-
1-октябрдан баштап Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын айлык акысы премьер-министрдин маянасына теңелет. Андан сырткары облустук соттун судьялары 40 МИҢ СОМ, райондук соттун судьялары 38 миң сом маяна алып баштайт.
-

Быйыл абитуриенттер ЖОЖдун
БЮДЖЕТТИК ОРУНУНА өтүү үчүн негизги тесттен 110, предметтик тесттен 60 баллдан жогору алышы керектигин Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
-
Каржы министри Ольга Лаврова Дүйнөлүк банк Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 25 МИЛЛИОН ДОЛЛАР бөлөрүн айтты.
-
2012-жылдын соңуна алынган маалыматка ылайык, өлкөдө пенсия алгандардын саны 613 миңге жетип, акыркы 5 жыл ичинде пенсионерлердин саны 42 МИҢ кишиге өскөн.
-
Өткөн жылы өлкө боюнча 29 миң кылмыш катталып, анын 62 ПАЙЫЗЫНЫН бети ачылган.
-
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, былтыр 2011-жылга салыштырмалуу ЖАКЫРЧЫЛЫК Чүй, Талас, Нарын облустарында төмөндөп, Жалал-Абад менен Ош дубандарында өскөн.
-
2013-жылы Баткен облусундагы мамлекеттик чек араларды жабдууга, электр зым карагайларын орнотууга, фельдшердик-акушердик пункттарды жана чек ара бекеттерин курууга 144 МИЛЛИОН СОМ каралган. Жыл башынан бери анын 40 миллион сому бөлүнүп берилди.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 17-18-июнь күндөрү өлкөнүн түндүгүндө күтүүсүз жааган кардан улам жарандар 17 МИЛЛИОН сомдук чыгымга учурады.
-
«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин жардамчысы, «7-каналдын» коммерциялык директору АПСАМАТ ПАЯЗОВ Сузак райондук прокуратуранын санкциясы менен «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» делип камакка алынды.
-
Жогорку Кеңеш «КУМТӨР» боюнча келишимди денонсациялоо маселесин сентябрь айында карамай болду.
-
ЭМИЛБЕК КАПТАГАЕВ өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
-
Кыргызстанда былтыр расмий түрдө 9800 баңгизатка көз каранды жарандар катталган.
-
«Ата Журт» партиясынын лидери болуп кайрадан депутат САДЫР ЖАПАРОВ дайындалды.
-
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 3 ФАЗАЛУУ электр энергиясын колдонуучуларга карата тариф көтөрүлүшү мүмкүн экендигин айтты.
-
Президент Алмазбек Атамбаев «Манас» аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча макулдашууну ДЕНОНСАЦИЯЛОО жөнүндөгү мыйзамга кол койду.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg