АЙТМАТОВАНЫ 3 МИЛЛИОН СОМГО ДООГО ЖЫГЫШАБЫ?

№549 10-май-16-май, 2013-ж

«Ротафарм» компаниясы ЖКнын депутаты Ширин Айтматованы «ишмердик аброюбузга доо кетирди» деп сотко бергени тууралуу маалымат таратты. «Репретин» препаратын саткан бул компания аброюна келтирилген чыгымды 3 миллион сомго баалап, эл өкүлүн ушунча сомго жыкканы турат.
Ширин Айтматова жылдын башында ЖКнын трибунасынан «Репретин» препаратынын сапатсыздыгын айтып даттанып келген жарандардын арманын угузган. Бул медикамент бөйрөк оорусу менен ак кан илдетине чалдыккандарды дарылоодо пайдаланылат. Өтө оор илдеттерди дарылоодо пайдаланылгандыктан, ага суроо-талап жогору, демек, кирешелүү дагы.
«Ротафарм» Кыргызстанда британиялык компания катары катталган. Дары каражаты да, албетте, «Улуу Британияда жасалды» деген маалымат менен сатылат. Бирок ал каражаттардын Британияда жасалганы күмөн туудурат. Анткени белгилүү «Гардиан» гезити журналисттик изилдөө жүргүзүп, «Ротафармдын» Улуу Британияда чакан кеңсеси бар экенин жана анда эч кандай дары-дармек жасоочу лаборатория жок экенин, ичинде бир катчы отурарын жазып чыккан.
Тыйындын эки бети болгондой эле, депутат Ширин Айтматова «Репретин» препаратынан зыян тарткан бейтаптарды чын дилинен коргоп жатабы же анын артында катылган жеке кызыкчылыгы барбы деген да күмөндүү суроо бар. Анткени «Ротафарм» компаниясы « «Репретинди» рыноктон сүрүп чыгууга аракет кылып жаткан «Рекормон» препаратын сатуучу компания ээлери менен Ширин Айтматованын туугандык катыштыгы бар» деген маалымат таратууда. Минтип дары-дармек жасоочу «дөө-шаа» компаниялар менен аларды коргогон депутаттардын талаш-тартышы күчөп жаткан маалда ошол дарыдан өмүрү көз каранды болгон бейтаптар бөөдө кор болгону калды.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
13.05.2013. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми ушул эле калды беле,кайсы фирмага,кайсы адамга акча керек болсо эле кичинекей созду кармап алып эле мага шек келтирди деп акча ондуруп алса болот экен да э,кызык.
13.05.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин оюм; улуу жазуучу Ч. Айтматов эл жерине куйгон инсан болгон. Анын кызы да мумкун кыргыз элин чет элдик компанияларга алданып калбоосун каалаган чыгар. А чынында эле ал жакшы компаниябы жокпу ал башка маселе. Аны терен изилдоо зарыл. Журналистик иликтоо алсыз
13.05.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdumalik, Айтматова башка чет элдик ыарма ком паниясынын кызыкчылыгын 1 жылдан бери коздоп келе жатат, бул кыргызга куйбогон, эси жок кыз
17.05.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LEP888, эси жок кыз экенине далилиниз барбы, же сиз жапа чеккендерденсизби? Клевета бул наказуемо Всывышним.
14.05.2013. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шашылыш бир компания ачып уйкусурааап,зээригип отурган депутаттарды кармасам окшойт... :-)))
14.05.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira1989, :))))
18.05.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira1989,
туура айтасын депутаттардан акча ондуруу убакыт дагы келе баштады элдин баарын тоноп бутушту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо