-

Өкмөттүн токтомуна ылайык,
9-МАЙДАН 12-МАЙГА чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланды.
-
Улуттук статистика кызматынан билдиргендей, 2012-жылы Кыргызстандагы ишканаларда жана мекемелерде 7,6 МИҢ жаңы жумуш орундары түзүлгөн.
-
«МАНАС» ЭПОСУ венгер тилине которулуп жатканын Венгриянын Тышкы иштер министри Жолт Немет билдирди.
-
2013-жылдын алгачкы 2 айында өлкөдө 1515 ТҮГӨЙ ажырашкан. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирет.
-
Былтыр «Кыргыз темир жолу» ишканасы 549 МИҢ жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.
-
Жогорку Кеңештин депутаты ЭГЕМБЕРДИ ЭРМАТОВ КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.
-
«Учурда Бишкек шаарында 161 МИҢ автоунаа катталган»,- деди шаар мэри Иса Өмүркулов.
-
«Ата Мекен» фракциясы Социалдык өнүктүрүү министрлигине өкмөт башчы сунуштаган
КУДАЙБЕРГЕН БАЗАРБАЕВДИН талапкерлигин колдоду.

-
Качып кеткен президент К.Бакиевдин санаалашы саналган ПАЙЗУЛЛА РАХМАНОВ боюнча соттук отурум жылдырылды.
-
Каржы министрлиги маалымдагандай, 2013-жылдын февраль айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3,2 МИЛЛИАРД доллардан ашты.
-
Кыргыз бийлиги саясат таануучу
АЛЕКСАНДР КНЯЗЕВДИ Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салды.

-
Кыргызстанда бүгүнкү күндө Ата Мекендик согуштун 1744, тылдын 6677 ардагери бар.
Эльвира Караева
politika@super.kg