ФАТМАГҮЛДҮН КҮНӨӨСҮ БАРБЫ?

№549 10-май-16-май, 2013-ж

Ак дайыма караны жеңип чыгарына ишенесизби? Эгерде күмөнүңүз болсо, аталган тасманы сунуштайм. Чиеленген интригалар, жек көрүүдөн башталган ысык махабат, зордукка кабылган кыздын аргасыздыгы бул сериалдын өзөгүн түзөт. Айтор, турмуштун кооздолбогон чындыгын ушул тасмадан тапсаңыз болот.

КЫЗ ЗОРДУКТОО ТҮРКИЯДА КАТУУ ЖАЗАЛАНАТ
Эгей деңизинин жээгинде карапайым турмушу менен жашаган Фатмагүл жана Мустафа бирин-бири бала кезинен бери жактырышат. Каргашалуу бир түн болбогондо үйлөнүп, жай турмушун улантышмак. Фатмагүлдүн жалгыз агасынан башка эч кимиси жок. Аны да момундугунан жеңеси Муккадес чүлүктөп жетелеп алган.
Ошол эле шаарда Керим аттуу темир уста жашайт. Измир шаарына байлыгы ашынган Яшарандардын келиши аталган каармандардын жай турмушуна чекит коёт. Керим бала кезинен берки достору, олигархтын уулдары болгон Селим, Эрдоган, Вурал менен жолугушат. Селимдин макулдашуу никеси болуп, ичип-чегип алган жигиттер урунарга тоо таппай турганда таң азандан сүйүктүүсү Мустафаны балык уулоого узатканы чуркап бараткан Фатмагүлдү төрт жигит көрүп калат. Кыздын далбастап качканына койбой көпкөн уулдар күч колдонуп аны зордуктап салышат. Керим баарын көрүп турганы менен, кызга жардам бере албайт.
Алардын акмактыгы ачыкка чыгып калганда бай атанын уулдары Керимди Фатмагүлгө үйлөнүүгө мажбурлашат. Мыйзам боюнча, зордукталган кызга бирөө үйлөнсө, кылмыш иши жабылмак. Ушул түндөн кийин кыздын тагдыры башка нукка бурулат. Зордукталгандан кийин жигити Мустафа андан баш тартып, Керимге турмушка чыкпаса, жергиликтүү калкка шерменде болуп каларын айтып какшайт жеңеси.
Аргасыздыктан үйлөнүшкөн экөөнүн турмушу жек көрүүдөн башталат. Өзүн зордуктагандардын бири деп эсептеген Керимди Фатмагүл жек көрөт. Канаты сынган куштай жаралуу кызды Керим башта аяп жүрсө, кийин сүйүп калат. Ишеними сынган Фатмагүлдүн жүрөгүн ээлөө оңой болбойт. Акыры экөө биригип, зор империя болгон Яшарандарга, чыныгы зордукчу жигиттерге согуш ачышат. Акчалуулар менен адилеттик эрөөлгө чыгып, акыры адилеттик жеңет. Зордукчулардын бири Вурал дүйнөдөн кайтса, Селим 18 жылга, Эрдоган 21 жылга түрмөгө кетет.

ТАЛАШКА ТҮШКӨН СЦЕНАРИЙ
Сериалдын сценарийинин автору Ведат Түркали алгач бул чыгарманы китеп кылып жазган. Китептин баштапкы аталышы «Үмүтсүз таңдар» деп аталган. Бул китептин негизинде биринчи тасма 1976-жылы «Каргыш алган бул дүйнө» деп аталып, «Эрман фильм» компаниясы тарабынан тартылган. Сценарийин Эрдоган Тунаш жазып берген. Бирок китептин автору Ведат Түркали буга уруксат бербегенин айтып сотко кайрылган. Сот иши 1983-жылы аяктап, сценарийди уруксаты жок алып тартышкандары үчүн аталган компания 90 миң лирага айыпка жыгылып, төлөп беришкен.
1986-жылы «Фатмагүлдүн күнөөсү барбы?» деген аталышта тасма тартылып, анын сценарийин Ведат Түркали өзү жазган. Бирок жогорку эки тасмадан да 2010-жылы тартылган 80 сериядан турган биз кеп кылып жаткан сериал алдыга озуп, рейтинг боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон.

ЖИНГЕ ТИЙГЕН МУККАДЕС ЖАНА ҮЧ ЗОРДУКЧУ ТУУРАЛУУ
Тасмада башынан аягына чейин бир аялга кыжырыңыз келиши мүмкүн. Ал ажаан жеңе – Муккадес ханым. Ролду ушунчалык берилүү менен аткарган бул актрисанын аты – Эсма Дерманжиоглу. Ал 40 жашында актриса болууну чечиптир. 40 жашка чыкканда туулган күнүн өткөрүп жатканда коноктордун бири кесибин өзгөртүү тууралуу сунуш киргизет. Жөн салды айтылган сөз чындыкка айланып, 45 жаштагы Эсма актрисалык жолду тандап алат да, ушундай мыкты ролдорду жарата алат. Муккадестин ролу тууралуу Эсма: «Муккадес өтө сексуалдуу жана тайманбаган аял, болгону ойлогонун ортого салат. Акчаны ким сүйбөйт, бирок ошону элдер жашырышып, ак болгулары келе беришет. Мен аны терс каарман деп ойлобойм»,- дейт. Ролун минтип жактаган актриса учурда күйөөсү менен ажырашып, бир кызын тарбиялап жүргөн кези.
Ал эми кызды зордуктап кеткен үч жигиттин ролун аткарган Каан Ташанер (Эрдоган Яшаран), Энгин Озтүрк (Селим), Бугра Гүлсой (Вурал) – мыкты актёрлор. Чыныгы турмушта да үчөө жакшы достордон. Өз интервьюларында алар минтип айтышкан: «Биз үчөөбүз сыра ичкени киргенибизде айрым кыздар коркуп кетишет. Биз аткарган ролубуздан кийин кыздардын жүзүнөн зордукчу деп коркушарын байкадык. Бирок ишендиребиз, жашоодо андай жигиттерден эмеспиз».
Ал эми Селимдин колуктусу Мельтемдин ролун аткарган Седа Гувен 27 жашта. Ал «Кош деп айта албайм» аттуу тасмада роль жаратып таанымал болгон. Кызыгы, аталган тасмадагы актёрлордун ичинен бир гана Седа Гувен эч кандай актёрлук мектепте окуган да, сабак алган да эмес. Модель болуп жүрүп актрисалыкка аттап кеткен.

КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР

  • Башкы каармандардын ролундагы актриса Берен Саат менен Энгин Акюрек сүйүү кемесинде аз убакытка бирге сүзгөнү айтылат.
  • Керимдин ролуна «Эзель» тасмасында башкы ролду жараткан Исмаил Филиз тандалган. Бирок тартуучу топ тасма таасирдүү болуш үчүн таанымал эмес актёр Энгин Акюректи тандашкан.
  • Тасмада Селимдин апасы Перихандын ролун ойногон актриса Дениз Түркали – тасманын сценарийин жазган Ведат Түркалинин кызы. Атасы каза болгондон кийин тасма үчүн кызынан уруксат сурашкан.
  • Сериалдын көп бөлүгү Стамбулда, кээ бир учурлары гана Измир шаарында тартылган.
  • Тасма 2 жыл 3 ай мөөнөттө тартылып бүткөн.

БЕРЕН СААТ (ФАТМАГҮЛ)
«Түркиянын бриллианты» аталган Берен Саат 1984-жылы Анкара шаарында туулган. Өзүн модель, ырчы, актриса катары сынап келет. Берен Сааттын бирден-бир атаандашы деп актриса Туба Бүйүкүстүндү аташат. Экөө актёрдук жактан да, моделдик жактан да тең тайлашып тим болбостон, махабат фронтунда да салгылашкан. Берен Тубанын сүйүктүүсү актёр Бюллент Иналды тартып кеткен. Аркасынан чуулгандуу чууларды ээрчиткен Берен көптөрдүн көзүн күйгүзсө да, азырынча бойдок. Ал тартылган «Мезгилсиз махабат», «Кек» сериалдары көп өлкөлөрдө популярдуу.

 

ЭНГИН АКЮРЕК (КЕРИМ)
Актёр «Фатмагүлдүн күнөөсү барбы?» тасмасынан кийин гана таанылган. 1981-жылы туулган Энгин кесиби боюнча тарыхчы. Тасмадан соң Берен Саат менен дуэт ырдап, анысы радиолордо хит болуп, муну менен дагы бир өнөрү ачылган. Бойдокчулуктун доорун сүрүп жүргөн кези.

 


 

ФЫРАТ ЧЕЛИК (МУСТАФА)
Фырат Челикти киноактёр катары эмес, драмалык актёр катары көбүрөөк таанышат. 1981-жылы Германияда төрөлүп, балалыгы Парижде өткөн. Ал актёрдук мектепке кире электе бармен, куруучу, модель болуп иштеген. Учурда Түркияда жана Францияда ийгиликтүү киноактёр.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
13.05.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак дайыма караны жеңип чыгарына ишенесизби? Чындыгына жашоо бизге ак караны таануусу менен сабак берет экен да...Кино чындыгында жакшы тартылган.
Сериялды куну туну коруп арандан зорго буттумго)))
13.05.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы жашоодон алынган,мукадести ушундай жек коромда.
13.05.2013. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Берен Саат түркиянын "бриллианты" эмес эле ачык кинолорго тартчу кыз... Эң жаман көргөн актрисам ушул болду окшойт... %))
13.05.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага жагат ушул кино чынында Мукадести чиркин жактырбайм
13.05.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакшы кино.мага мукадестен да рахми жакпайт эркек эркектей болсо былжырабай.ушундай эркектер да бар да жашоодо.
13.05.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх продолжениясы болбойт экенби?
13.05.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат Берен Саат соонун тартылган дагы кобуроок малымат берсениздер болот эле Берен Саат жононундо. Чыныгы актириса.
13.05.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул сериалдын акыркы болумдорун корбой калгам!
13.05.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дискин сатып алаарда зорго алган элем кымбат экен деп коруп буткучо коздон жашым токтобогон Фатмагульдун ордуна озумду коюп....экоо ырдаган дуетти болсо 5ай дегенде зорго таптым............сонун кино да
13.05.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Beren Saattin akirki suygon jigiti kunik:)irchi Kenan Doulu...suluuluk jaginan bap bolboso da ekoonu baktiluu dep aytishat...
13.05.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берен Саат бул кино тартылып буткондон кийин,Тиркиянын эли бул кызга терс коз менен караган. Бирок Берен озунун карерасында башка кинолорго тартылып бул сыноодон жинип чыкан.Бул сериалда Энгин Акюрак серал тартылып буткондон кийин Беренге уйлону туралуу сунуш киргизгени туралуу соз тараган. Кийинчерек Туркиянын бир теле каналына Энгин мындай сунуш айтпаганын айтып чыкан.
13.05.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
запретная любовь деген кинодо да сонун ойногон
16.05.2013. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mister., bir0k ters r0l'du oin0it da
14.05.2013. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вооще сооонун кино!!!!
14.05.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Месть" деген тасмасында таптакыр башкача, Фатмагулдо таптакыр башкача образды ойнойт. Укмуш актриса...
14.05.2013. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул кино менен ооругам. Мукадес ролун мыкты, жеткиликтуу ойногон. Ошон учун жек корунуп жатат да силерге. Эми ага ошондой роль туш келсе куноолуу эмес да.
14.05.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы бир жерлерин баягы Москвада кордолгон Сапаргулго окшоштурдум. Коруп буткучо чындык женерине ишеним артып журуп акыры женди. Тарбиялык мааниси кучтуу кино болгон!
14.05.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо сураныч орусча котормосун жазып койгулачы!!! Коргум келип жатат
14.05.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
magic1721,
Тасманын аты "В чем вина Фатмагюль" )))
14.05.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо ырдаган дуетти кайдан тапсам болот?
14.05.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asiyo,
Ушул ырды сурап жатсаңыз керек)))
http://www.super.kg/media/useraudio/89913/
14.05.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эн жакшы коргон сериалым ушул болду! Озгочо Керимди суйом гоо...!
14.05.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актриса ар туркун болот ролуна карап. Берен Саат, В чем вина Фатмагюл (Fatmagul un Sucu ne)де жакшы ойногон, Запретная любовь (Ask i Memnu)да такыр башка адам, ал эми Месть (Intikam) да орто.
14.05.2013. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
fatmaguldun kunoosu barbi mes! fatmaguldun kunooso emnedi? dep kotoruluw kerek le go
15.05.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас жазыпсынар зээригииип отурдум эле коруш керек экен...
16.05.2013. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menda bul kin0nu 1 jyl murun k0rg0m.. Fatmagul' aktalyp chygat akyrynda bala m,n kalat a berki akmaktar baribir kamalat. Mukades jenesi uwundai bir jindi da.. Anan "zaprednaya lybov'" degen kin0sunda Bihtul bolup jaman kyzdyn r0lun oin0it.
17.05.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
angelo4ka_96, Bihter desen :)
19.05.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bebek, oa Bihter adashyp aityp aldym
18.05.2013. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy kino eken
18.05.2013. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кинону баштап алып бутургончо ушу кино менен оорудум ото кызыктуу кино куну туну кордум иштен да аштан да калган кундор болду))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо