КАЙТАЛАНГЫС РЕТРО КЛИПТЕР

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Учурунда уйкудан безип уккан ырларга тартылган клиптер азыр кимдин эсинде болду экен? Эгерде жадыңыздан чыгарып койгон болсоңуз, өткөндү эстетип жылмайта турган ретро клиптерди эсиңизге салалы.

Кубаныч Сатаев:«ТҮШТҮК КЫЗЫ» – АТАМДЫН АКЫРКЫ КЛИБИ»

Режиссёру – Анарбек Мойноков
Тартылган жылы – 1993-жыл
Бекер тартылган

-Бул клип аябай шашылыш тартылган. Атам Талас шаарында гастролдоп жүргөн. Ошондо тааныштары жолугуп калып, эстеликке тартып коёлу дешип жергиликтүү студиялардын бирине алып барышкан. Өмүрүнүн аз калганын сезгенби, айтор, клипке өзгөчө бир каалоо менен тартылган эле. Ошондон бир жумадан кийин атам көз жумду.
Ал фонограмма эмне экенин билбеген жан болгондуктан, алдын ала жаздырып койгон үндөн артта калып калат. Атамдын акыркы эмгеги «Түштүк кызы, карындашым, садага...» күйөрмандары үчүн эң баалуу белек болуп кала бермекчи.

Айчүрөк Иманалиева:«АЙЫЛ КЕЧТЕРИ» – ОШОЛ КЕЗДЕГИ ЭҢ КЫМБАТ КЛИПТЕРДИН БИРИ»

Режиссёру – Александр Губин
Тартылган жылы – 1995-жыл
Кеткен каражат – 500 доллар

-Ал убакта клиптеримдин көпчүлүгүн Александр Губин тартчу. Идеясы да ага таандык. Ошол кездеги эң кымбат клиптеримдин бири. Башкы ролдорду уулум Арген менен Анжелика аткарышкан. Байтик айылынан тартылган. Айылдын тургундары бизди көрүп аябай сүйүнүшүп, майын-чайын алып келип, ал-абалыбызды сурап көңүлүбүздү жылытышкан эле. Ошол учурдун адамдары башкачабы же кандай экенин билбейм, клипти бир сутканын ичинде, ойноп-күлүп, өзүбүздү эс алууда жүргөндөй сезип тартып койгонбуз. Актёрлордун баары менин досторум болгондуктан, акы сурашкан эмес.

Алим Токторов:«АДИНА – БАКТИЯРДЫН ЖЕҢЕСИ»

Режиссёрлору – Рустам Аташов, Алим Токторов
Тартылган жылы – 1996-жыл
Бекер тартылган

-«Адина, Адина, жүрөлү, жаным, ак сүйүүгө багына» деген ырдын клибинин идеясын көпкө ойлондук. Аягында тик учакта тартууну чечип, борборубуздагы аскердик талаалардын бирине барып сурансак, дароо эле макул болушту. Алдын ала сүйлөшкөн кыздарыбыздын колу бошобой, Адинанын ролуна менин жубайым, Бактиярдын жеңесин тартып койгонбуз. Клип эки күндө даяр болгон. Биринчи күнү тик учакты учуруп бийиктиктен, экинчи күнү жөн эле ичинде отуруп ырдаган кадрлар тартылган.
Ал убак такыр башка мезгил экен, акча сураш эч кимдин оюнда жок болчу. Клип тартылып бүткөндө тик учак талаасында иштегендерге жарым саат концерт коюп бергенбиз.

Кубик Калыков:«ЖЕҢЕМ» 5 ЛИТР ЖАРМАГА ТАРТЫЛГАН»

Режиссёру – Гүлсина Чотонова
Тартылган жылы – 2001-жыл
Кеткен каражат – 5 литр жарма

-Анда биз Асел Турдалиеванын концертине кызуу даярданып жүргөнбүз. Анан жарнама тартыш керек болуп калды, арыдан бери жарым саатта «Жеңе» аттуу ырды жаздым. Концертке катышчу актёрлордун баары Кыргыз драма театрында иштешкендиктен, ал жакка бардык. Алдында боз үй тигилип туруптур, ээсинен уруксат алып, тартууга кириштик. Кадрды көбөйтүш үчүн ары жакта бакта отун кесип жаткан байкенин тракторуна чыга калып, жарма сатып жүргөн эженин идишин сурап, кыскасы, окшоштурганга аракет кылганбыз. Жыйынтыгында ушундай тамашалуу клип пайда болду. Тартылган актёрлор менен жанагы жарманы бөлүп ичип, үйгө тараганбыз.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Кайталангыс ретро клиптер

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(11)
SUPER.KG видео
27.04.2013. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак Сатаевдин талантына таазим кылам
SUPER.KG видео
27.04.2013. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа,кызыктуу экен.
SUPER.KG видео
27.04.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар дайым сыйлайм
SUPER.KG видео
29.04.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
магада жакты,чыныгы ырчыларго ушулар,азаматсынар!!!
29.04.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адина жагат баарибир мага
SUPER.KG видео
02.05.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"женеке"нин клибин жуктоп коюнуздарчы бар болсо! алдын ала рахмат.
05.05.2013. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алина жетигенованын кыздын сыры деген клипи жагатле да
05.05.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада Алинанын ошол ыры жакчуу
SUPER.KG видео
17.12.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель Турдалиеванын ретро жоокерлерди суйгуло деген ырын же клибин жуктоп койгулачы сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо