СҮЙҮҮГӨ ШАШЫЛ

№548 3-май-9-май, 2013-ж

Жанры – Мелодрама, драма
Режиссёру – Адам Шенкман
Продюсери – Денис Ди Нови, Хант Лоури
Сценарийин жазган – Карен Янссен
Башкы ролдордо – Шейн Уэст (Лэндон Картер), Мэнди Мур (Жейми Салливан)
Композитору – Мервин Уоррен
Тасманын узактыгы – 1 саат 41 мүнөт
Бюджети – 12 миллион доллар
Өлкөсү – АКШ
Чыккан жылы – 2002

ФИЛЬМДЕГИ ТААСИРДҮҮ ЦИТАТАЛАР

  • – Эгер Кудай бар болсо, сага жаңы кофта берип койбойт беле? – Анткени ал сага акыл издөө менен алек.
  • Өзүңдүн ким экениңди бил, өзүңө чыккынчылык кылба.
  • Кудайды көрбөйсүң, бирок сезесиң. Сүйүнүч, кубаныч, таң калуу, мунун баарында Кудай бар.
  • Сүйүү ар дайым чыдамкай. Ал кызганбайт, таарынбайт жана таарынтпайт.
  • Кыял – бир убакта эки башка жерде болуу.

БАРДЫК ТАСМАЛАР ХЭППИ-ЭНД МЕНЕН БҮТӨ БЕРБЕЙТ
Ушул күнгө чейин бир да окумуштуунун «сүйүү» деген түшүнүккө аныктама бере албай келатканын билебиз. Ал эми тасмаларда тартылган, китептерде баяндалган жомоктогудай сүйүүнү айрымдар көбүртүп-жабыртылган десе, кээ бирөөлөр андай кооз сүрөттөлгөн сүйүүдөн да сонунун башынан өткөргөнүн айтышат. Биз сөз кылчу тасманын да катардагы, жөнөкөй деп эсептелген сюжеттик багыты бар. Бирок анын өзгөчөлүгү – аягы хэппи-энд менен бүтпөгөндүгүндө. Ушул элеби деп таң калып калдыңызбы? Жок, тасмада чыныгы сүйүүгө ишенүүгө ынандыра турган көп турмуштук жагдайлар бар. Анда кеттик, тасма дүйнөсүнө чогуу саякатка чыгалы.

СҮЙҮҮ ООРУНУ ЖЕҢЕ АЛГАН ЖОК
Лэндон Картер – шок, көйрөң жигит. Жогорку класста окуган кыздардын кумири. Бир жолу достору менен теңтушу Клэйди тамашага сала коём деп мектеп жетекчилигинен катуу эскертүү алат. Жаза катары көчө тазалоого, начар окуган окуучуларга жардам берүүгө жана мектептеги театр ийримине катышууга мажбур болот. Албетте, Картер үчүн жогорудагы талаптарды аткаруу аны кемсинтүүгө барабар эле. Бирок бул милдеттенмелерди аткарбаса, окуудан айдалат.
Картер жаза жумуштарын аткарып жүрүп чиркөөдөгү хордо ырдаган бир сырдуу, түнт кыз Жейми Салливан менен таанышып калат. Жеймини буга чейин көрүп жүрсө да, көңүл бурчу эмес. Экөө тааныш болгондон кийин да досторунун көзүнчө аны менен учурашкандан уялчу. Бирок «жаза мөөнөтүн» бүтүрүш үчүн Жеймиге «спектаклде менин өнөктөшүм болуп бер» деген сунушун айтат. Жейми ага «мени сүйүп калбайм десең, макулмун» дейт. Картер анын мындай талабына мыйыгынан гана күлүп, макул болот. Ошентип, Жейми экөө спектаклге чогуу даярдана башташат. Даярдануу учурунда Картер Жейминин жаш баланыкындай таза жан дүйнөсүнө арбалып, ага болгон ою, көз карашы такыр башка нукка бурулат. Экөөнүн ортосунда ашыктык оту жанып, Картер «сени сүйүп калбайм» деп сөз бергенин да унутта калтырат. Буга Жейминин ак кан илдетинин оор түрү менен ооруганы да тоскоол боло албайт. Баарына көз жумган Картер сүйүктүүсүнүн колун сурап, Жейминин ата-энеси үйлөнгөн чиркөөдөн баш кошушат. Тилекке каршы, аз убакыт өтпөй Жейми көз жумат.

КИТЕПТЕН ДА ТАСМА КЫЗЫКТУУБУ?
Көпчүлүк учурларда көрөрмандар тасмаларга «китепте жазылган варианты мындан мыкты болчу. Экрандаштырылганы ал деңгээлге жетпептир» деген пикирлерди айтып келишсе, бул жолу аталган тасма тууралуу «китебинен да кызык болуптур» дешкен. Фильм жазуучу Николас Спаркстын романынын негизинде тартылган. Кино сынчылар «режиссёр Адам Шенкман актёрлорду туура тандаган, ал эми актёрлор режиссёрдун идеясын туура ишке ашырышкан» деген баасын беришкен. Аталган тасма кинотеатрларда коюлуп жаткан учурда айрым көрүүчүлөр фильм бүткүчө ыйлап отурушканын айтышат баш каармандар Шейн Уест (Лэндон Картер) менен Мэнди Мур (Жейми Салливан). Аларга «Фильмдин ийгилигинин сыры эмнеде?» деп суроо салышканда «экөөбүз тең каарманыбыздын образдарын таасирдүү аткара алганыбызда» деп жооп узатышкан. Эске салсак, тасма тартылып жатканда актриса Мэнди Мур 17 жашта болчу.

ФИЛЬМ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Баш каарман Жейминин аты жазуучу Николас Спаркстын редактору Жейми Раабдын ысымынан коюлган.
  • Лэндон – жазуучу Николас Спаркстын үчүнчү уулунун аты.
  • Жейминин жашоодо прототиби бар. Ал – жазуучунун эң кичүү карындашы Даниэль Спаркс Льюис.
  • Башкы каарман Жейми Салливандын ролуна актриса Жессика Симпсон да кинопробадан өткөн.
  • Фильмдин көпчүлүк бөлүгү Түндүк Каролинада тартылган. Тартуу иштери 39 күндүн ичинде бүткөн. Бул учурда (2001-жылы) Мэнди Мур өспүрүм куракта болгонуна карабай күнүнө 10 саат тартуу талаасында иштеген.
  • Китепте 1958-жылдагы, ал эми тасмада 1990-жылдагы окуялар сүрөттөлгөн.
  • Фильмдин режиссёру Адам Шенкман да өз тасмасында роль жаратууга жетишкен. Ал – бейтапканада Жейминин арабасын сүйрөп бара жаткан санитар.
  • Лэндондун ролундагы актёр Шейн Уестке фильмдеги машина жагып калып, тартуу иштери бүткөндө ал машинаны 5 миң долларга сатып алган.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(35)
06.05.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оой ий мен бул кинону кооорудон тажабайм!!Спешите любить да реально!
06.05.2013. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул аябай соонун кино!!!!!!! коргондо ыйлайсын!!!!!!
06.05.2013. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп жашымды тыя албай 1 саатча эч кимди карабай,болмодон чыкпай отуруп ыйлагам.Аябай соооонун кино....
07.05.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira1989, о су көп сонун кинобу? :)
07.05.2013. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janarbek, :-)))) ооба,созсуз корсон.
06.05.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Korush kerek eken..
06.05.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинонун аты кандай жазып койгулачы
06.05.2013. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спешите любить болобу дискке чыкканбы?
06.05.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jyldyz.25, Ооба болуш керек дисктерде,бул кинонун чыкканына коп эле болду.
06.05.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруш керек экен
06.05.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусча аталышын айтып койгулачы?
06.05.2013. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спеши любить
06.05.2013. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabai jakwy fil'm,taasirduu. Koruudon tajabaim. Suiuudo jigitter uwundai turuktuu boluwsa gana...
06.05.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koruw kerek eken
06.05.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
negizi tasirduu kinolordu korgondo duwan tazarat
07.05.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен учун эн мыкты кино бул "жди меня" ыйлабаганды ыйлатат. Атайын сценарий жазылбайт, актерлер тандалбайт, режиссер да жок баары чыныгы жашоодон.
07.05.2013. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун кино,мааниси да мыкты.Дисктерге чыккан,аты "Спешите по любить".
07.05.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корбой эле койгула!!!
07.05.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кызыктуу окшойт, эми коргонго шашылам го чиркин.)))
07.05.2013. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
даааааа реально хороший фильм!)
08.05.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
это же старый фильм но ооочень классный фильм
08.05.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакты азыр кордум,суйууго туруктуу бала экен
08.05.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ииий окубай кайда журом,эн сонун кино,коруудон такыр тажабайм,кинодогу ырларды жана кинону 3 жылдан бери телефонумда сактап журом
09.05.2013. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koruw kerek eken
09.05.2013. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы кино кайра кайра корсом да тажабайм бирок кыздын кете бергени окунчтуу даа
10.05.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче драма кино таасирдуу болот. Бирок мен коргум келбейт. Мен бактылуу финалды жактырам.
10.05.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кмно жакшы, мага Менди Мурдун онли хоп ту ырдаганы жагат!!!
10.05.2013. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы кино,айрыкча саундтрек мыкты жазылган коргуло арманда каласынар
10.05.2013. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кино, мен да коргом
11.05.2013. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакында кордум,кино абдан жакты.Кыз глуп калса да,балага жаклы таасир эткен.
12.05.2013. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм кинону коруш керек экен.
13.05.2013. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер Инфо, менин суйуктуу тур. сериалым Запретная любовь жонундо, жана анда ойногон актёрлор жонундо маалыматтарды жазгылачы, сураныч.
13.05.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
B.GULNARA,
Саламатсызбы! Тийиштүү бөлүмгө кабарлап койдук)))
14.05.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдамсыздык менен кутом, чоон рахмат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо