БАШКЫ ПРОКУРАТУРА ҮЧ «АТА ЖУРТЧУНУ» АКТАГАН ӨКҮМДӨН КҮМӨН САНООДО

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

Башкы прокуратура «Ата Журттун» үч депутатын актоо боюнча Бишкек шаардык сотунун өкүмүндө күмөн жараткан айрым жагдайлар бар» деген өңүттө билдирүү таратты. Ошондой эле шаардык сот өкүм чыгарган жыйындын протоколун али күнчө прокурорлорго көрсөтө электиги мыйзам бузуу экени айтылат. Мамлекеттик айыптоочулар бул документти беш күн аралыгында колго ала албай калышып, Бишкек шаардык соттун чечимине карата Жогорку Сотко апелляциялык арыз жаза албай калгандыктарын айтышты.
Башкы көзөмөл органынын баамында, сот чечимди басым көрсөтүүнүн негизинде чыгарган. «Өкүм угузуу 24-июнга, бир аптага калтырылат дегенде соттолуучулардын тарапташтары судьяларды желим бөтөлкөлөр жана бут кийимдер менен ургулай башташты. Сыртта турган эл сот короосун курчап турган тосмону бузуп киришти. Мунун өзү депутаттардын колдоочулары тарабынан аларга басым болушу мүмкүн экендигин далилдейт»,- деп айтылат билдирүүдө. Ал эми Жогорку Сот Бишкек шаардык сот өкүм чыгарган күнү протоколду мамлекеттик айыптоочуларга көрсөткөнүн айтып чыкты.
Алгач Биринчи Май райондук соту депутаттар К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовду 1-1,5 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган болчу. Бирок 17-июнда шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актоо менен аларды сот залынан бошоткон.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
01.07.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулардын оюну мага такыр жакпады
01.07.2013. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балага "жез кемпир жеп кетти"деп жомок айткандай айтышат да,баарыбызга эле тушунуктуу болду да,театрлаштырылган сот болгондугу.
01.07.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
brat1980, Саламатсызбы!
Суроолоруңарды info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
01.07.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бири олуп бири калсын бирин бири жеп алышсын бирок элди тынч койгула пикетке фас дей бербей болду да депутаттарды бошоттубу бул теманы жаап мындан ары алардын иштеген ишине конул бурайлы
01.07.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак караны так ажырата албагандан кийин Кыргызстанга сот системасынын кереги жок деп ойлойм... Факты жок деше, ал эми Ташив аянтта ак уйду басып алабыз дегени эле канча... Эгерде простой смертный, акчасы жок бир байкуш патриот болгондо эмгиче 12-15 жылга эркинен ажыратышмак..
01.07.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумон саноону Буткаевден баштаса болмок башкы прокуратура.
01.07.2013. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буткаев олбой эле Москвада кыргыздарга налок салып журот бийлик соройлор ойгонгула уктай бербей.
02.07.2013. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Батинке менен башка чаап, милициянын погондорун жулуп жатса да,актаганы кызык экен. Баштан-аяк концерт. Биздин артисттер элди кулдуро албай калды. Кулдуруш учун депутат болгула, анан кылгылыкты кылып коюп баарын тана берсенер, Нобель премиясын аласынар. Аргасыз айтылган соз.
02.07.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Asul, 100% кошулам
03.07.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сот залына чакырса келбей эми кумон саноодо имиш. Чачы узундун акылы кем деген ушулда
05.07.2013. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ашиевтерди токтоосуз соттош керек. Шаардык соттор сатылып кетти. Бирок жогорку сот бар. Демек алар кайра иш козгосо болот. Жана ошол атоо окумун чыгарган сотторго баа берип аларды кызматтан алып, озулорун сот жообуна тартыш керек!
07.07.2013. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
после пожаром колунан иштеке келбей калды го еми жогорку соттун да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо