АЙТМАТОВДУН УУЛУ АТАСЫНАН КАЛГАН МУРАСТЫ САТЫПТЫР

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Өткөн жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Москванын Переделкино кыштагындагы дачасы талашка түшкөн эле. Дачаны бошотуп коюу тууралуу жазуучунун жакындарына сот аткаруучулар мөөнөт беришкен.
Маалыматтарга ылайык, Айтматовдун ал дачасы жайгашкан жер тилкенин наркы 4-5 миллион доллар турат. Бул маселе боюнча кызы, депутат Ширин Айтматова дача атасына Совет доорунда убактылуу берилгенин, эми көзү өткөндөн кийин аны алып коюулары мүмкүндүгүн, башка өлкөнүн аймагында болгондуктан, ага кийлигише албасын айткан. Аталган дачаны улуу жазуучунун 85 жылдык мааракесине карата музейге айландыруу демилгеси бар болчу.
Бул маалымат кыргыз коомчулугун бушайман кылган эле. Бирок жакында ачыкка чыккан маалымат Айтматовду туу туткан кыргыздарды кыжырдантты.  
Айтматовдун мамлекеттик резиденцияда жайгашкан дачасын кийин эки уулу бөлүп алышкан, бир тарабын Аскар Айтматов 2011-жылы М.Мамакеевге 23,7 миллион сомго соодалап жибергендиги эми маалым болду.
«Кремлдин дачаны алып койгону туура болуптур, антпесе аны деле бир күнү сатып жиберишмек экен. Мамлекеттик резиденциядагы турак жайлар жөн салды адамдарга берилбейт да, аны эске алып койбогон Аскар Айтматов кызылдай пулуна кызыкпай, музей деле кылып койсо болмок. Көрсө, бардык эле уулдар атасына тең уул болушпайт экен...» деген талкуулар жаралды.
Мындан уламбы, 19-апрель күнү президенттик иш башкаруу бөлүмү «КРнын Президентинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамын өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыкты. Анда мамлекеттик резиденциянын аймагындагы кыймылсыз мүлктү сатууга тыюу салуу сунушталган.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(7)
29.04.2013. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо Ширин Айтматова атамдын дачасын, машинасын сатпайбыз деп жатты беле.
29.04.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саткан турбайбы, Аскар байкебиз, мына
29.04.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок эмне дээринди билбейсин
30.04.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аай жаман болуптур атасынан калган мурасты саткан онбойткоо.
03.05.2013. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчалык деңгеелде чын?
05.05.2013. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
champion-kg,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
10 күн банга!
11.05.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйно жузу тааныган атабыз Чынгыз Айтматов.. Артында калган мурастары аз да болсо Бишкек шаарына бир музей китеп кана ачсын деп ойлойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо