№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж
Мына ушундай аталыштагы марафон Кызыл-Кыя шаарындагы «Төрөт үйү» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, 21-июнда болуп өттү. Марафон уланып отуруп, 2-июлда Бишкек шаарында жашаган Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларынын тургундары үчүн өткөрүлгөнү турат.
Кызыл-Кыядагы төрөт үйү 1956-жылы пайдаланууга тапшырылып, ошондон бери үзгүлтүксүз иштеп келген. Жыл сайын анда 5000ге чейинки ымыркай төрөлөт. Тогуз жолдун тоомундагы бул төрөт үйү Ош облусунун Ноокат, Араван районунун Төө-Моюн айылдык округдарынан келгендерге да кызмат көрсөтүп келген. 2010-жылкы катуу жер титирөөдөн имарат авариялык абалга кабылган. 2012-жылы төрөт бөлүмү аймактык ооруканага көчүрүлгөн.
Көпчүлүк элдин суроо-талаптары боюнча 2013-жылы «Төрөт үйү» коомдук фонду түзүлүп, имаратты оңдоп-түзөө үчүн аракеттер жүрүүдө. Марафондон аталган фонддун эсебине 785 миң 99 сом түшкөн. Ал эми 21-июнда өткөн марафондун жүрүшүндө накталай 1 миллион 149 000 сом чогулган. Түшкөн акчанын баары төрөт үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө жумшалат.
Элира Чынтемир кызы
batken@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |