БЕТТИ ТАЗАЛОО

№551 24-май-30-май, 2013-ж

Бетти ар дайым жууп, кам көрүү сулуулукту камсыздаары анык. Бирок «жууп коюу менен тери тазаланбайт» дешет адистер. Канткенде беттеги безетки менен сезгенген май бездеринен арыла алабыз? Мына ушул жана башка суроолорго жооп алуу максатында төмөндөгү макала даярдалды.

КОШ, ЖАНСЫЗ КЛЕТКАЛАР!
Бетти тазалоо бул – атайын шайман же аппараттын жардамы менен беттин терисин тереңден тазалап, андагы сезгенген безетки менен май шишиктерден арылтуу. Башкача айтканда, тери өлгөн клеткалардан, сезгенген жерлерден арылат. Адатта аны сулуулук салондорунда, атайын клиникаларда тиешелүү адистер жасашат.
Андан тышкары тазалоодо колдонулган каражаттардын натыйжасында кандын айланышы жакшырып, зат алмашуу ылдам жүрө баштайт. Натыйжада май бездеринин иштеши калыбына келет.

ТҮРЛӨРҮ

Мануалдык тазалоо (бармак менен сыгуу)
Бул үчүн бет бууга кармалат. Бирок анын кесепетинен тешикчелер кеңейип, кызыл майда кан тамырлары чоңоюп кетет. Биздин тоолуу климатта кызыл тамырлардын бетте көп болушу адаттагы эле көрүнүш. Андыктан бул ыкманы колдонуудан баш тарткан оң. Мануалдык тазалоодон соң тери сезгенет, кызарат, шишийт, айрым учурларда бүдүрөйүп чыгышы ыктымал. Толук калыбына келүү үчүн 1-2 күн талап кылынат.

Механикалык тазалоо
Уна (адамдын атынан коюлган) кашыгы деп аталган атайын темир таякчанын жардамы менен безеткилер, май бездери чукулуп алынат. Бул учурда тери азыраак сезгенет жана ылдам калыбына келет.

Ультра үн аппаратынын жардамы менен тазалоо
Бул ыкмада айрымдар алдын ала бетти буулап жүрүшөт. Бирок анын ордуна атайын жибитүүчү гелди колдонгон туура. Кыргыздардын терисине эң эле жагымдуусу – ультра үн менен механикалык ыкмаларды аралаштырып колдонуу.

Вакуумдук тазалоо
Чаң соргуч сымал соруп алуучу аппараттын жардамы менен жасалат. Терини тереңден тазалай албайт. Анын үстүнө тери чоюлуп калуу коркунучу бар.

Лазердик тазалоо
Теридеги безетки же май шишик терең жайгашкан болсо, ушул ыкма колдонулат. Өтө кылдаттыкты талап кылат жана жылдын кыш мезгилинде гана жасалышы абзел. Эгер туура эмес жасалса же жасалгандан кийин туура эмес кам көрүлгөн болсо тери күйүп, так калып калышы мүмкүн.

Атравматикалык тазалоо
Беттин териси өтө жука жана назик болгон учурда косметикалык каражаттын жардамы менен тазаланат. Бул учурда тери травмага чалдыкпайт. Ал үчүн гипоаллергендик (аллергия жаратпоочу) кремдер гана колдонулуусу шарт.

Пилинг
Учурда абдан популярдуу болгон бул ыкма да терини тазалоонун бир түрү. Атайын кислота кошулган кремдердин жардамы менен тери жаңыланат. Бул да өтө этияттыкты талап кылган процесс. Пилингден кийин күнгө чыгууга болбойт жана үй шартында жасоого тыюу салынат. Туура жана мыкты деңгээлде жасалган учурда беттеги тактар, майда тырыктар жоголот.
Тазалоонун түрүн туура тандоодо бет теринин тиби эске алынат. Ал эми беттеги маселе териге гана тиешелүү болбостон, ички органдардын (ичеги, боор жана башкалар) оорусунан келип чыкса, анда доктурдун текшерүүсүнөн өтүү сунушталат. Эгер безеткилер ээкке тынымсыз чыга берсе, бул гормондордун бузулушунан кабар берет. Эндокринологдун кеңеши керектелет.

Эскертүү! Экзема, учук, тери жаралары, талма, шал, астма оорусу барларга жана кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында бетти тазалатуу сунушталбайт!

ҮЙ ШАРТЫНДА...
Үй шартында беттеги безетки менен май шишиктерди тазалоо сунушталбайт. Бирок ага болбостон «өзүм эле тазалайм» дегендер эң алгач гигиенаны сактоону унутпашы керек.

  • Бетти жана көздүн сурмасын атайын каражат менен тазалап алыңыз.
  • Андан кийин бармактарга таза бинтти ороп же медициналык кол капты кийип, бышып жетилген гана безеткилерди акырын сыгып салыңыз.
  • Эми дезинфекциялоочу атайын тоник менен сүртүү керек.

Эскертүү!

  • Эч качан этил спиртин колдонбоңуз жана бетти алдын ала буулабаңыз.
  • Тазаланган бетке бир сутка боёк же тоналдык крем сүртүүгө болбойт.

БЕТ ТУНУК БОЛУШУ ҮЧҮН...

  • Жеген тамагыңызга көңүл буруңуз. Өтө майлуу, таттуу, газдалган жана химиялык кошумчалары көп суусундуктар териге терс таасир тийгизет.
  • Топчу гүлүн (календуланы) кайнак сууга демдеп, ал муздагандан кийин дакиден өткөрүп, тоник жасап алсаңыз болот. Мындай тоник менен эртең менен жана кечинде майлуу беттерди сүрүп турсаңыз, май бездеринин чыкпоосуна өбөлгө болот.
  • Терини витаминдер менен камсыздап туруу зарыл. Сабиз, чычырканакта териге пайдалуу болгон А витамини көп. Бирок аялдарда А витамининин өтө көбөйүп кетиши кош бойлуулук учурунда ичтеги балага зыян алып келиши мүмкүн экенин эске алуу керек.
  • Организмди маал-маалы менен шлактардан тазалап туруу сунушталат.

Маалымат үчүн Бишкек шаарындагы «Виола» сулуулук салонунун врач-коcметологу Динара Касымалиевага ыраазычылык билдиребиз.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


Беттеги маселелерден арылыңыз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(37)
27.05.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
супер инфо сураныч сепкил жонундо да жазып койгуласы ал эмнеден келип чыгат жана ал кетеби чоон рахмат
27.05.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mamatmusakuzuraziya,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук)))
27.05.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кеңеш экен бирок кыздаргада мендагы oriflameнин мужской буюумдарын алып турам балдар үчүнда кичине кошуп койсоңор жакшы болмок мисалы; мужской макияж жана бетти тазалоо анан ойлобогула аликиндей бала экен деп Мачо болсоң ушул экенда деп койбоймбу
27.05.2013. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mitisboy,
Саламатсызбы! Макалада беттин териси (аялдардын жана ошондой эле эрекектердин)тууралуу айтылууда. Бетинизди тазалоо боюнча маселе жаралып жаткан болсо, жогорудагы кеңештерди пайдалансаңыз болот.
27.05.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер бетте безетки болбосо да тазалоо керекпи?
27.05.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynara81, ооба, созсуз! Бетти тазалоо деген ошол безеткилерден арылтуу дегендик да.
27.05.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat super info jakshi keneshterinizder uchun
SUPER.KG видео
27.05.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу Супер Инфо бул кайсы косметикалык салон? Жазып койгулачы?
27.05.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
menin kenewim-kyn sauin erten m'n jyynarda jana kechinde jyynarda - "oo Jaratkan ywyl syy m'n menin jan dyinomdy tazartip betimdi agartip,jyzymo nyr chachirata kor dep"-aitip tyryp jyynsanar en jakwi...jyzynor nyrdanip betiner agarip kalganin daroo "baikaisunar...
SUPER.KG видео
27.05.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oa..eger kim bilse jazyp jibergile..Joobun kutoluk...
SUPER.KG видео
27.05.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ales,Kukesh-*VIOLA* salonu dep jazdy go
28.05.2013. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сепкил жонун до да маалымат берип коюнузчу аны кетирсе болотбу
28.05.2013. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigerim_abduvalieva,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
SUPER.KG видео
28.05.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш экен. мен дагы барам го эми. Бетимди чики, чики кылып келейинчи))) супер.
SUPER.KG видео
28.05.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аа жакшы-жакшы
28.05.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфо беттеги калды(родник) кетиргенге да маалымат жазып койсонуздар, бетимде 20дан ашып кетти
SUPER.KG видео
28.05.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи бетинер таза жана тунук болуусун кааласанар, организмди комплекстуу турдо тазалап, туура тамактанып журуу керек. Анпесе кайра эле чыга берет жана эч кандай салон жардам бере албашы ыктымал.
28.05.2013. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош бойлуу учурда бетке кандай кам коруш керек озгочо кургак чувствительный бетке эмне кылыш керек экенин да жазып койгулачы. Алдын ала рахмат!!!
SUPER.KG видео
28.05.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы салон?
SUPER.KG видео
28.05.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балуу маалымат экен.эми шаарда сапаты жакшы, баасы орточо болгон салондор Жонундо маалымат берип койсонуздар чексиз ыраазы болот Элем сиздерден?
30.05.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектеги салондор до мындай процедуралар канча турат болду экен
30.05.2013. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бетти канча жаштан баштап тазалоо керек экенин да маалымдап коюнуздарчы сураныч алдын ала рахмат
01.06.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы. Менда сепкил жана так жонундо маалымат берип койушунуздарды суранат элем. Такты кантип кетирууго болот?
08.06.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы? Мен бетиме этил спиртин колдонгондон улам бетимде так болуп калган. Ошол тактан арылууга болобу?
24.06.2013. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dinara eje 3mkr-do pavil'on ishtetchu ele,kosmetolog bolup ketken go...tan kalychtuu
07.07.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер жааматы такты кантип кетирсе болот сураныч
18.07.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы Супер Инфо Беттеги Сепкилди Кантип Кетирсе Болот Жардам Бергилечи Сураныч
18.07.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Albina84,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
23.07.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
черный точканы уй шартында тазалап кетирсе болобу?Сураныч ушул боюнча маалымат берип койсонуздар.Кутом.
24.07.2014. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatygul, Салам, муну карап корбойсунбу: http://www.super.kg/media/uservideo/123931/
24.07.2014. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан керектуу маалымат берипсиздер.кош бойлуу кезде бетке тушкон такты кантип кетирсе болот.коп жыл отсо деле эч кетире албадым.жардам бериниздерчи
24.07.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
never-cry, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
14.03.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Топчу гүлүн (календуланы)кайдан алса бболо супер инфо айтып койунуздарчы
16.04.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы! Пилинг жасатып кордунуздор беле, беттеги тактар 100% кетеби жана кайра пайда болбойбу? Жооп берип койунуздар алдын ала рахмат!
16.04.2015. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya95, кетирбейт, убакытлуу корунтпой коет, бирок кетирбейт. Кайра чыгат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо