№547 26-апрель-2-май, 2013-ж
Кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча кезектеги соттук отурумда күбөлөр суралды. Күбө катары Айбек Мамасеитов буларды айтты: «Көлбаев менен жакындан тааныш эмесмин. Аны менен 2007-жылы Ысык-Көлдөгү үйүндө тааныштым. Ал жерге досум Арзымат Буркановдун чакыруусу менен баргам. Бирок Камчы Көлбаев бизден акча талап кылып, каракчылык кылган эмес».
Анын айтымында, ортодогу акча маселесин чечүү үчүн өзү, Арзымат Бурканов, Медер Кожакметов, Бакыт Бекбоев, ЖКнын депутаты Садыр Жапаров жана Камчы Көлбаев болуп Ысык-Көлдө жолугушкан.
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |