«ХАНЗААДАНЫН» КЫЛМЫШ ИШИ ТОКТОТУЛДУ

№550 17-май-23-май, 2013-ж

АКШ Максим Бакиевге карата козголгон кылмыш ишин токтотту. Аталган өлкөнүн прокуратурасы аны экстрадициялоо боюнча Лондонго жиберилген сурагын да кайра чакыртып алганын билдирди. АКШ тараткан расмий маалыматтарга ылайык, Максим Бакиев баалуу кагаздарга байланыштуу көз боёмочулук, алдамчылык боюнча оор кылмыш ишине шектелип жаткан.
Лондон полициясы тарабынан 2012-жылдын октябрь айында кыргызстандык «ханзаада» кармалып, ири суммадагы акча кепилдиги менен үй камагына чыгарылган болчу. «Алар кыргызстандык соттордой эмес, АКШда Максимге Кыргызстандан алып кеткен миллиондору жардам бере албайт, эми даана абакка түшөт» деген пикирлер айтылып жаткан.
АКШнын күтүүсүз кадамын кыргыз бийлиги, коомчулугу кабатырлануу менен кабыл алды. Анткени «Манас» аба майданында жайгашкан Транзиттик жүк ташуучу борбор боюнча келишим мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. АКШ бул борборун Кыргызстандан чыгарбай, келишимдин мөөнөтүн узартууну көздөп турганы айтпаса да түшүнүктүү. Демек, Максим Бакиевди Транзиттик борборду Кыргызстандан чыгарбай сактап калууга пайдаланууну көздөгөн. Ал аракеттен майнап чыкпады. Максим Бакиев Лондондо кармалгандан бери жарым жылдай убакыт өтсө да, кыргыз бийлиги борбордун келишим мөөнөтүн узартуу боюнча ооз ачпады.
«АКШ Бакиевге карата кылмыш ишин токтотуп, аны Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу максатында пайдаланууну көздөп турат». Серепчилердин көпчүлүгү учурда ушундай жоромол кылышууда.
Курманбек Бакиевдин тушунда Кремлдин кредити менен «мына-мына база чыгат экен» деп турушканда дал ушул Максим Бакиев АКШ менен тымызын тил табышып, базанын аталышын өзгөртүү махинациясы аркылуу Путинди алдап кетишкенин «Викиликстен» өйдө жазып чыгышкан болчу.
АКШ менен Орусиянын ортосунда постсоветтик өлкөлөрдөгү таасир талаш чакчелекейинде бир базаны бир адамдын кунуна баалоо таң каларлык деле эмес. Эгер АКШ үчүн Транзиттик жүк ташуучу борбордун Кыргызстанда калышы ушунчалык эле маанилүү болуп кетсе, анан да кыргыз бийлиги калсын деген чечимге келсе, бир эле Максим Бакиев эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунда жашынып жүргөн Бакиевдердин баарын Бишкекке бир учак менен алып келип беришин күтсө деле болот.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
20.05.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
американын базасы чыкпайт алар бизге синип кирип алды кантип чыгараар экен бийликтегилер коробуз
20.05.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Максим эми террорист болот окшойт,сакал мурут кое баштаптыр.2- бен ладен болбосо эое болгону.
20.05.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АША соз берген эле 2014 чыгарам деп,эми эмне болсо да чыгарыш керек.Максим кармалса да,кармалбаса да базаны чыгарыш керек.Аллах Таала озу сактасын кыргыз элимди,бааардык биздин олкого жамандык каалагандардын ою таш каап калсын ылайым,оомиин...
20.05.2013. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул башынан эле АКШнын саясий оюну экени белгилуу болгон, ошол себептен эч тангалган жокмун. Максимдин бизге эмне кереги бар, ал кунун Березовскийге окшоп откорот
20.05.2013. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dollardan koburook berse chondorgo baza dagi 3-4 jilga kalatta
21.05.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал кунда аз калды, АША мырзанын откурлугун ошондо коробузда,американын базасына алы жетээр бекен......
21.05.2013. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде АКШ киришкен болсо, биздикилер чачтарын жулса да Максимге эч ким тие албайт.
21.05.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ар ким оз жазасын алат Кудайдан. Максим кыргыздан качып кутула алса да Кудайдан акыреттен качып кутула албайт. Мен мен деген Адамдар дуйнодон откон. Березовскийдей болуп жалгыздыкта кыйналычта отот болуш керек Жаныш дагы Курманбек дагы Максим дагы. Себеби аларды кыргыз элинин коз жашы ар бир жылы 7-апрелде айтылган каргыштар жон койбойт го. Кан кое бербейт дейт кыргызда кан кое бербейт...
22.05.2013. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
narunduk, абайлан абайлан каргышыныз сиз айткандай башка жака тийип кетпесин да, анан кайрадан президент щайлап журбойлу озу зоргодон илен салан жургонубуздо )))
23.05.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Бакиевтердин алдында баары алсызбы ыя, Америка баш болуп? Кыргыз элин 5-жыл ичинде тоногон акчасына жан сактап журот ар кайсыл жерде.Ал эми базанын мооноту буткондон кийин,жоголушсун кыргыз жеринен, алардын пайдасынан да проблемасы коп.
25.05.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кебетеси кантет жан алгычтай болуп. Ушул желмогузду олтургон соопко калса керек. Шылдындагансып, жылмайып турушун кара..
25.05.2013. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын ону Эле суук жаналгычтай болуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо