ШАЙЛОО ДАЯРДЫГЫНА БИР ЖЫЛ БЕРИЛДИ

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгында 14-майда Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул ирет келерки шайлоо, ага карата даярдык, чечиле элек маселелер тууралуу сөз козголду. Мамлекет башчы: «Акаевдин балдарынын депутаттыкка ат салышканы массалык нааразычылыкты пайда кылган. Ал көрүнүш 2009-жылдагы Бакиевдин шайлоосунда кайталанып, анын бийликтен кетер күнү ошол окуядан кийин белгилүү болуп калган. Парламентке болгон шайлоону максималдуу таза жана ачык өткөрүп алуу зарыл. Ага каражатты да, убакытты да аябашыбыз керек»,- деди.
Жыйында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү келерки парламенттик шайлоого бир жыл калганга чейин, тактап айтканда, 2014-жылы аякташы керек экендиги белгиленип, добуш берүү системин жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.
Шайлоо маселелери дайыма талаш-тартышты жаратып келет. Жогорку Кеңеште депутаттар тобу электрондук шайлоону киргизүү боюнча иш алып барууда. Ал үчүн калкты биометрикалык паспорт менен камсыз кылуу жана ар бир жарандын уникалдуу каттоо номерин түзүп чыгуу сунушталууда.

 

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
21.05.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шайлоо даярдыгына бир жыл берилсе жакшы болуптур. Эми кыргыз эли соткага, акчага, аракка оз келечегин сатпай, келечек муунун жаман жашоого туртпой ойлонуп татыктуусун тандап, татыктуусун бийликке алып келип татыктуу жашоого аттанат деп ишенип туралы.
21.05.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
электрондук шайлоо киргизгени жакшы бирок 1жылда жетишишпейт го, откон шайлоолордой отсо мен ишенбейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо