СЕНИ САГЫНАМ

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

Жанры – мелодрама, романтика
Режиссёру – Ли Чжэ Дон
Сценарийин жазган – Мун Хи-Жо
Башкы ролдордо – Пак Ючхон, Юн Ын Хе, Ю Сын Хо жана башкалар
Сериясы – 21
Сериялардын узактыгы – 60 мүнөт
Тарткан өлкө – Түштүк Корея
Чыккан жылы – 2012

АЙТЫЛБАЙ КАЛГАН БАЛАЛЫК СҮЙҮҮ
Су Ён жакыр үй-бүлөдө өскөн өспүрүм кыз. Классташтары аны ыңгайы келсе кайсы жерде болбосун кемсинткенге даяр турушат. Анткени Су Ён мектепте «адам өлтүргүчтүн кызы» атка конгон. Чынында, кыздын атасы күн-түн дебей ичип, үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөн кызыл камчы эле. Анан да «жашы жете элек өспүрүмдү өлтүргөн» деп шектелип, кылмышкер атка конгон. Атасы каза болгондо Су Ён сүйүнгөнүнөн көз жашын көлдөтө ыйлайт. Себеби апасы экөөнө кордук көрсөткөн аракеч атасы эч качан кайрылып келбесине биротоло көзү жетет.
Курбу-досу жок, дайыма сулуу жүзүн узун чачына жашырып адамдын көзүнө тике карай албаган Су Ён бир мектепте окуган Чжон Унун көңүлүнө түшүп калат. Чжон У Кореядагы эң ири компания башчысынын уулу эле. Жалгыз Чжон У гана Су Ёнго кол сунуп достугун сунуштап, өзгөчө мамиле кыла баштайт. Ал күндөр аралыгында Чжон Унун атасынын душмандары буйрук менен аны уурдап кетишет. Досун уурдап баратканын көргөн Су Ён аларды ээрчип унаасына отуруп алат. Уурдаган адамдар кызды сабап, зордуктап, Чжон У бошонуп, коркконунан качып кетет. Су Ёнду зордуктаган адам аны өлтүрүп салганын мойнуна алат. А бирок өлтүрүлбөй эле Су Ёнду жолдо качып бараткан жеринен досу Кан Хен Чжун (Гарри Боррисон) сактап калган эле. Ошол окуядан кийин Чжон У менен Су Ёндун сүйүүсү айтылбаган бойдон кала берет.
Арадан жылдар алмашып отуруп 14 жыл өтөт. Чжон У Түштүк Кореянын эң престиждүү деп эсептелген Каннамгу районунда детектив болуп иштейт. Полиция кызматкери болуп иштегенинин да жөнү бар, анткени ал Су Ёндун өлүмүнө такыр ишенчү эмес. Ал эми Су Ён келечектен көптү үмүттөндүргөн башталгыч дизайнер, АКШда иштеп, жигити Гарри Боррисон менен жашайт. Тагдыр жолу Чжон У менен Су Ёнду кайра табыштырып, сериалдын жүрүшүндө чиеленген окуялар, өкүнүч, таарыныч, сүйүнүч баары биригип фильмдин «хеппи энд» менен бүтүшүнө көмөктөшөт. Андыктан сериалды көрүп баштаган болсоңуз, жүз аарчыңызды даярдап алыңыз.

АКТЁРДУК КУРАМДАН КЫЙНАЛЫШКАН
Чү дегенде эле сериалдын жаратуучуларына актёрдук курамды түзүү кыйынга турган. Себеби сценарийдеги жазылган персонажга туура келген белгилүү корей жылдыздары бошобой же шарты туура келбей, көпчүлүгү баш тартып коюшкан. Учурдагы тартылгандар да Кореянын эң алдыңкы актёр, актриса, ырчы, моделдери. Ошол себептен сериал элге бат кабыл алынган. Түштүк кореялык көрүүчүлөр тасманы «сюжети татаал, сиңирүүгө кыйын» дешсе, чет өлкөлүктөр «көз жашсыз корей сериалдары кызыксыз» деп корейлердин талуу жерин чымчып өтүшкөн.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Сериалдын көпчүлүк бөлүгү айтылуу ырчы PSY`дын «Гангнам стайл» ырында даңазаланган Каннамгу районунда тартылган.
  • Сериал Япония, Кытай, Европанын бир топ өлкөлөрүндө жана АКШда коюлган.
  • Су Ёндун жаш курагын ойногон актриса Ким Со Хён детектив Хандын ролундагы актёр Пак Ючхонду «менин кыялымдагы мырза» деп айтканы бар.
  • Кореялык белгилүү «2NE1» тобунун солисти Сандара Пак интернеттеги баракчасына «ушул күндө сериалдын башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатам. «Сени сагындым» сериалындагы Гарри, мен сени сагындым!» деп актёрго сүйүүсүн ачык айтып ала жаздаган.

СЕРИАЛДАГЫ БАШКЫ КААРМАНДАР

Толук аты – Пак Ючхон (детектив Чжон Унун ролунда)
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 4-июнь
Лакап аты – Микки Ючон
Кесиби – ырчы, рэпер, композитор, модель, актёр жана популярдуу үч жигиттен турган «JYJ» тобунун мүчөсү.
Бою – 180 сантиметр

Фортепиано, гитара, клавишалуу аспаптарда ойнойт. 6-классынан баштап АКШда жашаган. Үй-бүлөдө эки бир тууган, иниси да актёр. Сеулдагы заңгыраган вилланын жана 1 миллион долларлык яхтанын ээси.

Толук аты – Юн Ын Хе
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 3-октябрь
Кесиби – актриса, ырчы, модель
Бою – 168 сантиметр

15 жашында кыздардан түзүлгөн популярдуу «Baby VOX» тобуна кабыл алынган. 2005-жылы жеке карьерасын улантууну каалап топтон кетет. 2006-жылы тартылган «Сарай» сериалында баш каарман Син Чхе Гёндун ролун аткарган актриса. Журналисттердин «Сени сагынам» сериалындагы ролу тууралуу «атактуу Пак Ючхон менен Ю Сын Хонун сүйүүсүн кантип бөлүшүп жаттыңыз?» деген суроосуна актриса «өнөктөштөрүмдүн тажрыйбалуулугу 100 пайыз ролумду берилип аткарышыма жардам берди. Экран артындагы сүйүү мамилесине жол берген жокпуз» дейт.

Толук аты – Ю Сын Хо
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 17-август
Кесиби – актёр, модель
Бою – 175 сантиметр

Ю Сын Хо аталган сериалдагы ролу жөнүндө «Кан Хён Чжун айымдарга кылган мамилеси жагынан абдан өзүмө окшош. Юн Ын Хеден 9 жаш кичүү болгонума карабай сериалда өз каарманымдын сүйүүсүн жеткиликтүү бере алдым деп ойлойм. Анан да Ын Хе экөөбүз тасма талаасында жакшы тил табышып жаттык» дейт.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
10.06.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koruw kerek eken..!
10.06.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кино москва шаарында аябай популярды болду,аябай сонун кино,корсонуздор окунбойсуздор!
10.06.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа
10.06.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернеттен кантип тапса болот айтып койсонуздар
12.06.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazi.kg, http://www.asiandrama.ru/ ушул сайттан коро аласыз
10.06.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adah, курамы окшош сайттарды жаранама кылууга тыюу салынган.
3 күн БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 10.06.2013 15:54
10.06.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A men yilap-yilap kaira sooronup aran korup buttum, eh estegen saiyn yilagym kelet....
10.06.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинонун аты не.не деп жазсам табам
10.06.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dia-omur,
men aglische korgom miss you dep atalat
10.06.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы кино окшойт бул кинону кантип тапсак болот?
10.06.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da kyzygyp kaldym mumkun bolso korgum kelet.
11.06.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men negizi korei kinosun komedija bolso gana korom, birok bul kinonu men bashki akterloruna karap ele korgom, ajabai talanttu akterlor, ne pojelela yilasamda, ajabai udovolstvija aldim))
11.06.2013. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iminfinity, дагы "безнадежная любовь"деген киносу бар,аныда корсонуз укмуш!
11.06.2013. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iminfinity, курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынган.
3 күн БАН!
11.06.2013. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруш керек окшойт
11.06.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2корейский сериал скучаю по тебе" деп жазсанар эле табылат.
11.06.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"корейский сериал скучаю по тебе" деп жазсанар табылат инеттен
12.06.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы кино,мен бул кинону микки учун эле коргон болчумун,башка актерлорда аябай жакшы ойношкон
12.06.2013. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корей сериалдарын коргон эмесмин...бирок Корей кинолору, комедиасы, боевиги, фантастикасы иши кылып фильмдери мыктылардын арасында демекмин бул фильмди да корууго аракет кылам...
12.06.2013. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men kino korup uilagym kelet birok kozgo jaw kelbeit...
13.06.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корсонор окунбойсунор уктабай кечки 22де баштагам эртеси 15ке чейин кордум акырында ыйлай берип башым челек болуп катып калгандай болду. Соонун сериял экен. контактан "Я скучаю по тебе" деп издегиле.
13.06.2013. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ва хахахахахахахаха
16.06.2013. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш Гарринин аягында оорулуу болуп калганы аябай окунучтуу экен((
17.06.2013. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да коргум келип калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо