Айжан Акылбекова:«АПАМ ЭКӨӨБҮЗ ЭНЕ БАЛАДАЙ ЖАКЫНБЫЗ, БИРОК ӨТӨ СЫЙБЫЗ»

№551 24-май-30-май, 2013-ж

Бала жыгылып кетсе да, кимдир бирөө менен урушса да, оюнчук талашса да дароо «апалап» ыйлайт. Апасы да баласынын үнүн угар замат желден мурда жетип барат. Арийне, ааламдагы бири-бирине жакын адамдар – эне-бала туурасындагы маегибиз Айжан Акылбекова менен болду.

«ТАЕНЕМ МЕНИ АПАМА БЕРГИСИ КЕЛЧҮ ЭМЕС»
– Мен апамдын жалгыз кызымын. 1 жашка чыкканымча апам өзү багып, анан таенеме бериптир. Анткени университетте окуп, ошол эле учурда милиция кызматында иштечү экен.
Ошентип, өмүрүмдүн башаты Жумгалдын Арал айылында башталды. Таенем «мен сенин апаңмын, Айгүл болсо эжең» деп айта берчү. Бирок кичинекей болсом да ички сезимим менен эжем эмес, апам экенин туйчумун. Апам шаардан жылына ашып кетсе эки жолу келчү. Келген сайын мени өзгөчө эркелетип, үстүмө үйрүлүп калар эле. Ошол күндөр мен үчүн чоң майрам болчу. Кеткенде ичимдин бир бурчу эңшерилип, ыйлагым келип туталанар элем. Таенем «мен сенин апаңмын» дегени менен, үйгө бирөө-жарым келсе, мен жөнүндө кеп баштачу. Маанилүү экенин сезсем керек, тыңшачумун. «Апасына барсабы деп жатам. Кыз баланын энесинин колунда өскөнү жакшы эмеспи» дегенин бир эмес, бир нече жолу тыңдагам. Бирок багып калгангабы, кайра эле бергиси келбей, кызынан кызганчу мени.
Алгачкы жолу мектепке барганымды такыр унутпайм. Терезеден сыртты карап отурсам, чачына ак бантик тагынган, сумка, гүл көтөргөн окуучулар жолдон өтүшчү. Аларды көрүп «мен да мектепке барам» деп таенемди ээрчитип беш жарым жашымда эле окууга барып алгам. Колумда көтөргөн эч нерсем жок, кийимим үйдөгү эле кадимки көйнөк. Мугалимдер да «окуса окуй берсин» деп коюшкан. Таенем өзү педагог болгондуктан, менин окуйм деген каалоомду четке какпастан, колдоо көрсөткөн.

«ТАЕНЕМ 13 ЖАШЫНДА ТУРМУШКА ЧЫГЫПТЫР»
– Эртең менен отундун тарсылдап күйгөнүнөн, чайнектин шуулдаганынан ойгончумун. Турганымда таенем тамагымды даярдап күтүп жаткан болор эле. Таң эрте мектепке узатып, түшкүсүн эшиктин алдында күтүп отурчу. Келе жатканымды алыстан көрүп, ордунан туруп мени утурлай басканы дале көз алдымда. Ысытылган тамакты өзү да жечү эмес, бизге да берчү эмес. Таенемдин жаңы жасалган тамагын эч нерсеге карабай жегенимди унутпайм.
Башка балдар сыяктуу көчөгө чыгып жашынмак, топ ойноп же муз тепкен күндөрүм болгон жок. Китеп окучумун, куурчакка кийим тикчүмүн, телевизордон көргөн кызыктарды туурачумун. Шифоньердеги бүктөлүп турган кийимдердин бир учу чыгып калса, баарын чачып, кайрадан бүктөтчү. Таенемдин тазалыкка үйрөткөнү мени менен өмүр бою калды. Бөлмөдөгү буюмдар да мезгилге жараша алмаштырылып турчу. Терезеге тагылган парда, жерге салынган төшөктөр, палас, кыскасы, баары.
3-классымда таенемдин куран окуганын угуп отуруп аны жаттадым. Ал «мен өлгөндө дайыма куран түшүрүп жүр» деп көп айтчу. Жатарга келгенде, «коммунизм» деп коёбуз го, узун бир төшөк салып, мен, таенем, таежем үчөөбүз чогуу жатчубуз. Таенем жарыкты өчүргөн соң сонун жомокторду айтып берер эле. «Эр Төштүк» эпосун жатка билчү. Өткөн күндөрүн дагы кооз жомокко айландырып айтар эле. 13 жашында турмушка чыгыптыр. Таятабыз ал кезде канчада экенин билбейм, таенемди бала көрүп, көңдүн арасына кант катып коюп берчү экен. Мына ошол таттуу күндөр таятамдын согуштан кайтпай калышы менен аяктаптыр. Кайната-кайненеси «бала да, мейли ойносун» деп бош койчу экен.
12 жашымда өз апама, шаарга келдим. Таенемди таштап кетүү мен үчүн тирүүнүн тозогу болду. Ичим эңшерилип, биротоло таштап кетип жаткансып аябай жаман болдум. Үч-төрт жылдан кийин эле инсульт болуп жыгылып, тилден калды. Анан үч ай төшөктө жатып о дүйнөгө кете берди. Апам экөөбүз коюлгандан кийин угуп калдык. Бизге кабар берчү адам убагында айтпай коюптур. Таенемден мага түбөлүктүү белек болуп анын фамилиясы калды. Акылбекова – таенемдин фамилиясы.

«АПАМДЫН ТААРЫНЫЧЫН КАНТИП ЖАЗАМ ДЕП КӨПКӨ ОЙЛОНДУМ»
– Борборго апама келгенде абдан кыйналдым. Өзүмдү апамдын жанында кандай алып жүрөрүмдү билбейм. Муздаткычтан тамак алып жеш керек болсо да сурайм. Апам мени эч нерсе жасатпай, үй жыйнатпай, кир жуудурбай эркелеткенге аракет кылып жатты. Алыскы туугандарыбыз биз менен чогуу турушчу, ишти ошолор жасачу. Кийин күйөөгө тийгенде оокат жасаганды билбей, аябай кор болдум. Кийим алганы дүкөн да кыдырчу эмесмин, жумуштан келе жатканда бир сумка модалуу кийимдерди алып келер эле. Экөөбүз бири-бирибиздин мүнөзүбүздү, сырыбызды жакындан билбей, ортодо алыстык болуп жатты.
Апамдын мүнөзү эркектердикиндей катуу, анан да бир мүнөз. Апам 7-класска чейин Жумгалда орус мектепте окуган. Анан борборго келип да орус мектепке кириптир. Студент кезинде эле милиция тармагына кирип, азыркыга чейин ошол тармакта иштеп келе жатат. Кызы катары мага «мындай кыл» деп эч качан эч нерсе айтпайт. «Ушундай кыла аласыңбы?» деп сурайт. Апам экөөбүз эне-баладай эле жакынбыз, бирок өтө сыйбыз.
Жакында эле таарыныша кеттик. Бирөөгө айткан сөзүмдү өзүнө алып алыптыр. Бир шаарда туруп 2-3 күн сүйлөшкөн жокпуз. «Кандай кылсам апамдын таарынычын жазам, туура эмес кылып ого бетер жинине тийип алсамчы?» деп көпкө ойлондум. Анан айдоочудан гүл берип жибердим. Апама аябай жагыптыр, «сенден башка жакын адамым жок» деп СМС жазып жибериптир. Окуп алып ого бетер жаман болдум. Таенем болсо кучактап туруп бетинен чоп эттирип өөп, «кечирип коюңузчу» демекмин да ой-боюна койбой.

«АПАМ ЭКӨӨБҮЗ БИРИ-БИРИБИЗГЕ ФАМИЛИЯЛАРЫБЫЗ МЕНЕН КАЙРЫЛАБЫЗ»
– Мухтар (ред. Өмүракунов)экөөбүз баш кошкондо апам бизди кетиргиси келбей, бир ай чогуу жашадык. Кимдир бирөө «бөлүш керек, андай болбойт» деп айткан окшойт. «Силерди кармабашым керек экен» деп акыры макул болгон. Азыр үйгө келерде «Үйдө болосуңбу, мен азыр барайынбы?» деп сурап келет.
Апам экөөбүздүн ортобузда ушуга чейин эки чоң карама-каршылык болду десем болот. Биринчиси, мен мектепти аяктаганда «сен орган кызматкери болушуң керек, ИИМдин академиясына тапшырасың» деп кыйнап, мени жумушка Аламүдүн РИИБине киргизип койгон. Түрмөдөн чыккандарга, чет өлкөлүк жарандарга паспорт даярдап бир жыл иштедим да, «Искусство институтуна тапшырам же такыр окубайм» дедим. Айла жок документтеримди өзү алып барды. Кийин театрга барып, мен катышкан спектаклдерди калтырбай көрүп жүрдү. «Жакшы болуптур» деп сахнадан гүл берет да, үйгө келгиче сын айта берет, айта берет. Экинчи жолу хиджаб кием дегенимде каршы чыкты. «Ойлонуп көрчү, балким, кийбей эле коёсуң» дей берди. Макул болгон жокмун. Кызым чарчап калганда коюлган жерге баралы деп туугандар чогулушту. Ошондо биринчи жолу хиджаб кийип тепкич менен ылдый түшүп келе жатсам, апам ыйлап алып мени карап туруптур.
Азыр чет жакка көп чыгам. Балдарымды таенесине калтырып коём. Неберелерин аябай жакшы карайт. «Көчүп келиңиз, чогуу жашайлы. Эл карабай койду дейт. Мага сөз тиет» десем, «кайын журтуң келет, мен өзүмдү жаман сезем» деп такыр болбой жатат. Апам үйгө келгенде балдарымды эч урушпайм. Урушмак түгүл «бар бөлмөңө» деп айткандан тартынам. Антип айтсам, апам мени жактырбай жатабы деп ойлойбу деп чочулайм. Экөөбүз бири-бирибизге фамилияларыбыздан айтып кайрылабыз. Ал мени Акылбекова десе, мен аны Мурсалиева деп чакырам.
Апам эркек мүнөз дебедимби. Машина айдап, ат мингенди, курал колдонууну апамдын аркасы менен үйрөндүм. Ал эми үйдү таза кармоону, балдарымдын атасын сыйлап, жакасына кир жугузбоону, дайыма жаңы бышкан тамак берүүнү таенем үйрөтүп кетти.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Айжан Акылбекова: "Апамдын таарынычын кантип жазам деп көпкө ойлонгом"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(62)
SUPER.KG видео
29.05.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Апан каршы болуп жатса дагы хиджап кийип чыксан,эмнеге толкунданмак эле,жалгыз таянган,ишенген бир кызы болсон,сен анын пикирин кабыл албасан, эмнеге толкунданмак эле,ал женилгенине ыйлады. Бирок,айтып калышат го,"Ата-Энене кандай мамиле кылсан,балдарындан ошол кайтат" дешип.Тарых кайталанат!"МЕН" эле дей бербей, сенин 3 балан, башка коз караштар кутуп турганын эсине туйгончо жур!
SUPER.KG видео
29.05.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айжандын башынан откон жоруктары менин эжеме окшоштурдум. Ал дагы чон эненин кызы эле.Ушуга чейин боорун бербей келет.Айжан акылдуу, токтоо, анан бир сонун маанилуу суйлойт экен.Мага аябай жакты...
29.05.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym yimanynyzdy toluktap shou biznesti da tawtap din mn jawawynyzdy Allahym nasib etsin Allah raazy bolsun
SUPER.KG видео
29.05.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bibi87,
Саламатсызбы! Техникалык себептер улам катачылык кеткен. Азыр оңдолду, эми көрө берсеңиз болот)))
SUPER.KG видео
29.05.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен сиздин ордунузда болсом актрисалык кесипти улантмакмын. Сиз келечектеги Таттыбубу элениз да. Мен сизди ошол адамдын орун басары катары корчумун. Эми эмне демек элем, болор иш болду апаныз менен жакшы мамиледе боло бериниз демекчимин.
SUPER.KG видео
29.05.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bul jerde apamdun sozyn ukpaim, anu kyynoloim degen maani berilgen jok!
Aijan bashuna otkon okuyalardu anu menen koshtolgon sezimderin bayandadu.
Bul nersede ech jaman jer jok. Bala kimdin kolunda osso oshogo jakun bolot, al sozsyz oz apasun jaman koryygo alup kelish kerek emes. Aijan oz apasun da jakschu korot baschunan jakunduk, surdaschuu bolbogonduktan ushunday ortosunda araluk bar. Abdan akulduu ayum apasuna syiyysyn bilidryynyn joldorun izdep, taaruntpaska araket kulup kelet
SUPER.KG видео
29.05.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oshol ele uchturda oz kuzukchulugun arkalap da jashap kelet. Ata-ene aitkandun baarun kulusch kerek degen tuura emes andan sen baktuluu bolboi kaluschung mymkyn. Kanchalagn ajuraschkan kuzdar jyrot, apalaru kyioo tap berip. Kanchalagan studentter jyrot kaabagan kesipti okup ata-enesi okutup kojup. Albette ata-ene bizge jamanduk kaalabait, akuru ozgocho kesip, xobbi tandoodo oz kuzukchulungdu arkaloo kerek!
SUPER.KG видео
29.05.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijandun bayandamasun okup jatup uiladum men da aiulda chong enemdin kolunda 9.klasska chejin bolgom. Tak ushundai chong enem kushkusun men turgucha meschke ot jagup chai kainatup, syt julutup kojup oigotchuu ele. Oz apamdukuna kelgende kono albay; " kechkisin jatup alup Chong ene meni alup ketchi" dep uilagan tyndor bolgon ele. Azur da Chong enemdi barup jon ele kuchaktap oop alam, briok apama jakundai albaim ortobuzda sui. Ekoony teng jakschu kororm.
SUPER.KG видео
29.05.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах разы..)) Убакыт саат келсе Ата энеда жардам бере албайТ! МУСУЛЬМАН болгондон кийин Хиджаб парз кийиш керек
SUPER.KG видео
29.05.2013. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
МАШАЛЛАХ!!! АЛЛАХ ыраазы болсун. Уулдарыныздын омурун, ден соолугун берсин.. Ууртунуздан жылмаюу кетпей журо берин.
SUPER.KG видео
29.05.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжандай кыздар элибизде кобойсо экен деп алладан суранаар элем маанлуу акылдуу суйлогон жузундогу нур баарына байкалып турат
SUPER.KG видео
30.05.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай гана сулуу аял ээ...Жузунон нур чачырап турат го.Суйлогонун угуп эле отура берчу экен.Ушундай аялдар кобойсо экен элибизде.Куйоосу эмнеден каза болгон??
30.05.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХ ыраазы болсун!!!апанызды таененизди эч качан нааразы кылбаныз!!!
31.05.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман болунуз!
31.05.2013. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хиджаб кийип жургондордун улгулуулорунун бири - Айжан Акылбекова . Жолдошу жонундогу маегин окуп туруктуулугуна,аруулугуна баа бергем . Мыкты кожойке,мээримдуу эне экендиги талашсыз ! Аллах Тааланын ыраазычылыгы , мээрими тугонбосун сиз учун ! Жаман создон ,куру дооматтан оолак журунуз !
31.05.2013. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En Allahym bul aiymga chenebei suluuluk bergen da! Tattybubunun sindisi ozuno okshosh ele bolot da! Jash aktrisalardyn biri da jetpeit go chirkin! Myna Kurmanjan Datkanyn rolun atkarsa bolmok dep kaldym! Emnege tashtady al onordu
31.05.2013. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tushunboi kelem! Biz kinodon korgubuz kelet juzunuzdu!!!!
31.05.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай таланттуу,татынакай эже. Алла ыраазы болсун. Хиджаб сонун жарашыптыр. Ийгилик, уй-булолук бакыт каалайм!
SUPER.KG видео
31.05.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
намаз окуган ар бир мусулмандын жузундо бир башкача керемет нур бар!!!Айжан эжеке АЛЛАХ ыраазы болсун Сизден ж.а жалпыбыздан!
SUPER.KG видео
31.05.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кашын тербей остурсо,каш тергенге дагы,тердиргенге дагы АЛЛАХтын каргышы болсун!деп жазылган...АЛЛАХ ар бирибизди сулуу кылып жараткан!
31.05.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул актриса өтө куу адамдай сезиле берет... Алла баарын таразалап турат деген ушу да...
SUPER.KG видео
31.05.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуулугу сулууууууу
SUPER.KG видео
31.05.2013. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озун пиар кылганды эми уйронуп келе жатат. Айжан 1-2 жылда акчанын кучу менен коп нерсеге жетип жатат. Акчан болсо ТВда, радио, газетада сага кызмат кылат. Аллах раазылыгы учун кийген аял башкача болот. Айжанга окшогон актирисалар коп эмнеге аларды корсотпойт!?
02.06.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин таланттынызга таазим, Апамдын махабыттын сиз учун корчу элем. Айрыкча Керез деб бакырган жерелериниз.сонун аткаргансыз.сизге ийгилик.балдарыныз мн аман болун.
SUPER.KG видео
02.06.2013. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amirhan эмне анча ичин куйгон )
SUPER.KG видео
03.06.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Maga kiyimi jakty! Azamat ayim eken akylduu. Baldarynyn jakshy kunun korsun!
SUPER.KG видео
19.06.2013. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин кемчилик таба албайсынгоо..кичинемден баштап кинолорун коруп суйуп журомго!!!)
SUPER.KG видео
21.08.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы создор!, эч бир жасалмалуулук жок..аялдык сапапттын баарын бул айымыбыздан тапчудай экен..балдарынын урмат-сыйын корсун!...
SUPER.KG видео
18.01.2014. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыймандуу тушунугу кенен соз байлыгы. Кенен айтоои баардык Жаны топ келишен аял заты кансе да берекелуу Нарын жергесинде булактан суу ичип тоонун таза абасын дем алып чонойгону корунуп турат
14.09.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип скачать этсе болот?
15.09.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakara, саламатсызбы!
Шилтеме менен өтүп видеонун төмөн жагындагы "Көчүрүү" сабын басыңыз:
http://www.super.kg/media/stv/90725/
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо