ЖАШ БОЙДОН КАЛУУНУН 10 ЖОБОСУ

№549 10-май-16-май, 2013-ж

Эл аралык дарыгерлер тобу, психологдор жана диетологдор биргелешип, түбөлүк жаш болуунун 10 жобосун иштеп чыгышты. Бул он жобону колдонуп, эске тутуу менен бирге биз өмүрүбүздүн узак болушуна жакшы өбөлгө түзө алабыз. Карап көрсөк, жаштыкты сактоо өз колубузда, эркибизде экен. Андыктан аракеттениңиз.

1-ЖОБО
Жеген тамагыңызды көзөмөлдөңүз! Тамактанганда орто деңгээлде тамактаныңыз. Көп жеп алып аны сиңире албай же аз тамактанып, чала тоют болуп калбаңыз. Анан да ашыкча калориялуу азыктардан оолак болуңуз. Мындай ыкма менен сиз клеткаларыңызды ашыкча жүктөн арылтып, алардын активдүүлүгүн сактайсыз. Мунун натыйжасында жаңы клеткалар жаралат да, организмдин оору менен күрөшкөнүнө жакшы шарт түзүлүп, ар кандай илдеттерден алыс болот.

2-ЖОБО
Тамактануу рационуңуз өзүңүздүн жаш курагыңызга туура келгени жакшы. Мисалы, 30 жаштагы айымдар боор менен жаңгакты көп колдонушса, бетке түшө турган алгачкы бырыштар бир аз кечирээк пайда болот. 40 жаштан өткөн соң сөөктү өз формасында кармоо үчүн кальцийди жана жүрөктүн жакшы иштөөсүнө шарт түзгөн магнийге бай азыктарды, жаңгак, бадам сыяктуу азыктарды колдонгон пайдалуу. 50 жаштан өткөн соң балык жесеңиз, сиз жүрөгүңүздү жана кан тамырларыңызды коргой аласыз.

3-ЖОБО
Окумуштуулардын айтуусу боюнча, өзүнө жаккан, өзү каалаган жумуш адамды өз курагынан жаш көргөзөт. Андыктан кесип тандоого өзгөчө көңүл буруу талап. Мисалы, дирижёр, музыкант, хореограф, сүрөтчү сыяктуу кесиптер түбөлүк жаш болууну сактаганга өбөлгө боло алышат.

4-ЖОБО
Карылыкка жол бербеген эң негизги нерсе бул – сүйүү менен назиктик. Андыктан жумасына эки жолу интимдик мамиледе болуп турууну сунушташат окумуштуулар. Анткени жыныстык катнаш учурунда организмден эндорфин гормону бөлүнүп чыгып, ал иммунитет системинин жакшырышына шарт түзөт.

5-ЖОБО
Жеке көз карашка ээ болуңуз. Мындай адамдар депрессияга аз кабылышат жана алардын маанайы чөккөн учурлары аз болот.

6-ЖОБО
Ар убак кыймылда болуңуз! Бир күндө жети мүнөт спорт менен машыгуу өмүрүңүздү узартууга жардам берет. Кыймыл учурунда бойдун өсүшүнүн гормондору бөлүнүп чыгат.

7-ЖОБО
Организмдеги зат алмашуу айлана-чөйрөдөгү температурадан да көз каранды. Андыктан салкын бөлмөдө уктап эс алыңыз. Эгерде кимде-ким 17-18 градус температурада уктаса, көп убакытка чейин жаш бойдон калары далилденген.

8-ЖОБО
Өзүңүздү эркелеткенди, рахат тартуулоону унутпаңыз. Эгерде сизге жаңы баштык же жаңы көйнөк жагып калса, аны сатып алуудан баш тартпай, аракет жасаңыз.

9-ЖОБО
Бугуңузду ичиңизге катпай, аны жакындарыңыз менен тең бөлүшкөнүңүз туура. Ичке катылган санаа ар кандай ооруларга себеп экенин биле жүрүңүз. Эл аралык тестирлөөнүн жыйынтыгына таянсак, рак оорусуна чалдыккандардын 64 пайызы букту ичке катып жүргөндөр болуп чыккан.

10-ЖОБО
Мээни иштетүү менен биз жүрөктүн иштешин активдештирип, кан айлануу жана зат алмашууну жакшырта алабыз. Андыктан мээңизди машыктырып, баш катырмаларды табыңыз, кроссворд, сканворд толтуруңуз. Эсептегенде да калькуляторду эмес, мээни колдонуңуз!

МЫНДАН ТЫШКАРЫ...

  • Көп нерсени билүүгө умтулсаңыз эч нерседен тажабайсыз.
  • Тынч жайда уктап, толук кандуу эс алыңыз.
  • Өзүңүздүн жаш курагыңызга карабастан, физикалык жактан активдүү болуңуз.
  • Өзүңүздүн алсыздыгыңыз жана ооруларыңыз тууралуу азыраак ойлоп, азыраак айтыңыз.
  • Эл менен жакшы мамиледе болуңуз, айрыкча жаштар менен көбүрөөк баарлашыңыз.
  • Карылыкка моюн сунбай, туруштук бериңиз жана дайыма күлүп жүргөнгө аракет жасаңыз.
  • Жашоодогу болуп жаткан нерселерге оптимисттик көз карашта карап, андан оңой чыгып кете алам деген ишеничте болуңуз.
  • Жаш курагыңыз канчада болбосун, баштан өткөн окуяларыңызды азыраак эстеңиз. Андан көрө келечектеги пландарыңыз тууралуу ой жүгүртүңүз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(29)
13.05.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер кенеш
13.05.2013. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш курагыңыз канчада болбосун, баштан өткөн окуяларыңызды азыраак эстеңиз. Андан көрө келечектеги пландарыңыз тууралуу ой жүгүртүңүз. Туура кенеш, бирок адам баласы болгондон кийин башындан откоргон кундорду эстей берет экенсинда.
13.05.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza_eliza, ошону эстебеген аракет кыл деп жатат да. Ал учун адам озун озу тарбиялашы керек. Менин Суйун деген тааныш кызым дайыма озун ошентип тарбиялайт. Ал жаш, сексуалдуу корунот
13.05.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соонун кенеш. Чоон рахмааат.
13.05.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындан чыкты дайыма жакшы маанайда жүрүш керек го. Сонун кеңеш болуптур.
13.05.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага 4 кенеш жакты
14.05.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nurbek88, жумасына 2 эле жолу аз болуп калбайбы жаштар учун..
13.05.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат кенешиниздерге.
13.05.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы пайдалуу, кенештер экен Адамдын жашоосуна таасии берген, Чын эле озумдон кемчиликтерди таптым.
1) дайыма кайгыра берчу болдум,
2)жузумдо жылмаю жок
3) Откон кеткен кайгылуу нерселерди.эстеп, болбогон нерсеге деле ыйлайм
4) Уктоо жана тамактануу.режимда менде туура эмес
Жана дагы ушундай сыяктуулар менде коооп экен........ Эми озумду тарбиялайм !!!
13.05.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кенештер экен.Чоон рахмат.
13.05.2013. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Огоо мен,баарын эле колдонот экем,бул кенештерден.Бир гана коп ойлоно бербегенимди айтпасам.
13.05.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жумасына 2 эмес бироо да жок болсо кантет анда, жакшы кенеш экен рахмат
13.05.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кундо жыныстык катнашта болсочу зыян эмес бекен сонун кенештер экен
13.05.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
олбодубу интимдик катнаш срочна куйоого тийиш керек экен даа хаа хаа жаш бойдон калгын келсе а мен ойлопмун кыз бойдон журсон жаш кроуносун деп вуахаахаа
13.05.2013. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Menin da jylmaiyuuum az. jakwy kenew.
14.05.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chon rahmat jakshy kenewter aitylyptyr
14.05.2013. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер сонун кенеш,карыгым келбейт.
14.05.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат чооооооон
14.05.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы кенеш экен!!!
14.05.2013. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kenewinergo jakty,birok munun baaryn atkarsak gana,araket kylyw kerek
14.05.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн жакшы кенештер рахмат. прошлое не вернуть.!!!
14.05.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфонун жалпы жамаатына чоон ыраазычылык билдирем.чынында жакшы кенеш болду.
15.05.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кенештер,чоон рамат.Озубузду тарбиялап жаш бойдон калууга аракет жасайбыз.
15.05.2013. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир кенеш муздагыраак сууга жуунушка аракет кылыныз, бетинизди созсуз муздак суу менен жуунуз.
16.05.2013. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы кенеш экен,эми мен да колдон келишинче жашарганга аракет кылайын
18.05.2013. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 8-жобону коп аткарат экенмин ))
19.05.2013. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун кенештер экен
26.06.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа, жакшы кенештер экен! Кымбат баалуу косметикаларданда сонун экен!
10.08.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен такыр эле кулбойм, аракет кылсам да окшошпойт. Эрте каарыйт окшойм.(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо