-

Кыргызстанда бир жыл ичинде 15 жашка чейинки балдардын
ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАРГА чалдыкканы боюнча 100дөй факты катталат. Бул тууралуу «Мээримдүүлүк» фондунун жетекчиси Елена Конева билдирди.
-
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө учурда каттоодон өткөн, баңгизатка көз каранды 10 МИҢ ЖАРАН бар.
-
Мэриянын басма сөз кызматынын айтымында, 30-майда саат 10:00дө Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү-237 дареги боюнча «50+» аттуу кызматтык бош орундардын жарманкеси өттү.
-
Учурда Кыргызстанда 38 мамлекеттик, 12 жеке менчик кинотеатр бар.
-
Ак үйдүн алдында НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ. Чогулгандардын талабы – сырттан алынып келинген дары-дармектерге тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жана кымбат баадагы дарылардын баасын арзандатуу.
-
Билим берүү жана илим министрлиги 2012-2013-окуу жылында артыкчылык аттестатына 209 БҮТҮРҮҮЧҮ татыктуу болуп табылгандыгын билдирди.
-
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча С вирустук гепатитин алып жүргөн 220 МИҢДЕЙ адам жашайт. Бул тууралуу «Партнёрская сеть» ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев маалымдады.
-
Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө мектептердин жана кесиптик окуу жайлардын 49 МИҢ БҮТҮРҮҮЧҮСҮ катышканын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
-
Жыл сайын чет жерде иштеп жүргөн мекендештердин 300дөн АШУУНУ ар кандай себептер менен каза таап, сөөгү Кыргызстанга алынып келинет.
-
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев «ЖЕР-ҮЙ» алтын кенин иштетүү боюнча экинчи жолу тендер жарыялана тургандыгын билдирди.
-
Бишкекте жерлердин мыйзамсыз сатылышына каршы митинг өттү. Анда жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков шаар тургундарынын дооматын айтып жаткан учурда мэр ИСА ӨМҮРКУЛОВ токтотуп, аны сотко бере турганын айтты.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
анан елдер чогулуп кан чыгарып кудай откорушкон азыр жакшы тынч.