«БЕКНАЗАРОВ ҮЧҮН «КУМТӨР» – ШЫЛТОО»

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

24-апрель күнү Азимбек Бекназаров баштаган оппозициялык топ «Ала-Тоо» аянтына чогулушту. Артындагы кошууну, алдын ала айтылгандай, 10 миң эмес, миң кишиге да жетпеди. Жамгыр күнөөлүүбү же жетиштүү таратылбай калган акча айыптуубу, кыскасы, митингдин катышуучуларынан да жөн гана кулак төшөгөн, өтүп баратып кызыгып карап калган байкоочулар көп болду.

БЕКНАЗАРОВ ИЧ КҮПТҮСҮН ЧЫГАРЫП АЛДЫ
Өткөн аптада маалымат жыйын өткөргөн Азимбек Бекназаров журналисттерге карап: «Силер токсуңар, ошон үчүн революцияны каалабайсыңар. Биз «Кумтөр» менен болгон келишимди денонсациялоо мыйзамын демилгелеп алып чыктык. Аны депутаттар карабаса, биз парламентти таратабыз. Эгерде жаңы бийлик «Кумтөрдү» элге кайтарып бербесе, мен революцияга чыгып, элдин кызыкчылыгын коргойм»,- деп күпүлдөгөн эле.
Бул билдирүүдөн эки жагдайды түшүнүүгө болот. Азимбек Бекназаров акыркы эки жылдан бери кызматсыз отурат. Ал экс-президент Курманбек Бакиевдин режимин кулаткандардын, кийинки Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн бири болчу. Алардын көпчүлүгү бийликте, рулда, ал эми жээкке ыргытылып калганы ушул Азимбек мырза эле болду көрүнөт. «Силер токсуңар, ошон үчүн революцияны каалабайсыңар...» деген кеби ириде өзүнө байланыштуу айтылып кетти окшойт.
Экинчиден, «эл үчүн» деген Азимбек мырзанын «эли» 24-апрелде бир ууч митингчилер менен чектелип калды. Кезинде бул саясатчыны октон да жалтанбай жанын берүүгө даяр жигиттер, узак жолго карабай жөө-жалаң Бишкекке чейин таламын талашып келген журт колдоор эле.Убакыттын өтүшү менен эл кимдин чындап күйөрүн, а кимдин бийликсиз калганда утурумдук митингдерди өткөрчү дасыккан уюштуруучуга айланып калганын билип деле бүттү.

АК ҮЙГӨ КИРГИЗИШКЕН ЖОК
Парламентти таратмакчы болгон Бекназаровду Ак үйгө коопсуздук кызматкерлери тийиштүү документтери жок деп киргизбей койду. Эгерде кирсе, «Кумтөр» менен болгон келишимди денонсациялоо боюнча узун кебин депутаттарга айтып бермек. Мамлекеттик комиссия бул маселе боюнча өз жыйынтыгын парламентке ушул жылдын июнь айында кайра алып келмекчи болгон. Ошондуктан каралып жаткан маселеге Азимбек мырзаны кошууну туура көрүшпөдү сыяктанат.
Келишимди жокко чыгаруу боюнча ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев: «Мен мындай сунушка макул эмесмин. 2009-жылы түзүлгөн келишим гана эмес, 2003-жылы түзүлгөн келишим дагы жокко чыгарылышы керек. Бекназаров кайрадан 2003-жылы түзүлгөн келишимге токтололу деп жатат. Бул такыр туура эмес»,- деди.
Айтмакчы, оппозициянын митингине Нурлан Мотуев да кошулду. Ал катышуучуларга: «Биз кандан коркпойбуз, «Кумтөр» баары бир биздики болот!»- деп кыйкырды. Нурлан мырза мындай билдирүүсү менен эмнени айткысы келгени түшүнүксүз. Өзү кан төгүүдөн коркпошу мүмкүн, бирок аянтка чогулган катышуучулар үчүн жооп бере алар бекен?..

САЯСАТТА ПРИНЦИП ДА, ДОСТУК ДА ЖОКПУ?
Бул митингдин башаты 24-мартта Жалал-Абадда өткөн элдик курултайга барып такалат. Ал күнү Бекназаровду жандап барган Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков негедир жамгырлуу 24-апрелде митингден көрүнүшпөдү.
Өзгөчө Мадумаров менен Бекназаровдун ымалага келгени кызык. Кезегинде Адахан мырза 7-апрель окуясынын катышуучуларына байланыштуу: «Ошо жерде каза болгондордун саны 10-12 киши дейт, жанагы бомждорун да кошкон дейт, дүкөн уурдап жатып каза болгондорун да ошол жерге алып келип кошкон дейт, Бакиевди жаман көрсөтүш үчүн өлгөндөрдүн санын көтөргөн. «17 көзгө атарды кармадык» деп Бекназаров канча какшады, бирөөсүн көрсөтө алган жок» деп айтып чыккан эле, парламенттик шайлоонун алдындагы эл менен жолугушуулардын биринде. Ал видео азыр интернетте саякаттап жүргөн кези. Эми минтип кайнаса каны кошулбачудай сүйлөп жаткан Бекназаров менен Мадумаровдун коюн-колтук алышканы саясатта кастык да, достук да жок, болгону кызыкчылык бар экенин дагы бир ирет далилдеди.
Тарыхка кылчайсак, 2006-жылдары «элди митингге чыгарган – кыргыз элинин душманы» деп Мадумаров айтып жүрбөдү беле? Ооба, анткени ал кезде мамкатчы болчу.
Мадумаров менен Бекназаровдун максаты чын эле «Кумтөр» маселесиби же башкабы? Же эптеп «кетсин» менен дагы бир революция жасап, андан пайда көрүү демилгесиби? Же Азимбек мырза эки жыл жатып зеригип, бийликти опузалап койгусу келдиби, айтор, мезгилдин талабы болгон «Кумтөрдү» бетине тутуп чыга келишти. Жаш, жөн салды сүйлөй бербеген депутат Дастан Бекешев муну мындайча сыпаттады: «Азимбек Бекназаров үчүн «Кумтөр» шылтоо гана. Эгерде «Кумтөр» болбогондо ал «Мегаком» боюнча, ал да болбой калса, «эмнеге Курманбек Бакиевди алып келишкен жок?» деген көйгөйдү ойлоп чыкмак».

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
29.04.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары кайф(акаев) замандын каармандары. Бизге жаны муун керек!
29.04.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул аферист керек болсо митингге деген акчаны жеп коюп, элдер талаада калыптыр, сооп болот сатылган элдерге
29.04.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бекназаров алысты коро албаган, акча дегенде жанын Берген саясатчы. ошондуктан митингге элген эл озу аны кетээрде согуп туруп кетишти.
29.04.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекназаров митинг уюштурат дегенде эле баары белгилуу болгон. Ал дагы Мукардын жолун жолдоп уят болмок...
29.04.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тэээ Аксы окуясынын башааты дал ушул Бекназаровко барып такалат.Ушул мырзаны деп эл бийликтин курмандыгы болгонун тарых таразалайт. Бакиев качканда ак уйдон таап алган миллион акчасы тугонго....бийлик самай баштаптыр.
29.04.2013. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бмздин айрым элдерге тушунбойм, акча берсе эле ооздорун ачып митингге чыга беришет, эмне учун чыгып Жаткандарын оздору деле тушунбойт, Жон эле кыйкыра беришет, андан коро бир пайдалуу иш кылып калалы деп ойлонушпайбы, ал эми бул адамга окшогон канча кишиге бийдик керегин дагы коробуз...
29.04.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ushu beknazar ölbldu je kalbady Kudaydan korkpogon akmak sabatsiz koi
29.04.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээээээхх....бийликти коздогондордун кашына бит тушсо экен бир!!!Кыргыз элине азыр тынччылык керек,кандай тушунбогон немелер булар???!!!
29.04.2013. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайдан коркушпайт экенда Бекназаровдун артынан убагында канча деген кан тогулду эле, дагы эмне жетишпейт бул адамга. Бийлик, дунуйо дегенде узун туурасынан жата калышат экенда. Аркы дуйнодогу тозоктон дагы коркушпайтко буларын
29.04.2013. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туй атаны дагыле Бекназаровбу карды ачканго тапкан шылтоосун кара мунун. Э ушуга не жетпейт уйун корсон тимеле хан сарай да ар нерсенин башын баштайт. Уяты жок киши экен. Бийликтегилерге саясатчыларга такыр ишенгинда келбейт.
29.04.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге Ташиевтей башкаруучулар керек. А Бекназаров болсо чынында эч нерсени чече албайт.
30.04.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidi949303, Ташиевдин деле абири тогулду го элге уяат болуп.
01.05.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidi949303, Ташиев деле ошо корда Бекназаровдон кем калбайт булар эмнени чечип эмнени кыйратмак жакшы билим алып анан эл башкарсак деп умтулса болмок
09.05.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nolvan, Ташиевдин эл учун кылган кызматы: Ош окуясында абдан чон таасир корсоткон, качан сакелер кыргыздын кыздарын зордоп, коргонун коргон жерде атып жатканда, качан азыркы саткынчы, далдыраган бийлик эч нерсе кыла албай жаткан мезгилде; эл байлыгын элге кайтарып берели деген уч депутаттын бири...байкуш кыргызым кайдагы канадалыктар келип, алтыныбызды тоноп, кээ бир бийлик соройлорун итти алдагандай алдап жургонун Садыр жапаровдун комиссиясы аныктады эле го эмне учун аны тушунгубуз келбейт..???
30.04.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөн эле кишилер атка минип алганы өтө жаман болуп жатат.
30.04.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы кыргызстандагы саясаттчылар жаш баладардай болуп оз ордуларын билишпейт... Саясатчылардан бир да бийлике татыкттуусу байкалбайт. Азыр ким саясаттан коп упай топтоп баштаса 2чиси андан ашып отууну каалайт, же аны бутунан тартат.
01.05.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды мен ондойм
01.05.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх туугандар биздин чон курсактарга биз керек .. кыргызтан керек эмес ... алар эчтеке ойлобойт эл жонундо ... алар мулк топтоонун гайгайы менен журот ... кумторду шылтоо кылабы башка кылабы мага Бекназаров кызыктырбайт дечи ... бирок туугандар кумтор жонундо тартылган видеону корсонуздор
01.05.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын байлыгын акчасын гана жебестен жаратылышты жеп жатканы окунучтуу ....кумтордон ондурулгон алтынды алып тезирээк байып же жоголушпады канадалыктар челектеп алып кетип ... а бизге чомучтоп калтырып жатат ... аны биздин балаа жегир чиновиктер элге чай кашыктап берип жатат пенсия пасобия бул ото аз туугандар ото аз кыргызтандын байлыгына чек жок а ошол арам ой чиновниктердин айынан ошол байлыктын кунун эл корбой жатат минтип бирибиз россияда бирибиз казакстанда иштеп журобуз эл озу мен
01.05.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх туугандар биздин чон курсактарга биз керек .. кыргызтан керек эмес ... алар эчтеке ойлобойт эл жонундо ... алар мулк топтоонун гайгайы менен журот ... кумторду шылтоо кылабы башка кылабы мага Бекназаров кызыктырбайт дечи ... бирок туугандар кумтор жонундо тартылган видеону корсонуздор
01.05.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол тойбос чиновниктер жон гана мулкту болушуп албастан бироосуно жетпей же акча жей албай калганда дароо митинг деп чыгат ой дээгеле соз жок жаш бала оз оордуларын билбейт же байлык адамды ушуга алып барып коебу айтор тушунбойм уят болууданда коркпойт алар эмес карапайм эл уялып журот баардык жагынан минус а минус бизге кылган иштери бийликтегилердин айрыкча кумторду коруп ыйлагым келип кетти бир чети байлыкты ташып жатса канадалык акылдуулар бир чети бейиштей жеримдин онторулуп ууланып куйуп
01.05.2013. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жатканына жаным атышат эмне кылаарымды билбейм кыргызтан учун баарына даяр элем колумдан азыр эчтеке келбейт келсего ошол чиновниктерди жон гана атып жибербестен башкача башкачаааа кылып жазаанын эн кучтуусун берип гана ошондода аздык кылат чон курсактарга
01.05.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш катырып емне кыласынар озунордун арабанарды кылдырата бергиле алар барибир жардам беришпейт оздору жесе болду урдум ошо саясатчыларды.
02.05.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мотуев экоо окшошуп туруп алышыптыр го:)))))
02.05.2013. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тура айтасыңар быйлыктен емне келет акчабы? акчанын емне керегы , ден солуук болсо болду мытынттын елее еч качан байдасы келген жок, аз акчаны деп мытынтге чыккыча өз жумушун кылып адал тамак жебейбы? өз ара урушкандан, жамандашкандан емне келмек, чынында ойгонуу керек егерым ойгонбосо келечекы башкача болот ...


кытайдан
02.05.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
быйлың десе бордошторум жанбайсың,
быйлык үчүн өз елыңыды сатасың.
былбей туруп ата журттук мерымды,
былбейым быйлыкте емне жумуш кыларсың.
04.05.2013. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biz, kyrgyzdar miting, piketterden tajabagan el bolduk ko. andan koro paydaluu bir iw jasasak bolmok...
06.05.2013. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элге кайтарып бербесе,элдин кызыкчылыгын коргойм,эл үчүн
ushul sozdordu okugandan kiyin.Ozu el uchun kuygon biroo barby degen suroo kelip jatat. bardyr? biroo
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо