КЫРГЫЗ ПАСПОРТУНА КАЗАК ОЛИГАРХЫНЫН КҮНҮ ТҮШҮП КАЛГАНБЫ?

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин айыгышкыс душманы, оппозиционер, миллиардер-олигарх, банкир Мухтар Аблязовго өткөн жылы Кыргызстандын паспорту берилген деген маалымат ушул жылдын жаз айларында айтылган эле. Бул ишти кыргыз-казак коопсуздук кызматкерлери бирге иликтеп чыгышты.
Иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук паспорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нуржамал Үсөнова өткөн жылдын этегинде жасалма мөөр, жетекчилердин жасалма кол тамгасы менен Мухтар Аблязовдун сүрөтү чапталуу 1965-жылы туулган Нурдин Осмонов деген ысымдагы паспорт даярдап бергендиги аныкталды. Учурда бул кызматкер иш ордунан бошотулган.
Бүгүнкү күндө качкында жүргөн Аблязов 2009-жылы өз мекенинен чыгып кеткен. Казакстандын Атырау шаардык соту качкын миллиардердин үй-бүлөсүнө чет өлкөгө чыгып кетүү үчүн мыйзамсыз документ жасап берген бир нече адамды 9 жылга чейин эркинен ажыраткан болчу. Ушул айдын башында Рим шаарынын полициясы Мухтар Аблязовдун аялы менен кызын алардын жанынан Борбордук Африка Республикасынын жасалма паспорттору табылгандыгы үчүн кармашып, Казакстанга өткөрүп беришкен. Аблязов кезинде коңшу өлкөдө энергетика, өндүрүш жана соода министри, БТА банкынын башчысы сыяктуу бир катар жогорку кызматтарда иштеген.
Өз учурунда казак лидеринин элдешкис душманы тим жатпай, интернеттеги баракчасы аркылуу Кыргызстандын паспортун албаганын жазып, муну казак бийлиги тарабынан жасалган «кара пиар» деп атады.
Мамлекеттик каттоо кызматы өз мекемесинде структуралык өзгөрүүлөр, коррупцияга каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат деп билдирип келгенине карабай, казак олигархына Кыргызстандын жасалма паспорту берилгендигин пландык текшерүүдө өздөрү аныктап чыгышкан. Бирок ушундай чуулгандуу окуянын жоопкерчилигин катардагы кызматкерине оодара салуу жана аны кызматтан четтетүү менен кутулуп кетүү кадыресе көрүнүшкө айланууда. Мисалы, былтыркы жылы эле Казакстандан алынып келинген уулуу көмүргө башында министрлерден өйдө күнөө тагылганы менен, акыр аягында эң ылдыйкы тепкичте турган врач-радиолог айыптуу болуп чыга келгени белгилүү.
Паспорт берчү бул кызматтын буга чейин да көп былыгы чыгып келген. Мисалы, акыйкатчы Турсунбек Акунду иш ордунан шыпырып түшкөн Батукаев окуясында дал ушул орган «мыйзамдагы ууруга» кыска мөөнөттө паспорт жасап берип, анын өлкөдөн шашылыш чыгып кетүүсүнө көмөктөшкөн делген. Дагы бир уу-дууну жараткан иш – жаш ди-джей жигит, токмок уусунан көз ачпай кете берген Жаныбек Айдаралиевди сабаган ЖКнын депутатынын жардамчысы Максат Эралиевдин 7 паспорту бар болуп чыккан. Кыргыз паспорттору чет өлкөлүк уюшкан кылмыш топторунан жана террористтик уюмдардын мүчөлөрүнөн табылган фактылар да кездешкен.
Партиялык башкаруу тушундагы бул кызматтын тизгини «Ар-намыс» фракциясына тиешелүү болуп, аны түздөн-түз Феликс Кулов көзөмөлдөп турары белгилүү. «Темир генералдын» Мамлекеттик каттоо кызматын көзөмөлгө алуу аракети, атүгүл менчиктештирип алгандай түр көрсөткөнү коомчулукта жийиркенүүнү жаратып келет.
Өлкөбүздө бала бакчадагы орундан баштап, мектеп аттестаты, ЖОЖ диплому, ишке орношуу, айдоочулук күбөлүгү, деги койчу, шайлоо учурундагы элдин добушуна чейин акчаң болсо, дээрлик баарын сатып алчу деңгээлге жеткенибиз эч кимге жаңылык эмес. Бул соода иши өлкө ичинде тымызын-ачык болуп келсе бир жөн, эми минтип башка өлкөлөргө да «Кыргызстанда баары сатылат» деген тоотпос жагдай жаратканы бетти кызартат.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
08.07.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne deibiz, bizdin aitkanybyz menen paida jok. "Balyk bawynan sasyit" d egendi baarybyz bilebiz. Aldyngky koch kaida barsa, aiagy da owonu eerchip keteerin bilebiz.
08.07.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энендурайын эшшшектер, надоели! Чиновниктердин баарын БАНга жонотуш керек!
10.07.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zarema94, дааа, биротоло четтетип салыш керек
13.07.2013. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куловду биринчи.
08.07.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Паспорт жасаган тармакты Кулов козомолдосо, анан Куловдун крим чойром менен байланышы бар деген создор чын болсо анда кайран кыргыз паспорту кимдин гана чонтогуно тушуп жатырсын ай
08.07.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
паспорт алалай чуркап журсок бул тындар башка олконун жарандарына жасап берип атканын.
09.07.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Roddom don bashtalip korupsiya kabirga cheyin korupsiya jetken. Astafur Allah akir Zaman
10.07.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз торт айдан бери паспорт ала албай келе жатабыз. шылтоолору паспорттун сыртындагы пластика жасоочу материалы жок кармалып жатат дешет .Ашык акча бергендер ошол эле куну алып жатышат экен эми ушунуда бизнеске айлантып алышты.
13.07.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай ыплас иштер качан бутот.Чиновниктердин баарын тазалаш керек бирок кыйынго.
13.07.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым калк,7эмес бир паспорт алыш учун айлап ар кимдин эшигин сагалайт,а булар болсо....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо