АЖЫГА ВЕЛОСИПЕД МЕНЕН БАРЫШАТ...

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

  • Бишкекте 4-июнь күнү жүргүзүлгөн рейдде эки саат ичинде 104 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу ИИМдин жол коопсуздук кызматы билдирди.
  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 31-майдан 3-июнга чейин МИҢДЕН АШУУН киши бекер медициналык кароодон өттү.
  • Президент Алмазбек Атамбаев министрликтердин алдындагы КООМДУК БАЙКООЧУ КЕҢЕШТЕРДИН ишин узартуу боюнча буйрукка кол койду.
  • Абактагы депутат НАРИМАН ТҮЛЕЕВ ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Улуттук онкологиялык борбордо  дарыланып жатат.
  • Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ОҢ РУЛДУУ ТАКСИЛЕРДИ айдоого тыюу салуучу мыйзамды колдогон жок. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн ЖКга жөнөттү.
  • Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу ушул жылдын 12-июнунда башталат жана ага Орусия 31 МИЛЛИОН доллар бөлөрүн «Жогорку Нарын ГЭСтери» ЖЧКсынын башкаруучу төрагасы Игорь Горбенко кабарлады.
  • Газдын баасы доллардын курсу көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу 4 ТЫЙЫНГА кымбаттады. Май айынан тартып өлкөнүн жалпы керектөөчүлөрү жаратылыш газынын 1 метр кубу үчүн 15 сомдон төлөшөт.
  • Кыргызстандагы зыяратчылар тобу МЕККЕГЕ ВЕЛОСИПЕД МЕНЕН барышат. Бул тууралуу топтун жетекчиси Нуркамил ажы Саскеев кабарлады.
  • Бишкек шаарынын мэри ИСА ӨМҮРКУЛОВ 14 күндүк кечигүү менен 25-июнда шаардык кеңештин депутаттарына 2012-жылдын отчётун угузмак болду.
  • ЖКдагы вице-спикер БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ ээлеген кызматынан кетти.
  • Бул жумадагы окуялардан улам УКМКнын жетекчиси Бейшенбай Жунусов кызматтан алынып, ордуна БУСУРМАНКУЛ ТААБАЛДИЕВ дайындалды.
  • Токтогул гидроэлектрстанциясын калыбына келтирүү үчүн 260 МИЛЛИОН доллар керектелет. Бул тууралуу мамлекеттин тышкы карыздары боюнча мониторинг жүргүзгөн жумушчу топтун мүчөсү Гүлшайыр Абдырасулова билдирди.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо