БИШКЕКТИ НАРЫН ДЕП АТАСАК ДЕЛЕ АКЫБАЛ ЖАКШЫРБАЙБЫ?

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

Көп убакыттан бери Жогорку Кеңеште Бишкек шаарындагы Свердлов районуна Чыңгыз Айтматовдун, Биринчи Май районуна Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу тууралуу маселе көтөрүлүп келет. Муну «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Абдырахман Маматалиев сунуштоодо. Абдырахман мырзанын айтымында, райондордун аталышын тарыхый инсандардын ысымына алмаштыруу боюнча калк арасында сурамжылоо жүргүзгөндө Бишкек шаарынын тургундарынын көбү макул болушкан.
Ал эми фракциялашы Дастан Бекешевге райондордун аталышын өзгөртүү анчейин жага бербеди. «Мен Бишкектин тургуну катары шаардыктардын каалоосун жакшы билем. Тарыхый инсандардын ысымын музейге же сейил бактарга берүүгө болот. Же өзүңүздүн жериңизге коюп алыңыз. Менин айтайын дегеним, жер аталыштарын алмаштырууну качан токтотобуз? Андан жашоо оңолбойт. Алдыга жылуу үчүн жаңычылдык жаратуу керек. Бишкекти Нарын деп атап койсок деле абалыбыз жакшырып кетпейт»,- деди ал. Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун айтымында, бир райондун аталышын алмаштырууга 120 миллион сом керектелет. Ошентип Свердлов районуна Чыңгыз Айтматовдун, Биринчи Май районуна Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу тууралуу мыйзам депутаттар тарабынан кабыл алынды.


Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
01.07.2013. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эптеп бюджеттен акча кымтып, капчыгын кампайтууну ойлогон чиновниктин амалы да! Эшекти ат деп атап койсон ат болуп калбайт! Кыргызстанды деле Германия же Кытай деп атын озгортуп коргуло, онугуп кетет бекен, коробуз?!
01.07.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол 240млн сомду жок дегенде 2км жолду ондогонго сарпташса болмок?! Ай биздин бекерчи чиновниктер ай!!? Бир карасан желекти озгорткусу, бир карасан койлорго паспорт бергиси келишетда! Тообо, орустар айтмакчы*делать ничего* эрмектешип журушотда...
01.07.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекти койуп Оштогу махалла дегендерди озгортуш керек эгер озгортом дешсе бир айлык айлыгымды салатлем.Оштуктар келгиле ушул маселени которолу бийликтин акчасы аздык кылса биз озубуз чогултайлы
02.07.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beko-, аай мине деп койдун озун тушундун окшойт , махалла деп эл айтпайт эч убакта айткан да эмес "махалляя" деп бирле адам айтат анан ошонун кошоматчылары кошулуп алып айтышат
03.07.2013. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса жер ортто. Ошол миллиондорду дарыланууга муктаж жаш балдарга коротушпайбы келесоолор.
05.07.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата Журтчулар халявага илинип, калалы деп колдоп беришпедиби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо