ДИЗЕЛЬ МАЙЫ КЫМБАТТАДЫ...

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

  • Энергетика жана өнөр жай министри АВТАНДИЛ КАЛМАМБЕТОВ ээлеген кызматынан бошотулду. Анын милдетин аткаруучу болуп мурдагы статс-катчы Батыркул Баетов дайындалды.
  • 22-апрелде Алмазбек Атамбаев Социалдык өнүктүрүү министри КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВДУН өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арызын канааттандырды.
  • 20-апрелден баштап Кыргызстанда дизель майынын баасы 50 ТЫЙЫНГА көтөрүлдү.
  • Билим берүү жана илим министри К.Садыковдун айтымында, өлкөдө аскерге чейинки даярдык сабагын берүүгө МУГАЛИМДЕР жетишпейт.
  • 2012-жылы ТИМдин консулдук кызмат департаментине чет жердеги мигранттардан 2200 АРЫЗ келип түшкөн.
  • Таластагы Батыш бажы бекетинен бир суткада 5 МИҢГЕ чукул адам өтөрүн бекеттин башчысы Алмаз Мамбетов билдирди.
  • Жаштар кеңеши премьер-министр ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВДИ сотко берди.
  • Кримавторитет Камчы Көлбаевдин жан-жөкөрү АДИЛЕТ КАСЕНОВ 8 жылга эркинен ажыратылды. Ага “мыйзамсыз каражат чогултуу иштерине катышкан” деген айып коюлду.
  • Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт», «Эркеч-Там» текшерип өткөрүү бекеттери 27-АПРЕЛДЕН 2-МАЙГА чейин жабылат.
  • Өткөн жылы өлкөдө кургак учук илдетине кабылган 5600 АДАМ катталган. Мындай маалыматты депутат Дамира Ниязалиева билдирди.
  • «Тазалык» ишканасынын маалыматына ылайык, 24-апрелде болгон митингден кийин борбордук «Ала-Тоо» аянтынан 10 м3 таштанды чыгарылган.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо