Бурулкан Карагулова, акын:«КҮЙӨӨМДҮ КУРБУМ АЗЫРКЫГА ЧЕЙИН СҮЙӨТ»

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж

«Сен өбүшпө аны менен,
Сактап калат ич кекти.
Өбүшкөнүң угуп калсам,
Өрттөп ийем Бишкекти...»
Ушундай жалындуу саптардын ээси, акын Бурулкан Карагулова турмушту дал өзүндөй кабыл алып, аны тайманбастан айтып бере алат. Акын аял менен болгон маегибиз да ачык өттү...

КЫСКАЧА...
Бурулкан Карагулова 1957-жылы туулган.
Жалал-Абад шаарындагы №1-кесиптик окуу жайын, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
Кыргыз улуттук жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчөсү. «Кыял кемеси», «Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей», «Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө», «Бул дүйнө көркү чыгат сүйүү менен» аттуу ыр жыйнактарынын жана «Селсаяк», «Токтогул көлү – көз жашым» прозаларынын автору.
100дөн ашык акын кыздардын ырлары камтылган «Кыздар, ай» деген эки китептин түзүүчүсү.

«ҮШҮСӨМ КУЧАГЫНА КЫСКАН АТАМ ЖОК»
– Мен төрөлгөндө атам атымды Таңнуру коюптур. Бирок айылдын билерман байбичелери «экинчи кызыңар төрөлүп жатса, анан Таңнуру койчу беле, Бурмакан же Бурулсун койгула» дешиптир. Алардын айткандары жөнсүз болсо да, баш ийүү мыйзам болчу. Ошентип атым Бурулкан болуп калган.
Балалыгым абдан аянычтуу, оор күндөр менен коштолду. Атам эрки бекем, өтө сабырдуу, чыдамкай, өжөр киши болчу. Бир жолу кышында керебеттин кырына отура калып, апама «сыртка төшөк салчы» деди. Апамдын «үшүп каласың, үйгө эле кирчи» дегенине болбой, «жылдыздар толук чыксын, отура турайын, сен уктай бер» деп өзү жасаган креслосунда отурду. Мени көрө калып, жанына чакырып алып аябай жыттады. Апам мени жаткызганы үйгө кирген эле, канча убак өттү билбейм, бир убакта эшик катуу тарсылдады. Апам, артынан таежем Ыкын, мен жүгүрүп чыктык. Атам болгон күчүн жыйнап апамдын колун кармап коштошкондой силкилдетип, акырын диркиреп үзүлүп баратты. Ошондо алты гана жашта элем, кичүү иним курсакта кезинде атам бут оорусунан улам о дүйнө салды.
Көз ачып-жумгуча үйгө кишилер топтолушту. Бизди кошунаныкына алып баргыла дешти. Бирок мен атамды акмалап түнү менен боз үйдү айланып жүрө бердим. Таң агарганда боз үйдөн сыртка чыккан апам мени көрүп чочуп кетти, «кокуй күн, көк муштум болуп калыптырсың го, кошунаныкына барган жок белең? Атаң мени кечирбейт, балам» деп кокуйлады. Ыкын эжемди «карап койбойт белең» деп урушуп жатты. Жылуу жууркан жаап, мага чай апкелиш үчүн кайрадан сыртка чыгып кетти. Боз үйдө кемпирлер уктап жаткан. Мен ордуман туруп, атамдын жанына келдим. Гүлдүү чүпүрөк, анын үстүнөн жууркан жаап коюшуптур. Атам созулуп уктап жатыптыр. Койнуна кирип жатып алдым. Бири апама барып айткан окшойт, чыңырып эле жетип келди. «Жанына жатып алгыча байкабай калыптырбыз, атасынын кызы эле да, кантсин эми, сагынып жатат го» деп боз үйдө отургандар сүйлөнүп жатышты. Эртеси эле катуу ооруп калдым.

«АТАМДЫ ЭКИ ЖОЛУ ЖЕРГЕ БЕРДИК»
– Атамдын өлгөнүнө төрт айдан ашканда апам Жамгыр иниме жолдош кылып уул төрөдү. Атын Керезбек деп коюшкан, бирок метриканы алса, май айында төрөлгөндүктөн Майрамбек деп жазып коюшуптур. Чоң эжем Гүлүмбүнүн кызынын аты Майрам болчу. Ал «агам өлгөндөн кийин атымды унутпай айтып жүрөйүн деп Майрам койдуңбу?» деп апамды катуу жекирип, ошол боюнча катташпай койду. «Атты мен койгон эмесмин» деп чырылдаса да укпады.
Атамдын карындашы Турдукан эжеме кошуна болуп көчүп бардык. Эжем мени аябай жаман көрчү, үйгө кирип келип эле апамдын көзүнчө сабап кетчү. Атам каза болгондон кийин сиңдимдин ыйы такыр басылбай койду, апам элдин айтуусу менен атамдын мүрзөсүнөн топурак алып келип сууга эзип, аны чыпкалап ичирмекчи болгон. Турдукан эжем «антпе, көлөч менен оозго чаап-чаап ырымдайт» деп кир көлөч менен чаба берип, сиңдимдин оозун жарып салды. Апам ыйлагандан башка эч нерсе кылган жок. Бир жолу велосипед тээп жүрсөм, «өлүгүңдү көрөйүн, Карагул (атам) тирилип келгенсип мунун жыргап жатканын көр» деп таш менен желке талаштыра бир коюп, эсимди оодарып салган. Эжемдин ушундай мамилесинен улам анын балдары да жаман мамиле кылышчу.
Айылга украин жана орус улутундагылар келип, атам жаткан көрүстөндү казып, сөөктөрдү сыртка ыргытып жатышканы алигиче эсимде. Анткени ошол кезде Токтогул суу сактагычын курууга даярданып жатышкан. Талаада иштеп жаткан апамды чуркап барып чакырып келдим. Апам «олдо шордуум, ай, сени ушинтип көрөм деп ойлодум беле?» деп ыйлады. Күн мурунтан даярдап, чүпүрөктөн тигип койгон ак кепинин Ырыс эжемен алдыртты. Аңырайып ачылган көрүстөндөрдүн жанында кепиндерин кучактап адамдар уңулдап ыйлап турушту. Ээси жок эски сөөктөрдү карыялар мүшөккө чогуу салдырып жатышты. Апам атамдын сөөгүн кучактап көтөрүп алып өз айылы – Кушчу-Сууга экинчи жолу көмүп келди. Биз чоңоюп куран окутуп, эстелик койдурганга жарагыча мүрзөлөрдүн көптүгүнөн атамдын мүрзөсү таанылбай калды.

«КЕМБАГАЛ АКЫН БОЛБОЙ КАЛДЫМ»
– Бой жеткенде Жалал-Абаддагы кесиптик-техникалык окуу жайда билим алып жүрүп, машинистканын окуусун кошо окудум. Токтогулга келгенде райОНОго машинистка болуп ишке орноштум. Анан мени көргөн райондун жалпы бөлүм башчысы райкомго которуп алды. Ал жерге көнүшүп иштеп калганымда ошол башчы тийише баштады. Кабинетине чакырат, барсам кучактайт. Кучактап эле тим болбой, чалп эттирип өбөт. Апама айтайын десем, «сен анын кучактаганына эмнеге жол бересиң?!» деп кайра мени күнөөлөйт деп корком. Анда жигиттин колун кармай элек кезим. Толук кишилерди жаман көрчүмүн. Ошол балжайган толук кишиден жийиркенип иштен чыгып кетип, кайра кайрылып барбадым.
Борборго келип, КМУнун журналистика бөлүмүнө өттүм. 3-курска көчкөндө Жалал-Абаддагы сүйлөшүп жүргөн жигитиме турмушка чыктым. Экөөбүздүн 15 сом төлөп батирде турганыбыз жана титиреңдеп уруша бергенибиз эле эсимде калыптыр. Ал көз көрүнөө эле жүрүп кетти, ошентип эки кыздуу болгондо ажыраштык. Азыр кыздарым өз теңдерин таап кетишти. Мага улуу кызым Мээрим каралашат. Мурда «эң кембагал акынмын» деп интервью берчү элем, азыр шүгүр, Мээрим ичин евро кылып эки кабаттуу үй салып берди. Москвадагы түнкү клубдардын биринде администратор болуп иштейт. Кесиби – балерина. Биздин Опера-балет театрында иштеп жүрүп айлыгы аз деп Москвага кетип калган. Ал жерде да балет театрында бийлеп калды. Өзү бала кезинен эле соодага жакын болчу. Базардан 8 сомго сагыз сатып алып, аны кайра 16 сомго балетте чогуу окуган окуучуларга сатчу. «Апа, мен бутума туруп келип, сизди да бутуңузга тургузам» деп кеткен, айтканындай эле болду.

«ДУБАЛАНГАН ТАМАКТЫ ЖЕЙ БЕРЧҮ ЭКЕНБИЗ»
– Аалы Токомбаевдин үй-музейинде иштеп жүргөндө азыркы жолдошума жолуккам. Бир күнү эле менин ийримиме бир кара тору жигит ыр көтөрүп келди. Окусам орусча экен, мен аны «Сусловага бар» дедим. Такыр кетпей ийримге келе бергенинен улам, «документтериңди алып келчи, каттайын» дедим. Документтерин карасам, Сактанов Нурбек Көчкөнович деп жүрөт. «Апей, сен Сактановдун никесиз туулган баласысыңбы?» десем, «никелүү эле 1-аялынын баласымын» деп жооп берди. Күнүгө конфет, печенье, алма алып келет. Обончу Доктуркан Турдуева курдашым экөөбүз ал апкелгендерди жеп алып, аны кеп кылып калабыз (Доктуркан 18 ырыма обон жазган). Көрсө, аларды жакшылыкка дубалатып алып келгенин кийин өзүнөн билдик. Доктуркан Нурбекти сүйүп, Нурбек мени сүйүп эле жатып калдык. Ошентип жүрүп акыры баш коштук. Алысыраак таякеси Картаңбай аке менен Айнаш жеңеси той өткөрүп беришти. Экөөбүз тең ыр жазып, бир казанда кайнап келатабыз. Курбум Доктуркан жолдошумду азыр да сүйөт, турмушка да чыкпай калды Нурбек дей берип.
Нурбек басып өткөн жолун айтып берсе шолоктоп ыйлагам, ар бир күнү тозок экен. Атасы баласына өзү тарбия бергендин ордуна Бишкектеги №1-интернатка жетим бала деп өткөрүп салыптыр. Нурбек жөнүндө «Селсаяк» деген китеп жазгам. Ошол китепти окугандан кийин жакын туугандары Нурбектин дарегин билип, издеп келишти. Бардыгынын эле ою бир: «Өз жерибизге алып кетебиз, жаш кыз алып беребиз»,- деген. Нурбектин энеси каза болуп, атасы талаага таштап салып, ар бир дарактын түбүндө түнөп жүргөндө ошо туугандары каякта эле дейм да?
Нурбек экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 15 жыл болду. Мурас деген уулубуз бар. Бою кичинекей болгондуктан, Путин деп чакырабыз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Күйөөмдү курбум азыркыга чейин сүйөт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(39)
SUPER.KG видео
22.06.2013. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз жонундо билип алдым, эми китебинизди таап окубасам.
24.06.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эже ото ачылган экен.
24.06.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээрим менен чогуу иштегенбиз Шашлык-машлык деген кафеде, олло тырышчааак кокуууууй, бирок молодец ушинтип апасын багып , бутка туруп))))))
24.06.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эжесинин желке талаштыра таш менен бир урганы жаман болуптур, бирок оло кулдум элестетип алып.
24.06.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эженин кызыктай ырлары да бар. Уяттуу ырларды көп жазат. Бирок кээ бир ырлары чын эле мааниси терен
24.06.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okup atyp boorum oorup,bir ushkurunup aldym.Birok en negizgisi jakshy kundorgo jetiptir...
24.06.2013. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акын адамдар эч качан жакшы жетишкен жашоодо жашашпайт.же уктунар беле особнякта жашап ыр жазган акынды.булар оор турмушту башынан кечиришип анан ыр жазышат.омур берсин эже сизге
24.06.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачык интервью болуптур. Эч нерсени жашырбаган карапайым акын эже экен да.
24.06.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куйосу озунон кичуу го айтымына караганда
24.06.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эженин эч нерсени коркомдобой ачык экени жакты
25.06.2013. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аялдык бакыт каалайм, эже!
25.06.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунчалык ачык маек куруп бергенинизге рахмат эже.Уй-булолук бакыт каалайм.
25.06.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кандай боек-соек кошпой,жашоосу кандай болсо ошондой баяндаптыр,баарыле минтип айтууга духу жетпейт......."Кокурогун жыттап алдым байкатпай"деген энесине арналган ыры мага аябай жагат.......
SUPER.KG видео
25.06.2013. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун эже экенсиз))) омурунуз узун болсун! ачык суйлогонунуз, кулгонунуз жакты. жашоонуз кызыктуу экен. дагы уккум келип жатат кобуроок маек курсанар болмок дааааа.
SUPER.KG видео
25.06.2013. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эки жолу кордум маегинизди. ночьтон жумуштан келгениме карабай))) москвадан.
25.06.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дубаланган суйуу болгон тура. Кыз суйсо, калат; бала суйсо, алат-дегендей болуптур. Сиздин ырларынызга, чыгармачылыгынызга кызыгып калдым.
25.06.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzyktuu maek boluptur.
25.06.2013. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул акындын ырларын кай жерден тапсак болот,мен телефондон кирем,кочуруп да алуум керек эле,айтып коюнуздарчы,сураныч.
25.06.2013. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апееей, Көчкөн Сактановдун "Абат дүйнө", "Маркумдар үнү" деген чыгармалары мага абдан таасир калтырган. Таң калып калдым, баласын интернатка бергенине, бирок эми, шарты ошондой болгондур балким...
25.06.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өтө кызыктуу маек болуптур, аялдын жүрөгүндө сүйүү болсо, анда ал ар дайым жаш болот!
26.06.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
токпой чачпай баяндап бериптир жашоосун
26.06.2013. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
курбусу байкуш дубаланган тамактарын жеген учун азыркыга чейин суйуп,турмушка чыкпай калды да.
26.06.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо менин аяш энем го. Апамдын жакын досу болот. Ноокат районундагы Токтогул атындагы мектеп-интернатында чогуу окуган. Жакында эле жарык коргон "ТОКТОГУЛ КОЛУ КОЗ ЖАШЫМ" деген китебин окуп чыгып ыйладым. Ийгилик сизге аяш эне!
27.06.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisuluusha менин купуяма жаз Бурулкан эженин электрондук дареги менен тел номерин берем.
27.06.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да курбум жолдошумду суйот, окшош тагдырлар!
28.06.2013. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshol 1-internatta men okugam.
29.06.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Сүйүүгө сүңгүп кирип кетип, эмгиче чыга албай жүрбөймүнбү, өлүгүңдү көрөйүн" деди бир эле )))). Жасалмалуулук жок болгондо ар бир адам, ар бир айым сулуу, кызыктуу, кунарлуу...
01.07.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени кечиргиле, бирок дагы 1 Бурулкан Карагулова деген бар беле??? Кажы-Сай тараптык.
SUPER.KG видео
20.07.2013. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chygarmachyl ulgayip kalgan bul ejenin aitkandaryn ugup oturup men uyalyp kettim.eje sliwkom lichniylardy emne zaryl elge danaza kylyp.joldowunuzdu kemsintip,ozunuzdu maktap,ejenizdy jamandap,siz aitkanda dele al orduna kelgis onolgus nerse.kudai tapwyryn,jawtarga ulgu bolun.
SUPER.KG видео
18.09.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур эже да ачык экен .
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо