КИМ БИЛЕТ, ТАҢ АТАБЫ, ЖОКПУ?

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Төмөндө сөз болчу индия тасмасында адамдардын бири-бирине болгон мамилеси, таарыныч, кечиримдүүлүк, дегеле турмуш чындыгы чагылдырылат. Индия кинолору ый менен коштолору баарыбызга маалым. «Ким билет, таң атабы, жокпу?» деп аты айтып тургандай, бул философиялык мелодрама ыйлатып гана тим болбостон, кейип, жашоодон үмүт үзгөн адамды терең ойлонтуп, позитивдүү өмүр сүрүүгө үндөйт.

Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Никхил Адвани
Сценарийдин автору – Каран Жохар
Башкы ролдордо – Аман Махтур (Шахрух Хан), Нэйна Катрина Капур (Прити Зинта), Рохит Пател (Саиф Али Хан) жана башкалар
Чыккан жылы – 2003-жыл, 27-ноябрь
Бюджети – 5 миллион 54 миң доллар

САИФ АЛИ ХАН
Туулган жылы, күнү – 1970-жыл, 16-август
Туулган жери – Индия, Нью-Дели шаары
Бою – 175 см
Салмагы – 80 кг
Сара аттуу кызы, Ибрахим деген уулу бар

ШАХРУХ ХАН
Туулган жылы, күнү – 1965-жыл, 2-ноябрь
Туулган жери – Индия, Нью-Дели шаары
Бою – 171 см
Салмагы – 76 кг
Үй-бүлөлүү, Арьян деген уулу, Сухана аттуу кызы бар

ПРИТИ ЗИНТА
Туулган жылы, күнү – 1975-жыл, 31-январь
Туулган жери – Индия, Шимла шаары
Бою – 163 см
Салмагы – 52 кг
Учурда Несс Вадиа аттуу актёр менен жакын мамиледе

СҮЙҮҮ ҮЧ БУРЧТУГУ
Тасмада Нью-Йоркто жашаган индус үй-бүлөсүнүн турмушу чагылдырылган. Башкы каарман Нэйна Катрина Капур дайыма жашоодон тажагандай түр көрсөткөн, кабагы ачылбаган кыз эле. Анын мындай мүнөз күтүшүнө атасынын өзүн-өзү өлтүрүшү, баспаган иниси, жакыр турмушу себеп болгон.
Жесир калган Женниферге балдарын жалгыз тарбиялап-өстүрүүгө, бир жагынан кайненеси Лажонун каарына чыдоого туура келет. Кайненеси уулунун өлүмүнө келинин күнөөлөп, басса-турса тынчтык бербей жерий берүүнү адат кылып алат. Анткени Женнифер бир кыз, бир уулунан кийин күтүүсүздөн дагы бир кыз багып алган күнү күйөөсү каза болуп калат. Лажо ал кызды кара жолтой санап, келинин жек көрүп уруша бергени да ушундан улам эле. Кызыгы, кийин ошол бакма кыз Лажонун өз небереси болуп чыгат. Башкача айтканда, уулу башка аялдан кыздуу болуп, аны Женнифер багып алганы, баласы үй-бүлөсүнүн ишеничин актабай, жашоодон жаңылганы үчүн өз өмүрүнө кол салганы билинет.
Тасма башкы каарман Нэйнанын сыноолорго, кыйынчылыктарга, сүйүүгө кабылышы менен өнүгүп отурат. Тагыраак айтканда, атасынын өлүмү, чоң апасы менен апасынын тиреши, бул үй-бүлө иштетип, күнүмдүк кем-карчын жаап турган кафенин кирешесинин азайышы Нэйнанын жашоосуна болгон нааразычылыгын күчөтөт. Аны алаксыткан нерсе окуусу жана досу Рохит болгон.
Күндөрдүн биринде Нэйна кошунасынын үйүнө келген Аман деген жигит менен таанышып калат. Ал байкесиникине конокко келген эле. Аман Нэйнанын үй-бүлөсү менен таанышып, дос болгондон тарта алардын жашоосунда жакшылыктар орун алып, киреше кире баштайт. Көп өтпөй Нэйнанын Аманга болгон сүйүүсү ойгонот. Ошентип, Рохит-Нэйна-Аман сүйүү үч бурчтугу жаралат. Анткени Рохит да кызды абдан сүйчү. Бирок Аман жүрөк оорулуу болгондугуна байланыштуу сүйүүсүн ичине катып, Рохит менен Нэйнанын бирге болушуна бүт аракетин жумшайт. Амандын мындай аракети натыйжасын берип, экөө баш кошуп, бактылуу үй-бүлөгө айланышат. Ал эми Аман «Нэйна, сени тиги дүйнөдө да сүйүп жүрөм» деп сөз берип, жарык дүйнө менен кош айтышат.

«ШАХРУХ ХАН МАГА ЖАРДАМ БЕРДИ»
«Тасманы тартуу иштери Нью-Йоркто жүрдү» делингени менен, кайсы бир кадрлары Торонто шаарында тартылганы тасма жарыкка чыккандан соң белгилүү болгон. Анткени башкы ролдогу актёр Шахрух Хан жеке бизнесине байланыштуу аталган шаарда убактылуу жашап жаткан. Анын айынан тартуучу топ, актёрдук курам, жалпысынан 200 адам Торонтодо эки ай күн кечиришкен.
Прити Зинта тартуучу топту абдан убарага салганын айтат тасманын режиссёру Никхил Адвани. Бул тууралуу анын: «Карина Капур гонорарды аз деп тартылуудан баш тартканда эле акчасын көбөйтүп, ынандырсам болмок экен. Прити бир кадр менен тарта турган бөлүктү беш жолу кайталап тарттырып айланы кетирди»,- деп нааразы болгону бар. Прити өзү да бул кемчилигин моюнуна алып: «Кыймылым, мимикам жакпай, айтор, режиссёрду абдан кыйнадым. Аталган тасмадагы менин эң башкы жардамчым Шахрух Хан болду. Кинодо мага «Нэйна, эч качан кабак бүркөбө, дайыма күлүп жүр. Антпесең, ким билет, эртеңки күнгө жетебизби, жокпу?..» деп мени жашоого үмүттүү кароого үндөп, жардамын аяган жок»,- деп Шахрухту баса белгилеген.
Тасмада анча-мынча мүчүлүштүктөр кетсе да, кино сынчылар, эл тарабынан мыкты деп бааланып, Прити дал ушул ролу үчүн «2003-жылдын мыкты актрисасы» наамына татыган. Кызыгы, Нэйнанын апасынын образын жараткан актриса Жайа Баччан ушул тасмадан соң «мындан ары бир дагы киного тартылбайм» деп айткан.

АМЕРИКАЛЫКТАР РЕЖИССЁРГО НЕГЕ КАПА БОЛУШКАН?
Ооба, чындыгында эле америкалыктар нааразы болуп, ал тургай бул тасманын АКШда сатыкка чыгуусуна каршы болушкан. Себеби эмнеде дейсизби? Тасмада Нэйнага сүйүктүүсү Аман «кардарлар киргенде Индияга келгендей таасир алсын» деген максатта кафени улуттук стилде жасалгалоону айтат. Алар кафеде илинип турган Американын желегин алып, ордуна Индиянын туусун илдирген кадры бар. Тасма жарыкка чыгып, элдин сынынан өткөндө америкалыктар «Индустар биздин өлкөдө кино тартып, анан калса ушундай пастыкка барганы – чектен ашкандык. Кино Америкада сатыкка чыкпасын. Акыркы күндөрү индия тасмалары баркын жоготту» деген сындарды айтып, талаптарды коюп, режиссёрго нааразы болушкан. Ошондон улам тасма жаратуучулар бул фильмдин бет ачарын Германияда өткөрүп, сатыкка чыгуусуна да ушул өлкө макулдугун берген.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Индия тасмаларынын ичинен «Ким билет, таң атабы, жокпу?» Германияда сатыкка коюлган экинчи фильм. Ага чейин «Жакшылык менен жамандык» тасмасы чыккан.
  • 2005-жылы бул тасма Францияда «Нью-Йорк», 2006-жылы Польшада «Эртеңки күн жок болсочу?» деген аталыштар менен да сатыкка чыккан.
  • Нэйнанын ролуна актриса Карина Капур тартылмак. Бирок ал төлөнүүчү гонорарга, 60 миң долларга ыраазы эместигин айтып, ролдон баш тарткан.
  • Прити Зинтанын өз кесиби – психолог-криминалист.
  • Саиф Али Хан (Рохит Пател) менен Прити Зинта чыныгы жашоодо да кыз-жигит болушканы айтылат.
  • Тасмадагы айрым окуялар Прити Зинтанын чыныгы жашоосуна окшош.

Асел Асанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(27)
08.07.2013. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинону коргонумо коп болгон,жакшы кино...
08.07.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ойлонуп корсонор жашоонордо озгоруулор болот дуйного башкача коз караш менен карап каласынар аябай жакшы кино тез тез коруп турам
09.07.2013. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
индия кинолорун корчу эмес элем. Негедир кызыгып калдым
09.07.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул актерлор ушунча каары адамдарбы??? Саиф Али Ханды эн жаш актерл0рдун бири деп билчуумун папамдан 1 жаш ч0н турбайбы....
09.07.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kal ho naa ho ыры аябай жагымдуу, шакрух ханды обожаю красавчик,))) жашоосунда дагы сүйүүсүнө, үй бйлөсүнө туруктуу инсан
09.07.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун кино. Коргуло демекчимин, кайдыгер калбайсынар.Башталышы бир аз кызыксыз болот бирок изюминкасы толтура.
09.07.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм коруш керек экен
09.07.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусча туура кандай аталат билсеңиздер жазып койгулачы
12.07.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vikarus, "Наступит завтра или нет" ...Аябай жакшы кино,12 жолу коргом,коргон сайын ыйлай берем...особенно Шахрух олгондо
09.07.2013. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Прити абдан жакшы аткарган, Карина Капурдун ролдору жакпайт,келбети да анчалык эмес.
10.07.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kaisarbek, Туптуура, Притиге жаралган тасма.Абдан сонун аткарган. А Капурга стерванын ролу жарашмак.
12.07.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kaisarbek, Карина капур индиянын кээ бир кыздарына караганда
сулуу эле а Прити болсо индиянын эн сулуусу
10.07.2013. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vikarus,кинонун орусчасы "наступит завтра или нет"
10.07.2013. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mm korush kerek eken
10.07.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menda korgomun waxrux oorup kalat anan kyzyktyn baary bawtalat anan.....
10.07.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коргонмун жакшы кино.
10.07.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шахрук Хан катышкан баардык фильмдер жагат.
10.07.2013. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И в радости и в печали,,, ушул кинону кайра кайра кором, мааниси ото терен
10.07.2013. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
-я кхан- деген киносу да сонун
11.07.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наступит ли завтра или нет....? Аябай жакшы кино...
11.07.2013. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кино,мен да көргөм... Музыкасы да аябай уккулуктуу!
11.07.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кино..
11.07.2013. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шахрух хан, Саиф али хан, Прити зинта жакшы ролдорду жаратышкан.
12.07.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lazy_boy.kg,
Бирок ПРИТИ ЗИНТА индиянка эмес, Пакистанка ал)))
12.07.2013. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шахрух Кханды жаш деп журчумун
13.07.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шахрух Кхан аябай соонун акёр го, мага аябай жагат.
20.07.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шахрух хандай эч ким берилип ойной албайт озу индиянын азыркы кинолорунда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо