ТАШИЕВ «ПРЕЗИДЕНТ БОЛОМ» ДЕЙТ

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж

17-июнь күнү Бишкек шаардык соту «ата журтчу» депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бардык беренелер боюнча актады. Эске салсак, алар «күч менен бийликти басып алуу» жана «конституциялык курулушту күч менен өзгөртүүгө чакыруу» аракеттери боюнча айыпталып жатышкан болчу. Актоо чечимин Курманкул Зулушев (төрага), Сания Бранчаева жана Медетбек Сатыевден турган соттук коллегия кабыл алган.
Тогуз айдан ашуун УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан эл өкүлдөрү 3-октябрда «Ала-Тоо» аянтында «Кумтөр» кенине байланыштуу митингге чогулушуп, топтолгон адамдар менен бирге Ак үйдү басып кирүүгө аракеттенишкен болчу. Мындай ниетти жок дегенде эле «Ала-Тоо» аянтында айтылган чакырык, алардын тосмодон ашып түшүү далалаты далилдейт. Бирок Камчыбек Ташиев: «Бизден мүчүлүштүктөр кетти, аны мойнубузга алабыз. Ооба, тосмодон ашып түшкөнүбүз далил, бирок ал далил менен эле бизди камап коюуга болбойт болчу»,- деди.
«Эң туура чечим чыкты». «Жок, соттор сатылып кетти...» Коомчулук учурда ушундай бири-биринен кескин айырмаланган эки пикирдин кучагында. Соттордун депутаттарды акташына эмне себеп болду деген суроо да көпчүлүктү түйшөлтүүдө. 17-июнда отурумду бир аптага кийинкиге жылдыра коёбуз дешкени үчүн депутаттардын тарапташтары судьяларга бут кийим, желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, шаардык соттун имаратына кирүүчү дарбазаны талкалап салышты. Андыктан «мындай чечим басымдан улам чыкты» деген пикирди көпчүлүктүн мээсине куюуга аракеттер өкүм чыккан күндүн эртеси эле башталды. Башкы прокуратура ошондой тариздеги маалыматын таратып, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылышарын билдирди. «Судьялар актаганы үчүн 300 миң доллар пара алышты» деген кеп да желдей тарап, атүгүл алардын биринин дарегин дубалдарга килейтип жазып, «бул жерде коррупцияга баткан, сатылма судья жашайт» деген көрүнүштөр пайда болду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров: «300 миң эмес, азыр жанымда 3 миң доллар жок. Мен керек болсо, ал үчүн 3 доллар бермек эмесмин»,- деди.
19-июнь күнү Жогорку Соттун басма сөз кызматы үч депутаттын кылмыш ишин караган судьялардын кайда экендиги белгисиз экенин, 17-июндан бери жумушка да чыкпай жатышкандыгын кабарлады. Судьялардын дайынсыз жоголушуна 18-19-июнь күндөрү шаардык соттун алдында «Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо» жана «Апрель байрагы» кыймылдарынын өкүлдөрү чечимге каршылыгын айтышып, митингге чыгышкандыгы себеп болду көрүнөт.
Көп өтпөй судьялардын бири С.Бранчаева үч «ата журтчу» депутатты бошотууга каршы чыкканын билдирген видео интернетке жайылды. 20-июнь күнү К.Зулушев менен М.Сатыев ачыкка чыгып, дайыны билинбей кеткени тууралуу: «Бизге жана бала-чакабызга карата коркутуулар болду, андыктан ушул күнгө дейре жашырынууга мажбур болуп жатабыз. Чечим чыгарууда эч ким басым кылган эмес жана пара да алган жокпуз. Учурда коопсуздугубузду ойлоп, укук коргоо органдарына кайрылдык»,- дешти.
22-23-июнь күндөрү бошотулган депутаттардын жердештери соңку тогуз айдын ичиндеги түн-күндү билбей митинг өткөрүү, жол тосуу, администрациялык мекеме басып алуу сыяктуу түйшүктүн жеңишин майрамдаганы жатышат. Айтымдарына караганда, Ош менен Жалал-Абад облустарында жылкы союлуп, боз үй тигилип, элдик сейилдөөдөн башталган шаан-шөкөт салют аттыруу менен аяктайт экен.
Ал эми депутаттардын өздөрү СИЗОдо жатышканда улам ачкачылык жарыялап турганы жана бир катар оор дарттары бар экенине карабастан, мындан ары ишмердүүлүгүн улантарын айтышты. Атүгүл Камчыбек Ташиев: «Кудай буюрса, мен мыйзамдуу жол менен Кыргызстандын президенти болом»,- деди.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(117)
25.06.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ташиев жаман жоок азыркы бийликтегилер Атамбаевтер жаман деп талашып мынча башынарды ооруттунар дейм да, Ташиевчилерге дагы Атамбаевчилерге дагы тукурдум. Алар эмне болсо ошо болсун, андан коро озубузду ойлойлу, озубуздун тиричилигибизди кылалы, алардан пайда жок аларсыз деле жаман жашап жаткан жерибиз жок, эн башкысы маилекетибиз тынч болсун эч качан согуш болбосун.
25.06.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayva, сайтта адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү колдонууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Сизге эскертүү!
25.06.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин Мекен шейиттери Апрель байрагы деген уюмбу эмне корочи бийликтин ОБОНдору болуп эле калышты. Ошондой эле кыйын экенсинер неге Азиз Батукаевди мыйзамсыз соттун чечими менен коюп жиберишкенде сайрап чыкпадынар???? Же жогору жактан приказ кнлбеди беле оздорунун касяктарыда э... Эх чиркин силердей жасалма уюмдардын кереги жок!
Модератор admin_superstan түзөттү 26.06.2013 10:01
25.06.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен тан калам жалган нерсе учун кантип чыгасынар мусулманбызго акыйкатсыз нерсе экенин биле туруп деле сайрай бересинер ушул анан адилеттуубу???
25.06.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле нервинерди коротосунар? Бизге Кыргызстаныбыз эле ар дайым бар болсун! Олкобуз озубуздун колубузда,мындай болуп эки жаат болуп талаша берсек (Кудайым сактасын) мамлекетибизди жоготуп алышыбыз да кеп эмес. Жок дегенде башкаларга кеп соз болбойлучу. Былтыр бир армянин "ой силерде эмдиги жылы куздо которулуш болот дагы,мен билем,айтты дейсинер го" деп сойрундоп жаткан. ошолорго чейин биздин тагдырыбызды сындайт,башкаларды жон эле коелу.
25.06.2013. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргызстанда мекени учун иштеген киши жок элдер жон эле баштарын оорутуп жатышат
26.06.2013. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тундук-туштук болуп болунгондон башканы билбеген бизге ушул Ташиевдин денгелинен ашпаган гана Президент татыктуу болсо керек. Туура кыласынар туугандар, булар бир баатырдык иш, кыргызга кылымга жарай турган иш кылып, кыйратып салышты, майрамдагыла, тойлогула!
26.06.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ташиев той бердим деген шылтоо менен элди сатып алганга аракет кылып жатат. азыркы заманда баарыбыз эле кичине бирдемеге берип койсо болду компойуп ошол кишини мактап аны элдин адамы кылып алабыз.Жогору да жазып жатышат Ташиев Ош окуяларында чон иш кылды деп ошол учурда Ошто жалгыз Ташиев эле журуптурбу?Кыргыз элим деген канча азаматтар Ошко барып кан,жанын аябай,Ташиевтей болуп телохрон. артына жашынбай элди ынтымакка чакырып жургон азаматтар Кыргыз элимдин арасында толтура.
26.06.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ташиев-элдик баатыр!!! Башкаларды СИЗОго 8ай эмес 8кунго кармап койгондо башкача суйлоп башкача ырдап калмак "пикетке чыкпагыла, АНДАН КОРО КЫЗДАРДЫ СУЙГУЛО" деп. Ташиевдин журогу тоодой чындыкты тайманбай суйлогон элдик баатыр!!!!!
26.06.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
guchi, башкалар жанын сайып коюп басмачылардан бийликти алгандан кийин популист болуп таанылган адам, Атамбаевдин айкөлдүгүн билип алып опулдап турат. Мурдагыдай чекесинен жайлап турганда Атамбаев, Отунбаевалар жанында ашкерелеп жатканда Ташиев дегендин аты-жыты да жок болчу. Анан кайдагы тоодой чындык?! Кайдагы элдик баатыр?! Аялдарга жоолук таратып койсо эле, аны да өзүн жакшы көрсөтүш үчүн кылары кылык-жоруктарынан эле билинип турат.
26.06.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенип алган силерге адамдын боору ачыйт
28.06.2013. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Debi, Ушу тарапкерлер огородунарга алып барып баатыр кылып алгылачы Ташийпинерди!! Бул Ташиев эмне деп суйлоп жатканын озу билбейт, бул бирди суйлоп эртен башканы кылат. Муну срочно лечить надо Жылдыз Жолдошева экоону.
27.06.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
guchi, ал баатыр эмес тосмодон эл учун эмес озу учун саясатчы катары ордун жоготуп албоо учун гана ашкан ал эч качан баатыр боло албайт эч качан)))
26.06.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бакиевге кызмат кылып тоюнда жүргөн жана кечээ болсо, тосмодон так секире албай шишке сайылып калган ташиев кантип президент болот тобоо??? Дагы сөзүнөн танат да отуруп алып, жумушка киргизбей койгондон секирдим, ок тийди жамбашыма, эл үчүн секиридим, күнөөм бар туура эмес кылдым дейт бир сөздү жүз алмаштырып. Кайсы сөзүнө ишенебиз?
26.06.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооба эми президент болом дебеген Ташиев эле калды эле,8ай сизодо отурду баатыр дейсинер,ал эми акчасы жок бейкуноо 8жылга соттолгондорчу,чынын айтсам ушундай тойгузушту да бийликтегилер,качан онолобуз кыргыз элим,эл учун иштейм деген адам чыгабы деги
26.06.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulina, сайтта башка колдонуучуларды, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө жана мазактоого тыюу салынган.
10 күн БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 26.06.2013 15:19
26.06.2013. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ташиев алга!
26.06.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Debi,Ташиев Атамбаев, Отунбаева бийликке келгенге чейин деле тайманбаган,бетке айткан баатыр болчу.Эненлерди сыйлаган кем болбойт!Мына кудайдын казаны акырын кайнайт демекчи, акыры акталып чыкты.
26.06.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
guchi, бир дагы кылыгынан актала элек, кылганын мойнуна алган гана акталат. Сотторду коркутуп, жолду бууп, өлкөнүн тынчын алып чыгып кеткен адам каяктан ак болот. Паракор, бейбаш, мансапкорлук жагынан гүлдөп эле баратат, акталбай этпей эле.
26.06.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аргумент: Кылмышкер болуп, качып чыгып кеткен Үсөновдун аялын акчасына карап партиясына кошуп алды беле, алган! Ак үйдүн тосмосунан аттап өттү беле, өткөн! Эми чыгып, чыкпай, кечээки кылганына бети кыбырап койбой, президент болом дедиби? Деди! Эми дагы эле талашсаңар!
Модератор admin_superstan түзөттү 27.06.2013 09:49
26.06.2013. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Basmachy111, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
5 күн БАН!
26.06.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шеркул, сен кайдан билип алып баардык 5000500 элдин атынан Ташиевди эл сени менен деп жатасын?
27.06.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asul, Туура айтасын озунорчо эле эл сени менен башкасы да сени менен деп элдин атынан суйлогону акынар жок Ташиевди колдоочусу кыргыз-а коп деле эмес анан ал энелерди сыйлабай эле алардын этегине кирип бекинген
27.06.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Debi,жолду Ташиев бууган жок,жолду эл бууду. Эл суйлосо, чын суйлойт.Эгер Ташиев ак болбогондо чыгарышмак эмес,судьялар деле 9-классты бутуп келип олтуруп калышкан эместир ал орунга.Жанын кейип,ачуу чындыкты жеткируу учун сиз да ашмаксыз тосмодон тургай,зым тордон.
27.06.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bul jerdeda dagy bir myzam buzuu boldu da
Модератор admin_superstan түзөттү 27.06.2013 14:50
27.06.2013. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектер кетип эл калат бетеге кетип бел калат.Манас атабыздай чачылганды жыйнаган сатылганды кайтарган Кыргыздын уулу келеерине ишенем
27.06.2013. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ташиев башчы болот кыргызтанга
28.06.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Атамбаев да,Бакиев да бийликти куч менен басып алды го,алардыкы мыйзамдуубу
28.06.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
guchi, эми элге акча берип койсо жолду эмес башка жакты деле бууп салышат.Негизи бизде патриотизм деген жок болуп калды окшойт да,Сокур тыйындын арынан эле сая тушуп
28.06.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким болсо да ыймандуу адам болсун а биз карапайым кыргыз элим тынч бололу кудайым ошолорго кунду тушуро корбосун!
28.06.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы урматтуу окурмандар , чынында эле элди ойлогон эч ким жок, бийликтегилер болсо жалан гана оздорунун кызыкчылыктары учун гана иштеп журушот, бул азыркы учурда корунуп турган иш эмеспи,,, ал эми Ташиевге келсек ал президент болом деп уверено айткан создору , кыжырга тийет . баарыныздар эле коргон болсоздор керек, ак уйду басып алайын дегендерин ошол жерде элдерге айткан создорун, мен турганда эч кимден коркпогула , жер-жерлерден билликти басып алыга , дейт ошол президент болобу
28.06.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Борончу айтмакчы ак уйду шаардан сырткары таштуу жака салыш керек бирин бири жеп жата беришет эле
29.06.2013. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatnur, Тура айтасын бир жайлого боз уй эле тигип беришкерек ошакта согуша беришсин элге зянын тийгизбей
29.06.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен Ташиевтин тосмадон ашып жатканындагы видийону кордум ал ашып кирип не кылгандыгын корсотпоптур бирок кайра чыгып камздын устундо элге жер жерлерден чыкыла баскыла деп уруш кучоп кеткенде элдерге карабастан кайра камазга умтулган адамдаргада карабай айдап качып кеттиптир ушулбекен элге куйгонуу ал адамга кандай эл ишенгенин тушуналбадым 4 кишини чогултуп алып элдин атынын суйлогону жакпайта мейли кыйратпасын жонгана озунун эркектик намысын коргосо болмок. пиризиденттин п сыныда тен эмес.
01.07.2013. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Ата Журт Партиясынын Мучолору, Ташиев Кыргызстандын Келечегин Коздогон адам. Ак жол сага Аллах Колдосн!
01.07.2013. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toktakan бул сизге понята болсун Ташиевтин историясын коруп чыгын анан саясат жонундо толлук маалматка ээ болосуз анан Ташиев жонундо оюнуз озгорот ал эл учун коп жакшылыктарды жасаган и жасап келе жатат
01.07.2013. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замандаштар!Ф.Куловду деле турмодон чыгарып келип,тандем-мандем менен премьер-министр кылбады беле бийлик,албетте азыркы эмес,мурунку.азыркысы болсо пикеттен коркуп 3 жепутатты чыгарды,мына эми той откоруп,жал менен кыяга,казы картага чон тоюп анан супер пупер пикет башташат.ал эми кийинки бийлик пиар учун СИЗОГО камап,анан озулору тамак,тамеки ташышат СИЗОго.САЯСАТ-САЙ жана САТ,!бул нерсе бизге конумуш,сасык саясат учун аброй кетирип ушул жерде урушпагылачы бай болгурлар!
20.07.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге Кыргыздар ушундай элбиз жердешчилике эле кыйынбыз колунан эчнерсе келбесе да колдойбуз тим эле алга деп эх...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо