БАТУКАЕВДИН ӨЛКӨДӨН ЧЫГЫП КЕТҮҮСҮН ЭКИ КОМИССИЯ ИЛИКТЕЙТ

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Азиз Батукаевдин абактан эрте бошоп кеткенин иликтөө боюнча депутаттык комиссия ага коюлган диагнозду текшерүү максатында дарыгерлер тобун түздү. Алар комиссия мүчөлөрү менен Нарын шаарына барып келишти. Адистер Батукаевге коюлган «курч лейкоз» диагнозу күмөн туудурганын айтышты. Ошондой эле комиссия Батукаевге паспорт мыйзамсыз жол менен берилгенин билдирген, бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев бул маалыматты жокко чыгарып, документке арыз берүү, паспортту кайра жөнөтүү процедурасы мыйзамдуу болгонун айтты. «Көпчүлүк туура эмес маалымат таратууда. Азиз Батукаевге чет өлкөгө чыгуучу жалпы жарандык паспорт эмес, ID-карт гана берилген. Ал эми бул паспорттун түрү менен КМШ өлкөлөрүнүн ичинде кирип-чыгууга болот. Чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт түрмөдө отургандарга берилбейт».
Ал эми оппозициялык кыймыл бул ишти өзүнчө иликтөө үчүн көз карандысыз коомдук-саясий комиссия түздү. Ага парламенттик комиссияга оппозициялык фракциялардын өкүлдөрү кирбей калышы себеп болгонун айтышууда. Комиссия мүчөсү Азимбек Бекназаровдун айтымында, алар парламенттик комиссияга жардам иретинде өзүнчө иликтөө жүргүзүп, коомчулукка жарыялоону туура көрүшкөн.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
29.04.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоо кеткен сон, кылычынды ташка чап!
29.04.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
24 комиссия иликтеседа эми кайра алып келе албаса керек
29.04.2013. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан кум жам болушат болду эке, кыйратып атып бир куну жок болушаат дааа
29.04.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кетти болду иликтегенден эмне пайда
29.04.2013. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ф.Куловдон баштагыла...
29.04.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт түрмөдө отургандарга берилбейт.Кызык анда К.Колбаев Дубайга кандай паспорт м.н барып келди экен?Комиссия тузулду жакшы бирок пайдасы эмне?Бул эмес Ош окуясы учун тузулгон комиссиялардан кандай майнап чыкты?
30.04.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошол комиссия Батукаев турмодон чыгып кете электе кайда эле,чын эле оорулубу жокпу деп ошондо текшериш керек эле да.эми калп эле эптеп элди алдап,алаксытыш учун,комиссия тузуп.комиссиянын жыйынтыгы мыйзамдуу чыккан деп табат башка не демек эле.
01.05.2013. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы.... Курманбек Бакиевди канча комиссия издеп жатты болду экен?
01.05.2013. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tywton kuiun komissia tyzyp ybara bolboi ele koiywpaiby...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо