-

Биринчи Май райондук соту Бишкек шаардык кеңешиндеги былтыркы шайлоодо «Республика» фракциясынын депутаты
ҮМҮТХАН ТЫНАЛИЕВАНЫ шайлоочуларга акча тараткандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 150 миң сом айып салды.
-
«Мыйзам бузгандыгы үчүн 2012-жылы 6 ТОКОЙ чарба директору иштен бошотулган»,- деди Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча агенттиктин башчысы Сабир Атажанов.
-
11-майда Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Ат-Чабар айылында уулуу заттар көмүлгөн аймакта оттогон 133 КОЙ ууланып өлдү.
-
Бишкектин Ленин райондук соту 2012-жылы жергиликтүү кеңештин шайлоосунда «карусель» ыкмасын колдонгону үчүн айыпталып жаткан «Республика» партиясынын жаштар канатынын лидери НАРГИЗА АЖИБАЕВАГА карата козголгон кылмыш ишин токтотту.
-
Кыргызстанда бир мээрман айымга 20 ООРУЛУУ туш келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
-
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ысык-Көл менен Соң-Көлгө 6 МИЛЛИОН 122 миң майда балык коё берилди.
-
Быйыл ОРОЗО АЙЫ 9-июлдан 8-августка чейин деп белгиленди. Орозо айт майрамы 8-августта, Курман айт майрамы 15-октябрда, ал эми Кадыр түн 4-августтан 5-августка караган түнү болот. Айдын жаңырышына карата аталган даталар бир күнгө жылышы мүмкүн.
-
ТИМ Ооганстанда ТЕРРОРЧУЛАР ТУТКУНДАП алган кыргыз жараны бошотула электигин маалымдады.
-
Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын адистерден турган топ түзүлүп, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында АЗИЗ БАТУКАЕВДИН ак кан илдети менен ооруганы анык деген чечим чыгарды.
-
Кыргыз парламенти Орусиянын депутаты ВЛАДИМИР ЖИРИНОВСКИЙГЕ Кыргызстанга кирүүгө тыюу салды.