КЕНДИРДИ КЕСКЕН КЕН МАСЕЛЕСИ

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Митинг-пикеттер, нааразычылык-каршылык акциялары түрдүү себептерден улам өткөрүлөт, албетте, биринчи орунда кайсы бир чиновникти «кетсин» дегендер болсо, андан кийин эле кендердин тегерегинде орун алган ызы-чуулар болуп саналат. Айгайлап чыккандарды да түшүнүүгө болот, анткени «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» дегендей, «Кумтөрдүн» кейпин башка кендер кийип калбаса экен дешет. Бул ири алтын кендин айынан жаралган жаңжал бүгүнкүгө чейин уланууда. Убагында бийлик төбөлдөрү Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлоп койбой, чөнтөгүнө түшкөн пайданы көздөп, келишимдерди мамлекеттин, демек, карапайым калктын кызыкчылыгына каршы түзүп келишкен. Андан да жагымсызы, саясатчылар «Кумтөрдү» курал катары пайдаланууну адат кылып алышты. Андыктан учурдагы президенттик, парламенттик аппарат жана өкмөттүн алдында «Кумтөрдүн» эсебинен элдин алкышын алуу зор мүмкүнчүлүгү турат. Эгерде бул ызы-чуусу бүтпөгөн кендин келишимин эки жак зыян тартпагыдай, өз ара пайдалуу чечишсе, эл да бийликке ишеним арта баштамак.
Антпесе, абал оорлоп бара жатканы баарына белгилүү. Жер-Үй, Иштамберди, Бозумчак. Биринде жергиликтүү эл митинг-пикетке чыгууну адатка айлантса, экинчисинде түз эле кенге басып киришип, тушунан чыккан кызматкерин сабап, атүгүл кенди иштетип жаткан компанияны тоноп кетүүгө чейин барышууда. Жергиликтүү тургундардын чет элдик алтын казуучулардын жүрөгүнүн сары суусун жетиштүү эле алып койгонун эске салсак, эртең Кыргызстан инвестор дегенден толугу менен куру жалак калышы мүмкүн. Өлкөдө нефть же газ чыкпаса, калкынын жарымынан көбү чет өлкөлөргө нан издеп чыгып кеткен болсо, сырттан келген инвесторду кууп чыгып жатсак, анда өнүгүү кайдан бышып, кимдин оозуна түшмөк эле?

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо