БАЛА ЭМИЗИП ЖҮРГӨН АЯЛ МУЗДАК БОЛУП КАЛАБЫ?

№203 22-28-сентябрь, 2006-ж.

– Балабыз бир жарым жашка чыкканына карабай дале эмчекте. Ушундан уламбы, айтор, аялым төшөккө маани бербей, муздак болуп калды. Мурун төшөктөн аябай ырахат алып, демилгени өзү баштоочу эле. Ушуга байланыштуу бала эмизген аялдар муздак болуп калабы жана кандай чара колдонсок болот деп сурайын дегем. Алишер, Ош.

– Бала эмизип жүргөн аялдардын организминде пролактин гормонунун деңгээли жогорулайт. Аталган гормондун көбөйүшү болсо сексуалдук каалоону тормоздойт. Муну «алгач баланы эмиз, анан кайрадан кош бойлуу болууга болот» деген табияттын мыйзамы менен түшүндү­рүп кетели. Аял баласын канчалык узак мезгилге дейре эмизсе, сексуалдык тормоздоо да ошончолук узакка созулат. Ошондуктан, бир жа­рым жыл эмизүү өтө узак экенин эске алып, баланы эмчектен чыгаруу кажет. Ошондо гормондор тең салмакта иштеп, төшөк ырахатын сезүү калыбына келет.


СЕКСТЕН КИЙИН ООРУП ЧЫГАМ...

– Жыныстык кошулуудан кийин ичимдин төмөн жагы менен арткы тешигим да ооруп чыгат. Ошондуктан, кыймылдай да албай жатып калам. Бул эмнеликтен? Мира, Кант.
– Секстен кийин ичтин төмөн жагы менен анустун (арткы тешиктин) ооруп чыгышы төмөнкү себептерден улам болот.

  • Ичегилер жакшы иштебей, ичтин дайыма катып жүрүшүнөн.
  • Геморройдон.
    Ошондуктан, терапевтке, проктологго көрүнүп, дарыланууңуз зарыл.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо