КЕЛБЕТИҢИЗГЕ ЖАРАША КИЙИНИҢИЗ

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Бир жакка чыгарда «эмне кийсем?» деген суроону өзүнө бербеген айым болбосо керек. Ал эми жарашыктуу кийим тандоо оңой иш эмес. Сырттагы аба ырайын, бара турган жериңизди, бут кийимиңиздин ылайыгын, айтор, бир топ нерсени эске алуу талап кылынат. Бирок алардан да маанилүүсү бул – сиздин дене түзүлүшүңүз. Кийимди дене түзүлүшкө карата туура тандоо менен мүчөңүздөгү кемчиликтерди жашырып, артыкчылыктарды баса белгилөөгө болот. Бүгүнкү кеңешибиз денеңиз кайсы түргө кирерин аныктоого жана ага жараша кийимди туура тандоого жардам берет.

V ТҮРҮНДӨГҮ
Далысы жамбаш сөөгүнөн 20-25 сантиметрге чоң. Бел сызыгы дээрлик билинбейт.
Мындай учурда далынын чоң экенин жашыруу үчүн көңүлдү буттарга бурдуруу зарыл. Сүрөт түшүрүлгөн, ар кандай түстөгү, этеги кенен юбкаларды жана шымдарды кийүү керек. Буттарыңыз көрктүү болушу үчүн бут кийимиңиз да көзгө дароо уруна тургандай үлгүдө болууга тийиш. Ал эми үстүңүзгө бир түстөгү, чапташпаган кофталарды кийиңиз. Фонарь стилиндеги пиджактардан баш тартуу зарыл. Кошумча ийин тигилген сырт кийимдерди сатып албаңыз же тигишинен сөгүп алып коюңуз.

(!) Негизги максат, жамбаш сөөгү далыдан кичинекей экенин жашыруу.

ТИК БУРЧТУК
Дененин үстүңкү бөлүгү тик бурчтукту элестетет. Далы, бел, жамбаш сызыктары дээрлик бирдей өлчөмдө. Жамбаш менен бел сызыктын айырмасы 25 сантиметрден ашпайт.
Классика стилинде кийинүү сунушталат. Кыска костюм жакшы жарашат. Багелеги ичке шымдарды жана көкүрөктү баса белгилечү төшү ачык кофталарды кийсеңиз болот. Моюн орогуч, аксессуар, бижутериялар менен достошуп алыңыз. Анткени бул аялга назиктик тартуулайт жана дене түзүлүштөгү мүчүлүштүктүн көз жаздымда калуусун шарттайт.

(!) Дене түзүлүштү экинчи планга калтыра турган нерселерге басым жасоо керек. Кооз буюмдарды тагынууга аракет жасаңыз.

АЛМУРУТ
Далысы жамбаш сөөктөн ичке. Жамбаш сызыгынын айырмасы 25 сантиметрден жогору.
Дене түзүлүшү алмурут формасындагы айымдар сексуалдуу көрүнүшөт. Бирок кийим тандоодо маселе жаратпай койбойт. Мындай фигурадагылар чоң жакалуу, көкүрөгүндө чөнтөктөрү бар, кошумча кездеме менен кооздолгон кофталарды кийгени оң. Ийини фонарь стилиндегилер жакшы жарашат. Багелеги ичке шымдар, түз жана орточо узундуктагы юбкалар сунушталат. Пиджак бел сызыгынан ылдый болуусу керек. Этеги жайык эмес көйнөк эң туура чечим боло алат. Моюнуңузга болсо көзгө дароо уруна турган шуру, кулон, чынжыр тагынып жүргөнүңүз маселени жөнгө салууга өбөлгө болот.

(!) Көңүлдү дененин үстүңкү бөлүгүнө буруу менен жамбаштын чоң экенин жашырганга аракет жасаңыз.

КУМ СААТЫ
Далы менен жамбаш сөөк дээрлик бирдей. Кымча белдүү, келишкен келбет.
Мырзалардын көзүн күйгүзгөн идеалдуу дене мүчөгө ээ айымдар десек болот. Түстөрдү гана туура тандоо маселе жаратпаса, бардык үлгүдөгү кийим жарашат. Айрыкча жоогазын формасындагы юбкалар, ичке шымдар, денеге жабышкан көйнөктөр көркүңүзгө көрк кошот. Жоон курлардан баш тартыңыз. Анткени ал сиздин кымча белиңизди жоон көрсөтүп коёт. Өтө кенен кийим кийбегенге аракет кылуу керек.

(!) Дене түзүлүшүңүздүн көрктүүлүгүн билдиргенге аракет кылыңыз.

КЫШ
Дененин үстүңкү бөлүгү буттардан узунураак болот. Далы, бел, жамбаш сызыктарынын ортосундагы айырма аз.
Мындай дене түзүлүш эркектин дене түзүлүшүнө окшошуп кеткендиктен, назиктикти тартуулай алган кийимдерге басым жасаш керек. Катуу, оор жана түсү кара же күрөң кездемеден тигилген кийимдерди кийүүдөн оолак болуңуз. Кыска пиджак менен узун көйнөк же юбка абдан ылайыктуу. Шым сатып аларда бели узундарын издеңиз. Аны жоон кур менен кийсеңиз, белди өйдөрөөк көрсөтүп, буттун кыскалыгын жашырат. Кардиган, узун пиджактарды кийбегениңиз туура.

(!) Буттарды узун көрсөтүүгө аракет жасалышы керек.

АЛМА
Курсагы чыгып турат. Адатта, толук айымдар.
Бир караганда көзгө дароо курсак урунбашы үчүн баш бөлүккө көңүл буруп, чач жасалгасы өзгөчө көрүнүп турууга аракет кылуу зарыл. Бетиңиз да туура, тыкан боёлуусу абзел. Ал эми бийик жакалуу же көкүрөгү V түрүндө кесилген этеги узун кофталарды тандасаңыз, адашпайсыз. Ошондой эле тизеден бир аз ылдый, ичке юбка, көйнөк кийсеңиз болот. Этеги балбыраган, узун шым же көйнөктөр сиздин толук денеңизди баса белгилеп көрсөтүп коёт.

(!) Курсакты жашыруу үчүн көңүлдү көкүрөккө бурдуруу керек.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


Келбетиңизге жараша кийиниңиз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
06.07.2013. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул Гуля эжебиз стилист экенин жазбаса, бир базардагы эле катын деп ойлойт элем ))) (кечиресиз). Озу стилдуу кийинип, чач-башын тарап, бир аз макияж коюп деле анан кенеш берсе болмок.
SUPER.KG видео
07.07.2013. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чет элдин кыздарынан башка жок бекен корсотконго кыргыздарга кенеш айткандан кийин кыргыздарды корсотуш керек болчу
08.07.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер кандай кийиндиришти билип калдынарбы не э ар ким озуно келбетине жараша кийиништи билсе керек
08.07.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alia_avia, беш кол тен эместа мин билген учурда деле ар бир адамда кемчилдиги болот мага жакты аябай керектуу кенеш экен....
08.07.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy kenesh eken.
08.07.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмаааат....
08.07.2013. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң соонун кеңеш силер суперсиңер чооң рахмат. Дагы пайдалуу кеңештерди күтүп калам.
09.07.2013. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
көкүрөк,жамбаштарды жашырбай бардык денеңерди жашыра турган мусулманча кийинсеңер,любой ыймандуу жигиттерди өзүңөргө бура аласыңар.
09.07.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyrgal_msk, созунузго кошулам.
10.07.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ар кимдин оз эрки да хиджап кием десе жонокой кием десе деле бирок жакшы кенеш мага жакты рахмат силерге суперчилер.
10.07.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super kenesh artık kiyingendi uyrondum rahmat super info
12.07.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga КЫШ degen figuranyn atalywy jakty aty soonungo
12.07.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барибир эшекке гилем жапсада эшек да
13.07.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
roma91 сен анда аялына гилем оронтуп алып жур себеби ал эшек да
14.07.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче кыздардын баары мусулманча кийинип журсо жакшы болот деп ойлойм.
15.07.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men je da
SUPER.KG видео
18.07.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сураныч Супер инфо мага ушу эже керек болуп атат....байланыштыра аласыздарбы?........рахмааат....
14.08.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен, рахмат силерге! дагы пайдалуу кенештерди кутобуз
28.08.2013. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен, жонокой, жеткиликтуу. Чын эле: "эмне кийсем" деп ойлонуп калган учурлар коп, эркек балдар учун да кенештер болсо)...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо