул жана башка маселелер боюнча аптанын башында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Орусияга барды. Иш сапардын алкагында энергетика, тоо-кен, транспорт тармактары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, бир катар документтерге кол коюлду. Мындан сырткары «Кыргызгаз» ишканасын Орусияга сатуу жана Кыргызстанда жаңы курула турган ГЭСтер да талкууга алынды.
Орусиянын бажы кызматынын жетекчиси А.Бельянинов «2015-жылдан тартып Орусияга Кыргызстандын ички паспорту менен кирүүгө тыюу салынат» деген кабарды угузду. Бул кадамдын себебин ал: «Кыргызстандын канча жараны Орусияда жашап, иштеп жаткандыгын жана кандай миграциялык агымдар, муктаждыктар бар экендигин билиш үчүн»,- деп түшүндүрдү.
Миграциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен Орусия 2015-жылдын 1-январынан тарта КМШ өлкөлөрүнөн келип, иштеп жүргөн 5 миллионго чукул кишини мамлекеттен сыртка чыгарат. Аларды кайрадан жалпы жарандык паспорт менен гана киргизет.
Беларустук жана казакстандык жарандарга мындай талап коюлбайт. Бажы биримдигинин мүчөлөрү болгондугу үчүн аталган өлкөлөр ээн-эркин Орусияга кирип-чыга алышат.
Орусиядагы кыргыз диаспорасынын расмий сайтынын редактору Асилбек Эгембердиевдин маалыматына ылайык, учурда 550 миңге чукул кыргызстандык жаран Орусияда эмгектенип жүрүшөт. Алардын ичинен 100 миңден ашууну легалдуу, көпчүлүгү легалсыз жүргөндөр.
«Биздин өкмөт Орусиянын чечимине ылайык, жалпы жарандык паспортту даярдаш керек. Учурда депортациялоо да абдан күчөдү. Андыктан мыйзамдуулукту сактоо менен Орусияга кирүү зарыл»,- дейт Эгембердиев.
Эске салсак, кыргызстандык жарандар Орусияга ID паспорт менен кирүү укугуна 2007-жылдын 15-февралында ээ болушкан эле.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
29.04.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чатак го мындай талап койгону Россияда иштеп жургон мекендештердин 2015ден ары кандай уланат азыр айылдардагы каждый учунчу адам бул жакта жумушта иштеп журушот
29.04.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik9090, Кыжаалат болбогула туугандар Таможенный союзга кошулат кыргызстан ал убака чеин.Кошулабыз деп элге ачык айтпай жатышат бийликтегилер бирок кошулса керек баарибир.
30.04.2013. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monchok, кошулса бизшда бизда казактарга окшор . журо беребизби?
29.04.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
idcard менен келгендер демек кететкенбизда
29.04.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде аз айтылыптыр Кыргыздар коп
29.04.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тс га кошулсак жыргамак белек документ жагынан го мейли бирок Кыргызстанда кунумдук тирисилике керектетелүүчү баалар өсөт экен менин түшүнгөнум боюнча. Бул дегени иштеп барган акчаларыбызды азыркыдай үнөмдөй албайбыз
29.04.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
т с кошулсак жыргабай калдык го кунумдук турмушка колдонуп жаткан товарлардын баасы которулушу мумкун кымбатчылык болуп.
29.04.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой ой неге? Мындай кылып жатышат.
30.04.2013. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан азыр бул машина 9000долар ушул эле баа Беларуссияда болгон.2010жылы бул баа17000доларга которулгон. 2014жылы озубуздун Кыргызстан бажы союзуна кирсе ушул баа кандай болорун эми ойлоп коргуло кандай болорун!
30.04.2013. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келип келип еле карапайым елге кыйын болот кымбатчылык болсо.
01.05.2013. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын элин россия багып жатат десем адашпасам керек копчулугун россияда эртераак томажный союзга кирсе жакшы болмок бизге окшогондорго
01.05.2013. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок депортация күчөгөнү чын. Менин досум баары жогу бар туруп регистрациясы 1 күн өтүп кеткенин шылтоо кылып адвокаты жок сот чечими менен, ошол эле күнү спец приемго тыгып салбадыбы жүн баштар!
01.05.2013. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бажы союзуна кирсек кытай жабылды кымбатчылык дегендик.
02.05.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын депортатциядан томожный союзга кирсе жакшы болот эле азыр жашоо ак уйдогулорго карапайым элге жол ачылат
04.05.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайлар тукумсуздукка алып келе турган товарларын арзан алгыча ТС кошулган он, машина табылат ден соолукчу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо