КУЛОВГО МАЙРАМ АКАЕВА САБАК БОЛГОН ЭМЕСПИ?

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Эгемендүү Кыргызстандын биринчи президенти, таланттуу окумуштуу Аскар Акаев бийлигинин алгачкы жылдарында өлкө үчүн чын эле алгылыктуу иштерди жасаган. Бирок... Өлкөнү башкаруу иштерине аялы, кызы, уулу, күйөө баласы аралашып, кызы спикер, уулу депутат, күйөө баласы «серый кардинал» болгусу келди. Үй-бүлөлүк мындай аракет Акаевдер үчүн да, бүткүл кыргыз өлкөсү үчүн да кейиштүү болду. Анын ордуна ажолук кызматка келген Курманбек Бакиев да уулу менен инилеринин бийликке жутунганынан улам өз өлкөсүнөн куулду.
Жакынкы эле жылдарда болуп өткөн бул окуялар Кыргызстандагы саясатчы аттуунун баарына сабак болушу керек эле. Бирок «Ар-намыстын» лидерине жете элек көрүнөт. Феликс Куловго жана жаш аялына байланыштуу дагы бир окуя коомчулуктун көңүлүн бурду. «Темир генералдын» аялы Фатима Абдрасулова Жаштар иштери боюнча партиялык кеңештин төрайымы болгусу келип жатыптыр. «Сунушту мен эмес, партиялаштар киргизди. Түрмөдө отурганымда жубайым партиянын каржы жагын колдоп турчу»,- деп Кулов аялынын амбициясын актай баштады.
Буга чейин Куловдун аялы Фатима Абдрасулованы «Ар-намыстын» Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер тизмесинде алдыңкы орундардын бирине койгондугу катуу талкууга алынган. Ансыз деле Мамлекеттик каттоо кызматына, Азиз Батукаевге байланыштуу күмөндүү имиш-имиштер ээрчип жүргөндө Феликс Куловдун бийликке аялын таптап баштаганын эл кандай кабылдаар экен? Өзүнүн кадрлары чуулгандуу иштерден улам кызматтан алынып калса эле «коалициядан чыгам» деп коркута баштачу саясатчыга мындай талкуулар аброй алып келбейт.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
20.05.2013. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwul kulovdu elder bir jili jakwi kor4u le azir 4inigi juzu bilindi go sen u4un orttonup oozun tikken jawtar ai kulov alardi azi estebeit da boluw kerek
20.05.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул темселеп дагы эле жүрөбү кыргыз тилин билбей эле?
20.05.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча тилди билбеген адам бийликке татыктуу эмес го,колунан шакылдап иш келип,жубайын оз ишине аралаштырган "эркектердин" эне тилин билбегени кандай жорук???Кыргыз энеден торолгонбу бул киши же кандай?...Негизи эле аялын мамлекеттик иштерге аралаштырышпаса урматтуу чондор,тойлорго ээрчит,майрамдарга ээрчит,анан ишине да аралаштырып салбай...
20.05.2013. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким чындап эле кыйындыр. Бийлик бутагы тууганчылык менен куралып, адистикке маани берилбей калышы зыяндуу. А бирок тууган чындап мыкты адис болсо тууганчылыгы жолтоо болуп калганы деле жакшы эместир.
21.05.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жубайы озундой киргиз эмеспи,деги!!!
21.05.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бу кишинин жанагы Кыргыз Республикасын Орусиянын составына кошсок деген ондуу ойлору болгондугун окуган сон,кок тыйынчалык баасы жок мансапкор сыяктуу элестетип калдым.
22.05.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трайбализмдин тамырын кырка албайсын баары бир Кыргызстанда. Алакандай олконун пайдубалын кайсы гана бир кыраан чыгып ондоор экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо