ҮЙГӨ КАНДАЙ КАФЕЛЬ ЫЛАЙЫКТУУ?

№549 10-май-16-май, 2013-ж

Кафель тандоодо кээ бирлер арзанына качырып, кээ бирөөлөр бышык деп кымбатын алат. Арзаны бат эле жарактан чыкса, жакшысын алууда ашыкча акча коройт. Андыктан кафель тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл жана кандай кафель үйгө ылайыктуу экендигин билип алуу оң.

ТАНДООДОН ЖАҢЫЛБАҢЫЗ!
Кафель сапатына жараша 3 топко бөлүнөт.
1-топ – адам көп баспаган, сырткы эшиктен түз кирип келбеген үй ичиндеги бөлмөлөргө ылайыкталган. Аларга уктоочу жана жуунуучу бөлмөлөр кирет. Бул кафелдер морт келет, андыктан алардын үстүнөн таманы жумшак бут кийимдер менен басуу сунушталат.
2-топ – биринчиге салыштырмалуу бышыгыраак жана ашкана, кире бериш сыяктуу бөлмөлөргө ылайыкташкан. Тыгыздыгы жогору жана үстүнкү бети кум, майда таштардан чийилбейт.
3-топ – бекемдиги жагынан эң алдыңкы орунда. Андыктан бул топтогу кафелдер киши үзүлбөгөн коомдук жайлардын полуна (кафе, ресторан, дүкөн) төшөлөт.

  • Ашканага жана жуунуучу жай үчүн күңүрт түстөгү, үстүнкү бети анча-мынча быдыр кафель тандаган оң. Себеби бул бөлмөлөр көбүрөөк булганат. Быдырлар сыйгаланып кетүүдөн сактайт. Бирок быдырлары өтө терең кафелди алуудан качыңыз, тазалоодо кири чыкпай кыйынчылык жаратат.
  • Кафелдин сыйгалактыгын текшерүү үчүн анын үстүнө бир-эки тамчы суу тийгизип, манжа менен сууну сүртүп көрүү керек. Эгер анча сыйгаланбаса, анда алууга болот.
  • Ашкананын газ плитасы коюлган бөлүгүнө отко чыдамдуу жана температуранын өзгөрүүсүнө туруктуу кафель керек. Андай кафелдин майда тешиктери болот.
  • Жуунуучу бөлмөгө, бассейнге жана ашкананын дубалына химиялык жегич каражаттарга туруктуу, сууну өзүнө сиңирбеген, майда тешиктүүсү жана бети эмаль жалатылганы туура. Химиялык мүнөздөмөсү боюнча эң мыкты деген кафель АА латын тамгасы менен белгиленет. Ал эми сапаты төмөнүрөөктөр АВ, АС жана АD болуп саналат. Эскерте кетүүчү жагдай, ашканаңыз тар болсо, өтө жалтыраган түстөгү кафель бөлмөнүн ичин ого бетер тар көрсөтүп коёт.

Сапаттуу жана көңүлүңүздөгүдөй кафелдерди Бишкектеги «Табылга» соода борборунан таба аласыздар.

КАФЕЛДИН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • Экологиялык жактан ден соолукка зыяны жок
  • Тазалоого жеңил
  • Өрткө туруктуу
  • Бышык жана узакка кызмат кылат

КУТУНУН СЫРТЫНДАГЫ БЕЛГИЛЕР
Кафель салынган кутунун сыртында тамандын белгиси болсо, ал полго ылайыкталган кафель. Колдун белгиси болсо, анда ал дубалга ылайыкталган.
Кардын белгиси көрсөтүлсө, ал суукка чыдамдуу жана коомдук жайларга төшөлүүчү кафель.
Оттун белгиси – кафель канча жолу бышырылгандыгын билдирет жана ал сандар менен (1 же 2 деп) жазылат. Эки ирет бышырылган кафель отко өтө туруктуу, аны менен меш, газ плитасынын тегерегин жасалгалоого болот. Жакшы бышырылган кафелди текшерүү үчүн чертсе тунук, ачык үн чыгат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
13.05.2013. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен дагы жазгылачы жакшы кенештерден
14.05.2013. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwi kenew eken
18.05.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат сиздерге ,биз ремонт баштаганы турганбыз билип алдык эми тандап алабыз
19.05.2013. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо, курулуштун башка сырлары менен да тааныштыра кетсенер мисалы натяжной потолок,ламинат ж б у с
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо