БОЛДУ, ТАМЕКИ, СЕНИ МЕНЕН АЖЫРАШАМ!

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

Жаман адаттардын бири – чылым чегүү. Эгер сиз тамекини таштасам же таштабасам деп эки анжы ойдо жүрсөңүз, анда тамекинин зыянын дагы бир ирет эске алып, эркиңизге бек турсаңыз, мүмкүн таштап коёрсуз.

СТАТИСТИКА

  • Дүйнөдөгү 1,3 миллиард адам тамекиге көз каранды.
  • Ар бир 6 секунд сайын тамекинин кесепетинен ооруга чалдыккан бир адам көз жумат. Ал эми жылына 5 миллиондой адам чылымдын айынан жарык дүйнө менен кош
    айтышат.
  • Өпкөнүн рагына чалдыккандардын 90 пайызы тамеки тарткандар.
  • Жашы жеткендер боюнча тамекини көп колдонгон 121 мамлекеттин ичинен 1-орунда грециялыктар турат(ар бир адамга 3017 даана тамеки туура келет). Эң аз чеккендер эфиопиялыктар (жылына 51 даана гана чегет) эсептелет. Ал эми 49-орунда кыргызстандыктар (ар бир адамга 1017 даана, казакстандыктар 19-орунда (1805 даана), 7-орунда орусиялыктар (2319 даана тамеки туура келет).

ТАМЕКИДЕГИ УУЛУУ ЗАТТАР

ТАМЕКИНИ ТАШТООНУН НЕГИЗГИ ЖОЛДОРУ
Республикалык наркология борборунун психиатр-наркологу ВЕНЕРА АСАНБЕКОВА тамекини таштоонун жолдорун айтып берет:
– Тамекини таш­тоо үчүн эң биринчи адамдын өзүнүн эрки, «тамекини таштайм» деген максаты болуш керек. Ага чейин анын ден соолукка кандай зыяны бар экендиги тууралуу маалыматты өзүнө сиңирип бүтүрүшү кажет.
Андан кийин адистер дарылоо жолу менен жардам бере алат. Биз алгач тамчылатма дарыларды кан тамыр аркылуу куябыз. Бул дарылар организмдеги зыяндуу заттарды сыртка чыгарууга, канды канчалык бир деңгээлде тазалоого көмөк берет. Анан да атайын таблеткалар бар. Алар он күнгө чейин ичилет.
Тамекини таштап жаткан адам­га үй-бүлөсү да жардам көрсөтүүсү керек. Анткени тамеки чегип жүрүп, чекпей калган адамдын 3-4 күн ичинде эле нерв системи чыңалып, ачууланып, урушчаак болуп калат. Бул учурда анын жинине тийбөө, кыжырдантпоо зарыл.
Эң негизгиси, тамеки чеккен адам тамекини жөн гана адатка айлантып, зериккенден чегип жатканын аңдашы керек. Мисалы, менин жолдошум өзүнүн айтуусу боюнча 15 жашынан тарта тамеки чегип баштаптыр. Жашы отуз беште. Тамекини таштоо үчүн алгач табекс деген таблетканы күнүнө 4-5 маал ичти. Ага кошумча, алаксуу максатында кофе ичип, семичке чагып, төө буурчак жеп жатты. Балдарыбыз менен кошулуп киного барып алаксып жүрүп 3 күн ичинде эле таштап койду.

ТАМЕКИДЕН КАЙСЫ ООРУЛАР КЕЛИП ЧЫГАТ?

ТАМЕКИ ТАШТООДО ӨЗҮН АЛАКСЫТЧУ КАРАЖАТТАР

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Кош бойлуу айым тамеки чексе, кан тамырлары ичкерип кетет да, балага кан аркылуу азык-заттар, витаминдер толук жетпей, бала аз салмакта, оорукчан болуп төрөлүшү мүмкүн. Андан да коркунучтуусу, баланын жүрөк кемтиги, баш сөөктүн басымы, ар кандай майыптык менен төрөлүшү мүмкүн.

«Супердин» сурак бурчу
ТАМЕКИНИ ТАШТООГО АРАКЕТ КЫЛГАНСЫЗБЫ?

ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ, акын:
– Тамекини таштаганыма 15 жыл болду. Аны аскерге барганда үйрөнүп, ошондон тартып 35 жыл чектим. Мунун азабын аябай тарттым. Кышылдап кыйналдым. Таштоого аракет кылып, бирок жыйынтык чыкпай жүрдү. Анан бир күнү теңтуштар мен, Түгөлбай Казаков, Баратбай Аракеев жана Алым Токтомушев чогуу таштамай болдук. Биринчи күнү эки даанадан чегип, эртеси бирден чектик. Анын эртеси колубузга алган жокпуз. Кайра чегип албайлы деп төртөөбүз бир топко чейин бири-бирибизди кайтарып, текшерип турдук. Ошентип жүрүп таштап салдык. Бирок кийинчерээк Түгөлбай улантып кетти. Таштаганым жакшы болгон экен, ден соолугум калыбына келип калды.

АСКАТ СУЛАЙМАНОВ, актёр:
– Тамеки чекпей 2 айдай жүрдүм. Сүт ичип, момпосуй жеп өзүмдү алаксытууга аракет кылдым. Аябай кыйналдым, жаман экен. Тамакка тойгондон кийин эле бир нерсе жетпегендей болуп, өзүңчө эле туталанып, урушчаак да болуп кетет экенсиң. Ошентип жүрүп кайра эле чегип алдым. Болду эми таштабайм, аракет да кылбайм.

 


МАРАТ ЖАНТАЛИЕВ, актёр:
– Тамекини баштаганыма 30 жылдай болуп калды. Мындан 10 жыл мурун жөтөл менен ооруганда таштаганга аракет кылгам. Бирок таштай албай келатам. Зыянын телевизордон көрсөтүп калышса, кыздарым «көрүңүз» деп кыйнашат.
А мен «көрбөйм, которгула башкага» дейм. Буюрса, жакынкы аралыкта бир куту тамеки алып, бирок бирди да чекпей ыргытып жиберип, тамекиден дароо кутулайын деп өзүмдү даярдап жатам. Болбосо, «мына, эртең» деп жүрө берет экенмин.

 

АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ, ырчы, актёр:
– Оо, убагында 5-6 жыл күркүрөтүп чектим го. Күнүгө 1-2 кутудай түгөтчүмүн. Көбүнчө обон жазып, ар бир нотаны терип кыялга батканда тиштеп отура берчүмүн. Кийин тамекинин азабын тарттым. Эртең менен турсаң денең оорлошуп, көңүлүң жок. Анан бир күнү атайын бир куту тамекини алдым да, «энеңди урайын, сага кор боломбу» деп кутусу менен кошо мыжып, мыжып туруп ыргыттым. Кудай жалгап, ошондон кийин тамекиден кутулдум. Мурдагы ит өлгөн жыт жок, оозум таза, көкүрөгүм таза. Жаңы таштап жатканда бир жума аябай кыйналдым. Тамеки тиштеп тургандарды көрсөм сурайын деп баратып, кайра өзүмдү эптеп тыйып кетип калчумун. Мына 5 жылдын жүзү болду, азыр тамеки тартпай жыргап эле калдым.

НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ, телеалпаруучу:
– Тамеки чеккениме 10 жылга жакын болуп калды. Таштайын деп ойлогом, бирок аракет кылып көрбөптүрмүн. Көп деле чекпейм, сахнага же эфирге чыккандан кийин тиштей калам. Тамеки алып жүргөнүм менен, көбүн сурагандарга «щедрая душа» болуп берип коём.
Төрт жумушта иштейм. Жумуштан чарчаган учурда өзүмдү алаксытыш үчүн элдерге окшоп арак же сыра ичпегендиктен тамекиден күчүмдү чыгарып алам.

Кубаныч Сыдыков
star@super.kg


Тамеки таштоонун сырлары

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
03.06.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Мен эми тамекини таштадым. Болду буюрса экичи чекпейм. Буга чейин тамекинин зыян экенин угуп келсем. Эми анын азабын корбойун деп чечтим" деп Таштан эртеси эле тамеки чегип алыптыр болбойлу)))
03.06.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу адамдар кызыкпыз да.Билебиз зыян экенин, анын зыяны бизге тиешелуу эместей кайдигер болуп койобуз. Мен чегем бирок таштагым келбейт, азырынча зыянын деле байкабадым. Бирок бир нерсени ачык билем, акыры жакшы болбосун.
03.06.2013. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кезде ден соолукту жоготуу учун акча кортобуз,жаш откондо кайра кайтаруу учун коротобуз...
03.06.2013. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамда эн биринчи ниети туура болуш керек, ал ниетти ишке ашырыш учун эрк болуш керек! Анан Асылбек байкеге окшоп эркек болуп журосун.
03.06.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

короче реально таштагысы келген адам таштайт. Таштагысы келбеген, калп айтып озуно, повод таап таштабайт. Ничего страшного Киши итак эле коп 7 млрд. Кичине саны азайсын кишилердин:)
тамеки, наркотик, алкоголь болгону бир чети жакшы, коп ненужный адамдарды алып турат жер планетасынан.
06.06.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Doritos, Молодец бироолордун Олумун тилегиче озуно Омур тилесениз жакшы боломок таштап коюш ар адамдын колунан келет бирок конечно кыйынчылык менен!
03.06.2013. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ достор эч кыйналбай туруп тыштап койсо болот эрк эрк керек чекпеим болдубу чекпейм деп журобер..
03.06.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин чеккениме 9 жылдын жузу болду, таштай албай журом, кышында ооруганымдан бир дума чеккен жокмун, баардык досторума таштадым деп мактанып жургом, кайра эле чегип алдым конуп алган жаным болбойт экен
03.06.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Allan Karrd" degen adamdyn Kitebin okuusanar " "Legkii sposob brosit" kurit degen srazu tashtaisynar milliondogon adamdar evropada dagy bashka olkolordo oshol kitep menen tashtap atyshat oshonu okuusanar abdan paidaluu kitep al Ozu jazgan Allan Karr kununo 100 shtuk sigarret chekchi aiagynda ozu tashtap oshol kitepti chygargan. Okugula, Ne pojeleiite!!!
03.06.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Allan Karr" "Legkii sposob brosit kurit" ushul kitepti jazsanar bolmok Super Info abdan paidaluu kitep chyndyktyy aitat bul kiteptte, men ozum Amerikadamyn azyr Evropadan Amerikadan milliondogondor ushul kitep menen tashtap atyshat, ushunu jazgylachy Super Info (suranych)
03.06.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин куйом эч таштай албай койду,зыян деп бир нече жолу колунан алып мыжып тыштадым бирок болбоду кайра еле мени урушат:(
03.06.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э тамеки чегуу зыян дейт да кайра чыгара берет ,эмнеге учун???
08.06.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ysymbek, суроо талап коп да.
04.06.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ysymbek себеби ал нерсе менен да канча адам жан багат токтото албайт болуш керек деп ойлойм бул жерде адамдын озунун ерки болуш керек,мына мен да чекчумун таштаганга аракет кылдым баштагыдай кумар кармабайт бирок ойноп зеериккенде чегип койом да ошол жерим озумо да жакпайтат
04.06.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамекини таштайм деп насвай чектим эле хе хе эми экоон тен таштай албай калдым!жаман нерсе экен мен эспет корсом!жылына 5 мин доллар акча кетир койот экенбиз!5мин тунго айланды деген ошол экен да!
04.06.2013. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dostor,adamdyn kolunan baary kelet.Allah Taaladan korksonor,tyiuu salgan nersege jolobosonor,shaitanga azgyrylbasanar,baaryn tashtash onoi.
04.06.2013. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче эрк болсо,таштайм деген ниет болсо таштаса болот.бирок атам таштай албай журот.
04.06.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле адамдын эркине байланыштуу болот. Бирок азыр эркектердин чеккени азайып аялдар алардан ашып тушушту окшойт.МУрда бекинип тартышчу, азыр адамдын оозуна карап уйлошот кайран кыздар.Эмне кылса ар кимдин оз иши,бирок торт кыргыздын каны таза болсоооо деп ойлобой койбойт экенсин...
04.06.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.Озбековдун эрки бекем экен.....
04.06.2013. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 3 январь куну таштадым,колективдин астында ант берип тамеки тартканымы корсонор к.т дейсинер деп алып ошолордон эле уялып чекпей койдум.алар мени ары бери бассам мени андышып,акыры тажашты.мына 5 ай болуптур.
05.06.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул тамеки кумар. Аны уйронуп алгандан кийин таштоо кыйын. Кутулуунун эн оной жолу жашында уйронбой койуу болчу.
SUPER.KG видео
05.06.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам алба дегенди алат, тийбе дегенге тийет, айтпа дегенди айтат, чекпе дегенди чегет, иши кылып баарын тескери жасайт.
06.06.2013. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен тамаекини 6 жыл тартым, 5жылдин ичинде бир кун да тартбай койгон кунум болбогон,азыр жакшы буйруса 2жылдан отуп калды тамеки тарткандарды жаман коруп калдым,мурда сасып эле жургон экем да,корсо жыты синип калса журо берет экенсин да,
07.06.2013. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрк керек таштаганга
07.06.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир таанышым бир кундо 2пачка чегет тамекисиз тура албайт азайта дагы албайт
08.06.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таштадым болду ден-соолука эле эмес чонтоко да зыян экен.
08.06.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Da, jakwy kenewter eken.
08.06.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Насбай чекендерге да кенеш берип койсонуздар сураныч.
09.06.2013. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамеки тарткандар вонючкалар:) ошондуктан тамеки тарткан кыздар менен обушкум да келбейт эле :)
SUPER.KG видео
14.06.2013. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kimde tameki bar? ))))
SUPER.KG видео
03.08.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозо башталгандан бери тамеки тарта элекмин.Стажым 18 жыл.
11.02.2015. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамекини баштабагыла баштаган сон таштабагыла
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо