ДАНИЯР ҮСӨНОВ ЖЕР САТКАНДЫГЫ ҮЧҮН 15 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ, КЕЗЕК КИМДЕ?

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

7-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-премьер-министр Данияр Үсөновду 15 жылга сыртынан соттоп, «күчөтүлгөн режимде жаза өтөсүн» деген өкүм чыгарды. Мындан сырткары анын мүлкү конфискацияланмай болду. Ал «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана жер тууралуу мыйзамды бузган» деп күнөөлөндү. Ага «2007-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда мыйзамсыз токтом менен «Ататүрк» сейил багынан 11 гектар жерге үй курууга уруксат берип, муну менен мамлекетке 160 миллион сомдук зыян келтирген» деген айып тагылган.
Бул жер өзгөчө коргоого алынган маданий аймак болуп саналганына карабастан, жалпы 107 гектардык территориянын ичинен кесилип алынып, турак жай салууга сатылып кеткен. Мэриянын бул токтому шаар кеңеши тарабынан бекитилген эмес, ал тургай ошол кездеги өкмөт бул маселени кароого тийиштүү болсо да, караган эмес.
Данияр Үсөнов 2007-2008-жылдары Бишкек мэри, 2009-жылдан Апрель окуясына чейин премьер-министр болуп иштеген. Ал ошондой эле «Апрель окуясында митингге чыккан элге ок атууга буйрук берген» деген айып менен да сыртынан соттолууда. Белгилүү болгондой, Үсөнов Апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен.
Данияр Үсөнов өлкө тарыхында алгачкылардан болуп мамлекеттин жерин саткандыгы үчүн соттолуп турган чакта Бишкектин кийинки шаар башчыларынын ортосунда кайым айтышуу башталды. 2013-жылдын март айынын башында шаардык кеңештин «Республика» фракциясы мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө маселесин көтөргөн.
Ушул эле жылдын март айынын аягында ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев да азыркы мэрге «жер сатууда» деп кине койгон эле. Депутат өзүнө кайрылуу түшкөнүн айтып, анда Бишкек шаарындагы «Ататүрк» сейил багына караштуу жерлер мэрия тарабынан мыйзамсыз берилип, курулуш иштери жүрүп жаткандыгы боюнча бир катар фактылар бар экенин белгилеген. Бул иш боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия «Жеңиш» жана «Ататүрк» сейил бактарынын аймагынан 10 гектар жерди Иса Өмүркулов 2011-жылдын 3-октябрында мыйзамсыз бөлүп бергенин жана ал жерлерге учурда кафе, ресторандар курулуп баштаганын аныктап чыкты. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина 11-июнда билдирди.
Шаардык кеңештин «Республика» фракциясынын депутаты Эрнис Докенов «Бишкектин Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги эмен дарактуу скверге тиешелүү жерди да учурдагы шаар башчы сатып жиберди» деп чыккан. Ага жооп иретинде Иса мырза бул жерди сатууга буга чейинки Бишкектин башчысы Нариман Түлеевди айыптап чыкты. Ден соолугуна байланыштуу Улуттук онкологиялык борбордо дарыланып жаткан экс-мэр азыркы шаар башчы Иса Өмүркуловго жооп кылып кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда: «Ал жер 2004-жылы, мен мэр боло электе эле берилип кеткен. Сиз кызмат адамы жана саясий фигура болуп туруп телеканал аркылуу такталбаган маалыматты таратып, менин атымды булгап, абийиримди, кадырымды түшүрүп жатасыз. Бул сөзүңүздү артка алыңыз же ушул маалыматтарыңызды тастыктаган документтерди көрсөтүңүз»,- деген.
Ал сынды четке каккан учурдагы мэр Түлеевдин жер сатуудагы токтомун ММКларга жарыялап, ага түшүндүрмө да берди. «2009-жылдын 7-июлунда Бишкек шаардык мэриясынын №352-токтомунун негизинде Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкеси кафе-бардын курулушу үчүн бөлүнүп берилген. Белгилей кетчү нерсе, жер тилкеси Нариман Түлеев шаар башчы болуп турган кезде бөлүнгөн»,- дейт.
Алым сабактын кезегин улаган, ансыз да учурда соттук иши аягына чыга элек Нариман мырза эгер Иса Өмүркулов үч күн ичинде коомчулук алдында ММК аркылуу кечирим сурабаса, аны сотко берерин кулак кагыш кылды.
«Шаардын аймагынан 11 гектар жер сатты» деп Данияр Үсөнов 15 жылга соттолуп отурганда, эми 10 гектар үчүн жоопкерчилик кимдин мойнуна жүктөлөт болду экен? Эгерде Үсөновдун 15 жылга кесилиши саясий буйрук болбосо, анда Ахунбаев көчөсүндөгү жерди сатууга жооптуу шаар башчысы да соттолушу кажет.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
17.06.2013. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Данияр усоновго каргыш тийер кун келээр бекен
17.06.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жерибизди саткан адамдар, оз жерине келе албай, сыздап калсын.
17.06.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироого ор казсан, кенен каз, озун тушуп калышын мумкун!
18.06.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда жок кишилерге кыйын окум чыгарып жатышат го, бул жердегилерди кыйратып койушкансып,жонокой киши болсо небак эле кесип жиберишмек.
20.06.2013. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылгылыкты кылып коюшуп дагы деле Бакиевке шылташса керек
20.06.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калганым булар сатып анан эмне кылып атышат?
20.06.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омееей ал Ататурк багындагы жерлерди кайра эле озунун "кесиптештерине" сатыптыр эле го ошолор кайтарып беришпейби чектерди, же жер тийбей калгандар ичи куйуп жатышат бекен, мамлекет созсуз алышы керек ошол жерлерди, карапайым элдикин чырылдатып, кыяматты корсотуп эксковатор мн турттуруп салып алып жатышпады беле,ошондой кылып алсын мамлекет,соттоло тургандарды соттошсун дегендей)))
20.06.2013. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кабар барбы озу КЫРГЫЗСТАНДА!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо