№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж
1-июлдан 4-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган 5-республикалык театралдык фестиваль Нарын шаарында өтөт. 1-июль күнү фестивалдын катышуучуларынын театралдык жүрүшү болот.
Аталган иш-чарага Нарын драма театры, Ош облустук «Дидар» куурчак театры, Кочкор музыкалык драма театры, Чүй облустук драма театры, К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры, К.Акиев атындагы Жумгал драма театры, Алай музыкалык драма театры, Талас драма театры, Ош кыргыз улуттук драма театры, Баткен облустук театры, Жаштар театры, «Туңгуч» театры, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын артисттери катышып, ар түрдүү жанрдагы оюндарды коюшмакчы. 4-июлда театрдын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу жана жабылыш аземи болот.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |