КАНДАЙ КИЛЕМ ТАНДАСАҢЫЗ ЖАҢЫЛБАЙСЫЗ?

№548 3-май-9-май, 2013-ж

Килем тандоодо анын түсүнө гана көңүл бурбастан, сапатына жана формасына көңүл буруу керек. Эгер килемдериңизди жаңыртуу алдында турсаңыз, төмөнкү кеңештер сизге жардамчы боло алат.

ТУУРА ТАНДОО
Килем:

  • Жылуулукту камсыз кылат.
  • Чаңды өзүнө сиңирип алат.
  • Бөлмөнүн жасалгасына көрк кошот.

Түсү боюнча:

  • Терезеси түштүк тарапты карап турган жарык бөлмөгө күңүрт түстөгү килем ылайыктуу. Күн аз тийген бөлмөлөргө ачык түстөгү килем туура келет.
  • Ачык түстөгү килемдер бөлмөнүн ичин кенен көрсөтсө, геометриялык оюусу же сызыгы көп, түсү күңүрт килемдер, тескерисинче, бөлмөнүн ичин тар көрсөтөт.
  • Бир түстүү килемдер эмерек көп орнотулган бөлмөгө жана диван менен керебеттин жанына ылайыктуу.
  • Уктоочу бөлмөгө ачык түстүү темгили бар килем жарашат.
  • Балдар бөлмөсүнө ачык, ар кандай түстөгүлөр жарайт.

Оюусу боюнча:

  • Диагоналынан кеткен ачык түстөгү сызык же оюусу бар килем бөлмөнү чоң көрсөтүүгө жардам берет.
  • Оюусу жок, бир түстүүлөр чоң бөлмөлөргө ылайыктуу.
  • Килемдин бетинде өтө быт-чыт, көп оюу түшүрүлгөн болсо, ал үйдүн кооздугун арттырууга жарабайт. Мындай килем көңүлүңүзгө жагып жатса, анда үйдөгү башка буюмдар менен түспөлдөш болууга тийиш.

Көлөмү боюнча:

  • Чоң килем үйдүн ички жасалгасын толугу менен жабат. Андыктан бөлмөнүн көркү ачылышы үчүн чоң килемдин түсү анын ичиндеги эмеректерге шайкеш келиши керек.
  • Орточо килем бөлмөнүн сиз каалаган бөлүгүнүн көркүн ачканга ылайыктуу. Дивандын, керебеттин же гезит-журнал окуучу столдун жанына туура келет.
  • Кичине көлөмдөгү килем көзгө дароо урунат. Андыктан булардын ачык түстөгүлөрүн тандаңыз.
  • 2 метрге чейинки килемдер эс алуучу бөлмөлөргө салынса, 2 метрден чоң килемдер чоң бөлмөлөргө ылайыктуу.

Түгү боюнча:

  • Киши көп баскан конок бөлмөгө жана балдар бөлмөсүнө түгү орточо килем туура. Тазалоого жеңил.
  • Уктоочу бөлмөгө түгү узун килем туура болот. Ал дабыштарды өзүнө сиңирип алууга жөндөмдүү.
  • Ашкана жана кире беришке сууну сиңирип алууга түгү кыска килем ылайыктуу.Ошондой эле кир көтөрүмдүүлүгүнө карап түсү күңүрт жана оюулары көбүрөөгүн тандаңыз.
  • Жуунуучу бөлмөгө алдыңкы бөлүгү пенорезина капталган синтетикалык жана пахтадан токулган килемдер ылайыктуу.

Сапаты боюнча:

  • Килемдер даярдалган материалы боюнча табигый (жүн, жибек, була жана башка) жана синтетикалык (синтетикалык жасалма була) болуп бөлүнөт.

Табигый жүндөн токулган килемдин артыкчылыктары:

  • Экологиялык жактан таза.
  • Жылуулукту жакшы сактайт.
  • Түгү серпилгич келет.
  • Бышык жана көпкө кызмат кылат.

Кемчиликтери:

  • Тез кирдейт жана оор болгондуктан, тазалоодо кыйынчылык жаратат. Жыт сиңсе кургамайынча кетпейт.
  • Баасы кымбат.
  • Ал эми синтетикалык материалдан токулган килемдердин баасы арзан, кир көтөрүмдүү, жана тазалоодо жеңил. Кемчилиги катары түгүнүн начардыгын, экологиялык жактан сапаты төмөндүгүн жана көпкө кызмат кылбастыгын айтсак болот.
  • Табигый материалдардан токулган килемдин түгү серпилгич жана жумшак болот. Мисалы, колуңуз менен басып, кайра тартып алсаңыз, эч кандай из калбайт жана калыбына келип калат.
  • Килемди сатып алууда анын чекелерине көз салыңыз. Баары жакшы тигилген болушу керек. Болбосо полго салынгандан кийин жиби чубалып калса, тез ыдырап, сөгүлүп кетет.
  • Ным чүпүрөк менен үстүн сүртүп көрүңүз. Эгер табигый болсо, боёк чыкпайт.
  • Сапаттуу килемдин жок дегенде 50 пайызы табигый жүндөн токулушу шарт. Ошондо ал көпкө кызмат кылат.
  • Килемдин түгүн сууруп көрүңүз. Эгер жеңил эле жулунуп жатса, анда аны сатып алуунун кереги жок.
  • Килемдин полду карай турган бети – канванын (канва – сайма түшүрүүгө ылайыкталган кездеме) желими күбүлүп түшпөшү керек. Негизи, канвасы желимделбегенин тандасаңыз таза болот.
  • Өтө узун түктүү килемди албай эле койгон оң. Анткени аны тазалоодо кыйынчылыкты жаратат.

КИЛЕМГЕ КАМ КӨРҮҮ

  • Күндүн нурунун түз тийүүсүнөн сактоо керек.
  • Нымдуулугу өтө жогору жайга койбоңуз жана нымдуу бөлмөгө салбаңыз.
  • Килемдин үстүнө буту кырдуу оор эмеректерди койбоңуз.
  • Килемдин түгү бирдей жешилүүсү үчүн киши көп баскан тарабын киши аз баскан тарабына алмаштырып туруңуз.
  • Жыйнап коюуга туура келсе, күбөгө каршы каражаттарды салууну унутпаңыз.
  • Килемди жумшак щётка же чаң соргуч менен тазалоо сунушталат (Эскертүү: чаң соргучту эң жогорку кубаттуулукта иштетүү килемдин түгүнө зыян келтирет).
  • Күбөдөн сактоо үчүн 2-3 айда бир кагып туруу сунушталат.

ТАЗАЛОО

  • Килемдин күйүп калган жериндеги түктү калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Бирок күйүктү тазалоого болот. Ал үчүн күйүп калган жерди темир нерсе менен кырып (тыйын жарайт), андан соң кум кагаз (наждачная бумага) менен этияттап сүртүп чыгуу керек.
  • Эгер сагыз чапталып калса, ошол жерге муз коюп, сагызды тоңдуруу керек. Тоңуп, жабышчаактык касиетинен ажыраган сагызды кырып, андан соң лимон кислотасынын аралашмасы менен тазаланат.
  • Чай, кофе төгүлүп кетсе дароо суу менен тазалап, анча-мынча калган такты лимон кислотасынын аралашмасы менен кетирүүгө болот.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


Килем тандоо боюнча кеңештер

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
06.05.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми базардагы сатуучу суу чупурок менен суртуп корушуно уруксат берет болду бекен?Алсан ал албасан тур ары,дейтго......
07.05.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш болду, рахмат. Килем тандоодо баш оорутмай коп болчу.
SUPER.KG видео
07.05.2013. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men ayabai klem jakwi korom
SUPER.KG видео
08.05.2013. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун килемдер экен. Мага жакты.
SUPER.KG видео
08.05.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chay,kofe togulgondo uydo liman bar bolso daroo limondu ekige bolup,jarim limondu oshol daktin ustuno kolunuz menen siksaniz suusu chigat,anan kichine kutturo turup nim boz menen bastiri bastirip archip salsa dagi taptaza bolup kalat
11.05.2013. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат мага аябай пайдалуу кенеш болду. только ушул магазиндин адресин дагы айтып койсонор жакшы болот эле. Анткени ишеништуу кишиден алсак жакшы. :)
13.05.2013. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин килемим ото чон эми аны кантип жууйм
SUPER.KG видео
14.05.2013. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altair777 - эскертүү!
Жарнама жана коммерциялык маалыматтарга "Комерциялык жарыялар" аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат берилет.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
14.05.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altair777,
Жарнама жана коммерциялык маалыматтарга "Комерциялык жарыялар" аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат берилет.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
22.05.2013. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен, анан дагы сапаттуу килемдер сатылган магазиндердин бирин мисал кылып отсонуздор болот беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо