Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 2014-жылдан баштап мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоону эки эсеге көбөйтүүнү тапшырды.
- 2013-2014-окуу жылдарында ЖОЖдор арасында 5705 ГРАНТТЫК ОРУН бөлүнүп берилет.
- Кытайдын өкмөтү ушул жылдын күзүндө өтүүчү ШКУнун саммитине карата Кыргызстанга CADILLAC XTS үлгүсүндөгү 50 автоунаа өткөрүп берди, анын ар бири 80 миң доллар турат.
- ЖКнын депутаты Райкан Төлөгөновдун уулу МУСА ТӨЛӨГӨНОВ Апрель окуясындагы талап-тоноого шектүү катары кармалганын, ошондой эле анын жанынан мыйзамсыз алып жүргөн курал табылганын ИИМ билдирди.
- Глобалдуу тынчтыкты сүйүү индекси боюнча, Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен тынчтыкты ЭҢ АЗ СҮЙГӨН мамлекет деп табылды.
- Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча металлургия, алтын өндүрүү, энергетика жана тикмечилик ЭКОНОМИКАНЫ ТҮЗГӨН тармактар болуп эсептелет.
- Бизнес-ассоциациялар боюнча улуттук альянстын өкүлүнүн айтымында, чакан жана орто ишканалардын 70 ПАЙЫЗЫНЫН ичинде жүгүртмө каражаты жетишпейт.
- «Тиешелүү режим орнотулган өлкөлөргө Кыргызстанга кирүү үчүн ЭЛЕКТРОНДУК ВИЗА КИРГИЗИЛЕТ»,- деди ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев.

- Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн ЭҢ КӨП ТУРИСТТЕР Германия, Франция жана АКШдан келсе, КМШнын алкагында сапар тартып келген жер кезерлердин саны боюнча Орусия, Казакстан менен Өзбекстан лидер болушту.
- Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында «Кербен», «Чаткал», «Ала-Бука», «Көк-Таш» жана «Актам» ТОЗОТТОРУ курулууда, алар күз мезгилине барып толугу менен ишке кирет.
- Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 800 МИҢ ТОННА буудай жыйнап алуу пландалууда. Республиканын буудайга болгон керектөөсү 1,1 миллион тоннаны түзөт.
- «Freedom House» уюмунун докладына ылайык, Кыргызстан Борбордук Азиянын ичинен АВТОРИТАРДЫК РЕЖИМГЕ туруштук берген алгачкы өлкө болуп табылды.
- ӨКМнын 20-июнга карата тараткан маалыматына ылайык, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 18-июнда жааган кардан 1,5 МИҢГЕ ЖАКЫН мал кырылган.
- 2013-жылдын 20-июнь күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Гүлпиян жергесинде өзбек чек арачылары менен Сарыбай айылынын тургуну ортосунда чатак чыгып, анда кыргыз жараны КАЗА ТАПТЫ.
Эльвира Караева
politika@super.kg