КРЕМЛДИН КРЕДИТИ АКШнын БАЗАСЫ КЕТКЕНДЕ КЕЛЕТ

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

ЖККУ АСКЕРИЙ БАГЫТТЫ КҮЧТӨНДҮРӨТ
Кыргызстанды, кошуна жайгашкан мамлекеттерди, тактап айтканда, ЖККУга мүчө мамлекет башчыларын 2014-жылы коалициялык күчтөрдүн аскерлери Ооганстандан чыгарылгандан кийинки кырдаал тынчсыздандырууда.
28-майда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейформал саммитине Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери Алмазбек Атамбаев, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин, Эмомали Рахмон менен ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа катышты.
Жолугушууда кыргыз президентинин демилгеси менен Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жол долбоору талкууланды.
Саммиттен бир күн мурун иш сапары менен Бишкекке келген тажик лидери Эмомали Рахмон менен Алмазбек Атамбаев чек ара көйгөйлөрү боюнча маселелерди сүйлөшүштү. Өлкө башчы Кыргызстан менен Тажикстан өндүргөн электр энергиясын Ооганстан жана Пакистанга Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча экспорттоо маселесин көтөрдү.
Жыйынга келген Орусия башчысы Владимир Путинди Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча» Улуттук сейил багындагы «Ак- Сай» резиденциясында кабыл алды. Эки өлкө башчы жаратылыш кучагында, сууну жээктей баса башкалардын катышуусу жок сүйлөшүштү.
Орусиянын парламенти жакында эле Кыргызстандын карызын кечүү боюнча документти ратификациялады. Камбар-Ата ГЭСине берилчү насыя азырынча Бишкекке келе элек. Анын мөөнөтү «Манас» аэропортундагы АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борборунун чыгарылышына байланыштуу ишке ашары белгилүү.
Бейрасмий жолугушууга Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Армения президенти Серж Саргсян келбеди.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
04.06.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
озу ушул росия менен эле жакшы мамиле тузуш керек американы коюп эле алардын пайдасы жок
06.06.2013. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil-08, туура аларга озу биздин жер керек болуш керек. Россия м.н мамилени ондобосок анда кайра эле 1998 жылдардай жакырчылык башталат дагы.
05.06.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте,бир кыйынчылык болсо Россия биринчи жардамга келет.
07.06.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамиле түзүшкөн ар кандай бир мамлекет менен Кыргызстан тең тайлаш боло алса саясий жактан, анда жакшы болмок, убадалар орундалмак, көп иштер жакшы чечилмек. азыркы учурда сүйлөшүүлөрдө же кагаз жүзүндө гана болуп жатат дагы реялдуулуктта жокко эсе.
09.06.2013. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусия эле бизди ойлогон жери жок ушинтип секиндик менен озуно багындырып жататда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо