ЧИРКЕЙДЕН КОРГОНУУ ЫКМАЛАРЫ

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

Чиркей көбүнчө кичинекей балдарды жана териси жука адамдарды чагат.

 



Тердин жытын жакшы сезгендиктен, тердеген адамга чиркей көп жабышат.


Адамдын каны менен ургаачылары гана азыктанышат. Аларга кандын курамындагы заттар жумурткалоо жана энергия алуу үчүн керек. Кан сорбой калган учурда өсүмдүк ширесин соруп күн көрөт, бирок жумурткалай албайт. Эркектеринин жаактары өнүкпөгөндүктөн кан соро алышпайт, өсүмдүктөрдүн ширеси менен тамактанышат.

 

Чиркей безгек, сары калтыратма, менингит, энцефалит ооруларын жугузуучу болуп эсептелет. Анын шилекейинде күчтүү аллерген бар

 

САКТАНУУ ЖОЛДОРУ
1. Туура кийиниңиз (денеге жабышкан, ачык түстүү, жеңи узун кийимдерди). Дененин ачык бөлүгүн мүмкүн болушунча жабыңыз.
2. Имарат, үйлөрдүн терезесине чымын-чиркейден коргоочу тор тагыңыз.
3. Аллергиктер жанына антигистаминдик каражаттарды (аллергияга каршы дарыларды) алып жүрүүлөрү зарыл.
4. Коргонуу үчүн синтетикалык репелленттерди (чиркейлерди коркутуп оолактатуучу химиялык каражаттар) же табигый каражаттарды (өсүмдүктөрдүн эфир майлары) колдонуңуз. Бирок тамактанарда колду сөзсүз жууш керек.

КОРГОНУУ КАРАЖАТТАРЫ

СИНТЕТИКАЛЫК:
тери үчүн кремдер
Чиркейге каршы кремдер 2-3 саатка терини коргой алат, аны жука кылып сыйпоо кажет. Бирок кремди дененин чийилген, тытылган, жара болгон жерлерине сүйкөөгө болбойт.

аэрозолдор
Кийимге, терезе торлорго, чатырга себиңиз.Эгер аларды жуубасаңыз, күчтүү аэрозолдун жыты 1 айга чейин сакталат.

ТАБИГЫЙЛАР:
эфир майы
Гвоздика, анис, эвкалипт, валериана, арчанын эфир майын же ванилинди бир жакка чыгарда дененин ачык жерине сүйкөө керек. Ошондой эле чүпүрөктү же дакини эфир майына нымдап терезеге коюп койсо чиркей жолобойт.

пиретрум (түрлөрүн ромашка деп да аташат)
Гүлүн, сабагын же жалбырагын кургатып,абдан майдалап, анан имарат ичинде түтөтүү керек. Үзүп келип бөлмөгө чачып койсо да болот.

помидор жалбырагы
Помидор өстүрүлгөн идишти терезеге, үй ичине же үйдүн кире беришине коюп коюу кажет.

кедр майы
Бул дагы чиркей, чымын жана таракандарды кубалайт.

буудайык, буудай баш (пырей)
Тамырын майдалап сууга салып, суунун өңү ачык сары болгуча кайнатып алуу сунушталат. Көчөгө чыгарда кайнатма менен бети-колду жуу зарыл.

ЭГЕР ЧАККАН ЖЕРДИН ӨҢҮ КЫЗАРСА...


Чаккан жерге аллергияга каршы гель же крем сүйкөңүз.

Антигистаминдик каражатты ичиңиз.

Чаккандан улам кычышкан жерге муздак компресс же муз коюңуз.

Чаккан жерди 200 грамм муздак сууга жарым чай кашык сода кошуп, аз-аздан жууп туруңуз.

 

Чиркей чаккан жерди кан чыккыча тырмап салууга болбойт! Инфекция кирип, ириңдеп кетиши мүмкүн.

 

ЖАНА ДА...
Сыртта тынч отуруп чай ичүү үчүн...
1) Самоорду карагайдын тобурчагы менен кайнатыңыз. Анын түтүнүнө чиркейлер жолобойт.
2) Арчаны түтөтүп коюңуз.

Үйдө
Ванилин, гвоздиканын, анистин, эвкалипттин, валериананын жана арчанын эфир майын ысыган казан көмөчкө тамчылатсаңыз жыты бөлмөгө тарап, чиркейлер качат жана кирбей калат.

Үй шартында чиркейге каршы мазь жасоо
Балдар үчүн кремди алып, ага 3 пачка ванилинди кошуп аралаштырсаңыз, мазь даяр. Бир жакка чыгарда сүйкөп аласыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Чиркейден коргонуу ыкмалары

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
29.06.2013. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир пайдалуу кенеш чиркей чагып кеткен жерге бананды суйкосонуз ал жер кычышпай тез тарап кетет.
SUPER.KG видео
01.07.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка ыкмалары жок бекен, коргонуунун:) Гезит окугандай эле болдум
01.07.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негедир менден чиркей айланып отуп кетет))
01.07.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле коп тердеген адамды коп чагат окшойт мен да коп тердейм и коп чагат кээде ушунчалык нервими бузут чыдагыс.
01.07.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тердебеcен деле kийимдин ycтyнoн чагып kетишип атат.
02.07.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni azur da 4agyp jatat. Duhimdi ustumo syipap alsam da 4akpai kalat
03.07.2013. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин козумду чагып 5кун козум шишип, кычышып аябай кыйналдым.
Модератор admin_superstan түзөттү 03.07.2013 09:52
03.07.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени да аябай чагат. Тырмай берип нервим кайнап кетет.
05.07.2013. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журанилис ака рахмат кенешинизге
05.07.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени да чиркей коп чага бербейт себеби канымдын группасы чиркейге туура келбейт экен))))
05.07.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени чиркейлер издеп келишет тер жыттанбасам деле чагып кетишет
06.07.2013. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kamar degen jindi bar eken go kurtka kiy, janagyndai fignyawkalardy sebin tolk 4ykpait
06.07.2013. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билбейм тердебесем деле олгудой чагат
07.07.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени чагат деп баарын эле жазып салыпсынар го окуп кулбодум, бирок кулгум келди
аа эми чиркей болгондон кийин чагат да табияттын мыйзамы экен да.
07.07.2013. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандын 1-2-3-группаны чакса керек 4-группаны чакпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо