МАЛИНА АЗ КАНДУУЛУКТАН АРЫЛТАТ

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж

Жай – жазгы сезондо чарчаган организмди витаминдер жана минералдар менен камсыздачу мезгил. Витаминдер менен минералдардын «кампасы» болуп малина эсептелет. Малина оорудан сакаюуда колдонулуп, жаштыкты жана сулуулукту сактоого да көмөктөшөт. Мына ушундай касиеттүү жемиш бүгүн биз билбеген сырларын төгүп берет.

200ДӨН АШЫК СОРТУ БАР
Малина – илимий аталашы «rubus Idaeus», жарым бадал түрүндөгү мөмөлүү өсүмдүк. Мекени – Греция. Азыркы учурда малинаны эң көп өстүргөн мамлекеттердин сап башында Орусия турат (жылына 175 миң тонна). Андан кийин Сербия (90 миң тонна) жана АКШ (60 миң тонна).
Салттуу, ири мөмөлүү жана ремонтанттык (латынчадан «remonter» – «кайра өстүрүү») деп 3 түргө бөлүнөт. Аталган түрлөр өз ара бир топ сортторго ажыратылат. Жалпысынан 200дөн ашуун сорту бар. Адатта, малинаны кызыл мөмө деп билгенибиз менен, анын кара жана сары түстөгүлөрү да кездешет.

ПАЙДАСЫ
Малинанын курамынын 87 пайызы суудан турат, 100 граммында 50 ккал бар.

Малинанын курамындагы

  • Салицилат кычкылы аспирин сыяктуу милдет аткарат. Ооруну басаңдатып, температураны түшүрөт, тердетет.
  • Эллага кычкылы кан басымды түшүрүп, кан токтотуучу касиетке ээ. Ошондой эле жүрөктү, кан тамырларды оорулардан сактап, терини жаш көрсөтөт.
  • С витамини бар. 100 грамм малинада 100 миллиграмм. Башкача айтканда, адамдын бул витаминге бир күндүк керектөөсүнүн жарымын түзөт.
  • Флавоноиддер микробго каршы күрөшүүчү касиетти алып жүрөт. Кандын уюшунун жогорулашын камсыздайт.
  • Органикалык кычкылдар сезгенүүнүн алдын алат.
  • В1, В2, В6, Е витаминдери ден соолукка пайдалуу.
  • Микроэлементтерден калий, магний, натрий, кальций, фосфор, темир бар. Булар кан жана зат алмашууну жакшыртып, аз кандуулуктан арылууда таасири чоң. Муун, куяң, калтыратма ооруларынан бат арылууга көмөктөшөт.

Жана да...

  • Кандагы холестериндин өлчөмүн азайтат. Ангинада, жөтөлдө, кан басым ооруларында пайдасы чоң.
  • Жалбырагы жатындын булчуңдарын бекемдеп, бойго бүтүүгө жана баланын дени сак төрөлүшүнө салым кошот. Табитти ачат.
  • Заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан, бөйрөктүн иштешин жакшыртат.

Эскертүү!
Неврит, подагра оорусу барлар абайлап, азыраак жеш керек.

АШКАНА

МАЛИНА ПИРОГУ
Курамы:

Быштак – 500 грамм
Малина – 1 килограмм
Жумуртка – 5 даана
Каймак май – 100 грамм
Кумшекер, туз көз өлчөм менен салынат

Жасоо ыкмасы:
1. 3 даана жумуртканы сууга бышырып алабыз.
2. Бышкан жумурткаларды кабыгынан аарчып, майдалагычтан өткөзүү керек.
3. Эми идишке быштакты, майдаланган жумуртканы, 2 даана чийки жумуртканы жана кумшекер, туз кошуп жакшылап аралаштырып алабыз.
4. Алдын ала майланган формага (казан көмөчкө) куюп, үстүнө малинаны кооздоп тизебиз.
5. Электр мешинде (220 градус) 15 мүнөт бышырылат.

КОСМЕТИКА

МАСКАЛАР

  • Малинанын бир жалбырагын эзип, ага жарым чай кашык каймак аралаштырып безеткилерге сүйкөсө, анын жоголушуна алып келет. Бул процессти эки апта бою күнүгө кайталоо талап кылынат.
  • Жакшы бышкан мөмөнү бетиңизге (бардык терилер үчүн) сүртүп, ал кургаганда же 10-15 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп койсоңуз, бетиңиздин терисин сергитет жана картаюусун жайлатат.

МУНУ БИЛГЕН ОҢ

  • Малинаны тоголок бойдон көп убакыт сакташ үчүн аны тоңдуруп койгон оң. Ал үчүн желим контейнерге катар-катар кылып тизип, аны муздаткычтын тоңдуруучу бөлүмүнө салып коюу керек. Ар бир кабаттын ортосуна кумшекер себүүнү унутпаңыз.
  • Малинанын жалбырагынан чай даярдоого болот. 5-6 жалбыракты үзүп алып таза жууп, көлөкө жерге жыгач тактайдын бетине жайып, 10-12 саат коюп коюңуз. Жалбырактар бир аз соолуп, кургап баштаганда аны кайнак сууга демдеп, чай катары ичсеңиз, макалада айтылган дартыңызга даба болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


Малинанын мөмөсү гана эмес, жалбырагы да пайдалуу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
22.06.2013. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен ээ рахмат !!!
SUPER.KG видео
22.06.2013. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа жакшы кенеш экен и анан карап олтуруп жегим келип кетти :-)
SUPER.KG видео
22.06.2013. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх малинанын мекени деп биздин кадамжайды айтса болот балалык ундор малинанын ичинде отконгоооо бишкекте малина 150сом болгондо бизде 70 эле сом болот
SUPER.KG видео
22.06.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен а москвада 100грамы 150р болтат даамы кыргызстандын момо жемиштеринин даамына жетбейт
SUPER.KG видео
23.06.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
малинаны коп коп жеш керек екен да ее
SUPER.KG видео
23.06.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
россияда толко теплицада осот туруш турпаты эле болбосо эч кандай витамини жок кыргызстанда кунго бышат абдан татту ай кыргыз-ным менин сендей бейиш жер жок
SUPER.KG видео
23.06.2013. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
малина Кадамжай малина
24.06.2013. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вай вай малинадан уруп коюп жатсан кандай сонун е))
24.06.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унсуз пирог болчу беле?
25.06.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
luna.kg, чын айтасын! Унутуп калышкан го сыягы..:)
26.06.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
luna.kg, бул пирог эмес,Чиз кейк окшойт.
SUPER.KG видео
25.06.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chychkanda malina koooop ))))
26.06.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа малина кандай соонун ден-соолукада чонтокода пайда, бирок аны караш чабаш кун алыс суу койгонуну айпаганда мен малина карап тажагам азыр оросиядамын.
26.06.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акан суунун кадары жок дегендей биз анча жебейбиз малинаны. анкени пайдасын анча билбейт электа суук отконго гана дары экенин билет элем эми Кыргызстанга барсам тажабайжейим.
08.07.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жатынды бекемдоого жана бойго бутурууго малинанын жалбырагы пайдалуу деп жазылыптыр. Аны кантип пайдаланууга болот? Жообунузду кутом
08.07.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazakguljol,
Малинанын жалбырагынан чай даярдоого болот. 5-6 жалбыракты үзүп алып таза жууп, көлөкө жерге жыгач тактайдын бетине жайып, 10-12 саат коюп коюңуз. Жалбырактар бир аз соолуп, кургап баштаганда аны кайнак сууга демдеп, чай катары ичсеңиз, макалада айтылган дартыңызга даба болот.
08.07.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazakguljol, "Малинанын жалбырагынан чай даярдоого болот" деп бакыйып суроту менен турат го! Ушуну да сурайсызбы?.. Озунуз деле ойлонсонуз, демдеп ичет да жалбырак, чоп дегендерди, анан жемек беле? Бирок, жегиниз келсе жеп деле корунуз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо