Осмонбек Артыкбаев:«КУМТӨРДҮН» ТАШТАНДЫСЫН КАЙДА ТАШТООНУ БИЛБЕЙ ЖАТАБЫЗ»

№549 10-май-16-май, 2013-ж

«Кумтөрдө» борпоң тектин жылышын иликтеген өкмөттүк комиссиянын төрагасы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук агенттигинин жетекчиси Осмонбек Артыкбаев «Кумтөр» компаниясы жылына 18,7 тонна алтын өндүрөрүн билдирди. Анын айтымында, «Кумтөрдөн» жылына 50 миллион метр куб өлчөмүндө таштанды калдыктары чыгат. Учурда ал калдыктардын 30 миллион метр кубун Сары-Төр өрөөнүнө жайгаштыруу каралган. «Калган 20 миллион метр куб өлчөмүндөгү калдыкты кайда алып барууну билбей жатабыз»-, дейт Осмонбек Артыкбаев.
Уран калдыктары көмүлгөн жай борпоң тек жылып жаткан жерден жүздөгөн чакырым алыстыкта. Тектин жылышынан «Кумтөр» кенин казган компания кампаларын, электр подстанцияларын көчүргөнү жатат. Буга 60 миллион доллар коротулат.
Мындан сырткары комиссия «Кумтөрдөгү» төгүндүлөрдүн жылышы менен Чоң-Сары-Төр суусунун өрөөнүндөгү бош кыртыштардын жылышын да изилдеген. «Учурда «Кумтөрдөн» чыккан төгүндүлөр мөңгүлөр менен аралашууда. 2013-жылдын март айынан бери Давыдов мөңгүсүнүн аймагындагы төгүндүлөр ылдамдап жыла баштаган. Тактап айтканда, күнүнө 3,5 метрден жылууда. Мындан улам апрель айынын аягында «Кумтөр» кенине тиешелүү техникалык тейлөө боюнча устакана талкаланган»,- деди Артыкбаев.
Ошондой эле бул аймакта сел жана жер көчкүлөрүнүн жүрүшү күтүлүүдө.
Ал Алмазбек Атамбаев 3-майда «Кумтөргө» атайын өкмөттүк комиссия жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алганын жана «Centerra Gold» компаниясынын жооптуу кызматкерлеринин буга байланыштуу аракеттерине баа берилиши керектигин эскерткенин да билдирди.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
13.05.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумтордун таштандыларын атайын курулган ташдандыны жогтуу жерге ташташ керек да. эмне кумтордо андай жокуп, же толуп калып Центера экинчисин салбай жатабы? же артын тазалабай жатабы? андай болсо Центера келтирген чыгымдар учун созсуз турдо жоопко тартылып, конпенсация толоп монгулорду калыбына келтируучу атайын бир иштерди уюштуруусу зарыл. Бийлик, окмот Центераны артын тазалоосуна мажбур кылышы керек! болбосо, эл аралык экологияны коргоо комитетине кайрылып, Центерага басым корсотсо болот.
13.05.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балык башынан сасыйт,ойдо жактагыларга глубоко наплевать на экологию, алар оз долясын алды и теперь молчат в тряпку.Кыргызстан бизге эле керек, канадалыктар бир чоон монгуну туготту, экологияны талкалады жана жазы алтындын 68 процентин алып кетип жатышат.Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!
13.05.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевда опазицияда жургондо кумтор деп жагы тынбайт эле эми озуна келмеда келбей калды канча сумма алыптыр канададан эч бир аракетке барбай калды колу буту байланган немеге окшоп
13.05.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinin alsanar kiyinsinar emi musuruna jer tappai jatasinarbi
14.05.2013. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтин монгулорубуз четинен жараксыз болуп ал гана эмес жерибиз да химикатка ууланып жатат. Азыр суунун баркын билбей сатып жатышат, ушул нук менен кетишсе кайра сууну сатып ичип калбасак болду! Ал Канадалыктарга баары бир, Канадага пайдасынан башка зыяны жок. Азыркы уруксат берген ноёндорго да баары бир, алар да бул дуйнодон кетишет . Эн жаманы келечек урпактарга тийгизген кедергисинде болуп жатат! ! !
14.05.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба канча жылдан бери Кумтордун чуусу узулбойт.Озубуздун пайдабызга иштесе да куйбойсун. пайдасын алар коруп, зыянын биз тартабыз .
16.05.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ,Кудай элим учун деген Манас келсе экен!!!!
17.05.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылымдарды картыкан мөңгүлөр алтын үчүн деп жан талашкандардан бузулуп, зыян тартмакчы болду. Экочөйрөбүзгө эбегейсиз залакасы тийип жатса, өкмөт дагы, Жогорку Кеңеш дагы тийиштүү чараларды көрө албады. Элдик демөөрчүлүк, кыймыл, бекем фронт керек. Кумтөр алтын кенин улутташтыруу зарыл!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо