БАТУКАЕВДИН МУРАСКЕРИ КИМ?

№549 10-май-16-май, 2013-ж

Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанды башкарган бийлик көпчүлүк учурда алсыздыгын көрсөтүп, кримдүйнөнүн өкүлдөрү менен коюн-колтук алышып, алардын кызматынан пайдаланып жүрүп бул дүйнөнүн таасирин, аброюн коомчулукта өстүрүп алды. Андыктан учурда Кыргызстанда ЖКнын депутаттары, өкмөт кандай талкууланса, кримдүйнөнүн башчылары деле ошондой талкууга алынып, көңүл чордонунда.
Соңку окуяларга баам салсак: Камчы Көлбаев Дубайдан Кыргызстанга кайтып келип, учурда ал адамга каршы козголгон кылмыш иши боюнча сот иши жүрүүдө. Азиз Батукаев жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөп-өтөбөй, соттун «боорукердиги» менен Кыргызстандан чыгып кетти. Сырттан караганда, эки «мыйзамдагы ууру» таасир талаштарын тынч жол менен бүтүрүп алгандай туюлган. Көрсө, бул убактылуу гана көрүнүш экен.
Бул аптада Кыргызстан 2 же 3 «мыйзамдагы ууруга» байый тургандыгы тууралуу маалымат тарады. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев да тастыктап, бирок кимдер таажы киерин ачык айткан жок. Анын сөзүнөн эле аталган кызмат кримдүйнөдөгү мындай окуяга олуттуу даярдык көрүп жатканы көрүнүп турат. Албетте, кимдер «мыйзамдагы ууру» аталарын иликтей башташты. Бири Карышкыр деген каймана аттуу Ысык-Көлдүн Бостерисинен чыккан адам дешсе, экинчисин оштук Эртабылды Жунусов деп жатышат. Рысалиевдин айтымында, алар такыр башка адамдар. Балким, Азиз Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткенине байланыштуу ордуна кимдир бирөөнү дайындамакчы болуп жаткандыр. Эгерде жогорудагы маалымат чынга айланса, анда эле Кыргызстанда кайрадан кандуу териштирүүлөр башталат.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(16)
13.05.2013. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул чычым жөнүндө жазбай эле койгулачы.
13.05.2013. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оштук деп баш тамга менен жазылса керек!
13.05.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ula672112, туура эле жазылган, кыргызстандык, орусиялык, таластык, оштук - ушундай эле жазылат.
13.05.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым элге зыяны тийбесе эле болду, бийликтин кучун дагы бир жолу сынап корот экенбиз анда, дагы башкалар жок бекен 2-3о аз болуп калатко..
13.05.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыйзамдагы уурулардын элге жамандыгы жок болсо эле мен колдойм,чондорду тизгиндеп турушат го...
13.05.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул нерсе болуш керек и боло берет. Чек жактарда отурган кыргыздарга жакшы деп койсо болот ал эми созду биздин чондорго бурсак арасынан мууздай тургандары коп.
13.05.2013. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми эмне болсо да кыргызы босунда
13.05.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
болсунда босунда эмес
13.05.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөт качанкы болду экен, ооруганы чын го
13.05.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
элдердин ойу ушундай томондоп кеткенби???? болсун эле дейсинер. мумкун оз башынарды бироого откозуп берип, ошол адамга сыйынасынар?
13.05.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгону да жакшы пайдасы да зыяны да бар.бизде эле эмес Орусияда да бар буларда кантролдоп турат.
13.05.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик алмашкан сайын крим дуйно да алмашат. Акаевдин доорунда Батукаев, Бакиевдин доорунда Колбаев.. Атамбаев да озунун кийинки тынч жашоосун камсыздоо учун " крышовать" эткен бироону шайламайын кетпейт... Булардын былгытып сасытып койгон саясатынан кийин тынч, бейпил жашоо кыйын болуп калмак деп айткан СНБ'нын балдарынын созун угуп калган жайым бар.
14.05.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я за камчы колбаевга..............качы колбаев аябай жагат да чыныгы эркек
14.05.2013. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурду кантет?)))
15.05.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батукаевдин диагнозу 100% туура экен Казактар далилдеп берди, озунун турунон эле билинет купкуу болуп, омуру кыска бул адаидын.
16.05.2013. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крим дуйноносуз жашай алышпайбы бул эл башкарган,улуу-урматтуу АЖООЛОРБУЗ.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо