КЫРГЫЗСТАН ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫККА ЖЕТИШЕТ

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

Орусия каржылаган Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулуш иши башталды. Курулуш аземине өлкө башчы катышып, Нарын эли менен баарлашып келди. ГЭСтерден түшкөн пайда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда тең бөлүнөрүн айткан президент Кыргызстан толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, электр энергиясын ири экспорттоочу мамлекетке айланарын белгилеп өттү.
«Кемин-Алматы электр чубалгыларын куруу тууралуу келишим бар, Кытайга чубалгы тартылат. Кыргызстан эми Кытай менен Казакстанга жайы-кышы электр энергиясын сатат»,- деди Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчынын айтымында, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган иш сапарында Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу тууралуу меморандумга кол коюлат.
Өлкө башчы эл менен болгон жолугушууда өлкөдөгү окуяларга карата пикирин билдирди. Жети-Өгүздөгү жана Жалал-Абаддагы окуялар кайсы бир күчтөр өлкөнү кайрадан апаатка, баш аламандыкка түртүп жатканын таасын көрсөтүп койгонун айтты. «3 жыл мурун өлкөдөн качып кеткен президент Курманбек Бакиев «Атамбаев – кыйратуучу, а мен жаратуучумун» деп үн ката баштады. Мен премьер-министр болуп турган кезде, 2007-жылы «Кумтөр» боюнча келишим даярдап баштап, бирок өкмөт башчылык кызматтан кеткендигиме байланыштуу аны аягына чыгарууга жетишпей калгам. Мен даярдаган менен М.Бакиевдин командасы даярдаган келишимдин ортосунда олуттуу айырма бар. «Кумтөр» менен келишимди өзү үчүн ийгиликтүү түзөрү менен Максим Бакиев биринчи миллиард долларын Москвада казинодо белгилеп, майрамдаган»,- деди Атамбаев.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
17.06.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уул кыялдар ишке ашып, ушул иштер аягына чыгып калса, ого абдан жакшы болот эле да. бирок да бир кичине нюанстарды эске алсак болот. Оруссия тарап ГЕСтерди канча убакыт колдонот ошонун убактысын тьактап коюшубуз зарыл.
17.06.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Али дайынсыз ишти мактанбай,буткондон кийин мактанса болбойбу......Чондун баарыле, президент баш болуп,эртенки жашообуз суткол,май кол усундо жашайбыз буйрсуа дейт,а эл болсо баягыле таштак жолдо кыбырап келишет.Акаев,Бакиевдин убагында эле куру убадалар айтылып келинген,дагы деле. айтылып жатат.Умут узбой туралычы, балким жакшы идеалар ишке ашып калаар,бирок качааааан!!!!
17.06.2013. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айта беришет калганын убакыт корсотот
17.06.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр кимге коз карандыбыз, урматтуу А. Шаршенович?! Тескерисинче РФга коз каранды болобуз го 50 на 50 болсо! Кеткен чыгымды актагандан кийин КРга отобу? Бул тууралуу ооз ачпайсынар го тегеле?!
17.06.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буйурса мына бул ГЭС бутуп калса кандай гана
чоон жардам болуп калат эле каргыз элине.
Колдон келсе дагы-дагы коптогон ГЭСтерди куруш керек,канчалаган суулар бекер агып жатат.НАрын дарыясынын суусуна 4-ГЭС курса болот эукен.
17.06.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оба менда силерге кошулам.Бул ГЭСтин жардамы менен Нарын шаары оноолуп калат,канчалаган адамдар жумуштук оорундар менен камсыз болот 1500жумуштук оорун дейт курулуп буткончо.
17.06.2013. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте ГЭСтер курулуп олкобуздун экеномикасы онуксо жакшы дечи. Бирок ошол келишимдерге кол коёрдон мурун талкуулап элдин созун угуш керек эле. Мына бул 4 ГЭС 800 миллон долларга курулат деп жатышат анын 75 пайыздык акциясы орус тарапта бул дегендик Толук Россия башкарат деген соз. андан тышкары. Маалымат каражаттары да толугураак так маалымат бериши керекда.. ГЭСтер озун актаганча орус тараптын колунда болот Орусия башкарат. короткон акчаны чыгашаны актагандан кийин анан 50 50 пайыздан болушот
18.06.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГЭСтерди РФ куруп жатканы учун бир нече жыл Орусия бийлик кылат жана жумуш оордунун толук коп пайызын биздин жарандар толуктайт. Бул ийгиликтин бир чети.
19.06.2013. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар жардам берип кургандан кийин ГЭСти буларда бара бара оздору ээлеп алышпасале бул келишим качан бутот? ГЭСтен тушкон киреше качан Кыргызстанга толгу менен отуп калат болдукен?
20.06.2013. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гестерди куруп адамдарга документтерин онойураак берип калганын Госпрограмма менен акчасына кызыктырып чакырып, акыры кыргызстанды озуно каратып тынып анан тынчыйт да Оруссия.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо