БҮРГӨ АДАМГА 25 ТҮРДҮҮ ООРУНУ ЖУГУЗАТ

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

Бүргө ар кандай ооруларды козгоочу, алып жүрүүчү жана кан соруучу курт-кумурскалардын башында турат. Илимде дүйнө боюнча 2380ден ашык түрү бар экени тастыкталган. Оңой менен карматпаган бүргөнүн жашоосу, адамга зыяны тууралуу маалыматтар алдыңыздарда.

ТУЛКУ БОЮ
Узундугу 1 миллиметрден 5 миллиметрге чейин жетсе, кээ бир ургаачылары азыктангандан кийин 10 миллиметрге чейин узарышат.

БАШ БӨЛҮГҮ
Башында оозу (соруучу аппараты), мурутчасы жана көзү жайгашкан. Кээ бир түрлөрүнүн көзү жок болот.

ДЕНЕСИ
Жылмакай жана сырты тикенектүү, катуу түктөр менен капталган. Бул түк жана жүндөрдүн арасында эркин жүрүүгө, шыпырылып түшүп калбоого жардам берет. Өңү күрөң, ачык күрөң, кара күрөң түстө болот.

БУТТАРЫ
Көкүрөгүндө жайгашкан 3 жуп буту бар. Алдыңкы эки буту тез жүрүүгө ылайыкталган. Арткы узун буттары 30 сантиметрге чейинки бийиктикке, 50 сантиметрге чейинки узундукка секирүүгө жардам берет.

БҮРГӨ АНТАРКТИДАНЫ ДА БАЙЫРЛАЙТ
Бүргө бардык материкте кездешет. Ал гана эмес, климаты катаал Антарктиданы байырлаган түрү бар. Бирок көпчүлүк түрү мелүүн жана субтропиктик аймактар болгон Чыгыш Азия, Борбордук Азия, Батыш Америка, Чыгыш Африканы мекендешет.
Бүргөнүн күнүмдүк азыгы – адамдын жана жаныбарлардын каны. Кан соруусу 1 мүнөттөн бир нече саатка чейин созулат. Айрымдары канга тойсо да, соруусун уланта беришет. Бүргөнүн түрү көп экенине жараша аталыштары да көп. Алардын ичинен адамга зыян алып келүүчү 60 түрүнүн ичинен адам бүргөсү, мышык бүргөсү, ит бүргөсү – өзгөчөлөрү. Булар адам, ит, мышыктан тышкары кыска жүндүү жандыктарда да жашап, алардын каны менен азыктанышат. Өң-түсү жана чоң-кичинелиги менен айырмаланганы болбосо, дээрлик окшош.

ӨМҮР СҮРҮҮСҮ
Бүргө орто эсеп менен 1,5 жыл жашайт. Өтө тездик менен көбөйүшөт. Ургаачысы бул аралыкта 3000ге чейин жумуртка тууйт жана ал үчүн атайын жай издебейт. Жумурткаларын туш келген жерге тууй берет. Эки жумага жетпеген аралыкта жумурткадан буттары жок, кыймылы активдүү курттар пайда болуп чыгат да, азыктанууга ылайыктуу жай таап, жашырынып алышат. Андан соң курт калыбын өзгөртүп куурчакчага айланып, кийинки кадамында буттар өсүп, толук кандуу бүргө жаралат. Бүргө көбүнчө полдун тешиктеринде, төшөктүн алдында, таштанды төгүлүүчү жайларда, жаныбарлардын жүндөрүнүн арасында өсүп жетилет.

ЭҢ КОРКУНУЧТУУ ООРУЛАРДЫ ЖАРАТАТ
Бүргө кан менен азыктангандыктан, ар кандай ооруларды ташып жүрүүчү жана козгоочу катары коркунуч жаратпай койбойт. Жалпысынан оорунун 25 түрүн жугузат. Мисалга алсак, сарык, чума, ичеги жана тери ооруларынын бактерияларын оорукчан адамдан соо адамга жуктурат.
Сүрөттө тунгиоз тери оорусуна кабылган адамдын буту. Жумурткалоо үчүн тырмактын астына кирип кеткен бүргөдөн сезгенүү жаралат. Адамдын манжаларын шишик басып, ириңдеп, тырмактары чирий баштайт.

КУТУЛУУНУН ЖОЛДОРУ
Бүргөлөр жайдын күнү өтө активдүү болушат. Сырттан үйдүн ичине адам, ит жана мышык аркылуу кирип, байыр алып, тукумун уланта беришет. Ит менен мышык кашынып, тиштенип жатса, демек, бүргөсү бар деп түшүнүңүз. Андыктан үйдөгү бүргөнү жок кылуунун төмөнкүдөй жолдору бар:

  • Үйдү толугу менен тазалап чыгыңыз. Төшөктөрдү, кийим-кечени, жумшак оюнчуктарды күнгө жайып, күбүү керек. Полду жууп, тешиктердеги топтолгон чаңдарды калтырбай чыгарып, тазалаңыз. Кол жетпеген жыртык-тешиктерге курт-кумурскага каршы каражаттарды себиңиз.
  • Шейшептерди жана жууркандардын сыртын сыйрып жууп, кургаганда үтүктөңүз.
  • Ит менен мышыкты колдон келсе зоодүкөндөрдө сатылчу атайын курт-кумурскадан арылтуучу шампунь менен жуунтуңуз. Эгер жуунтканга мүмкүн болбосо, курт-кумурскага каршы чыгарылган атайын каражаттардан денесине себиңиз.
  • Ит менен мышыкты бүргөдөн коргоочу каргы (атайын жыт чыгарып турат) сатып алып тагып коюңуз.
  • Эрменди кургатып, төшөнчүнүн арасына, гардеробдун ичине коюп койсоңуз, жытынан бүргө качат. Ошондой эле эрменди иттин уясына, үйдүн кире беришине илип коюу сунушталат.
  • Эгер бүргөнү өз алдынча жок кылууга мүмкүн болбосо, атайын кызматка кайрылсаңыз, керектүү дары-дармек менен жок кылып берет.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТ

  • XVI-XVII кылымдарда бүргөдөн жана башка мителерден кутулуу үчүн ак сөөктөр атайын бүргө кармагычтарды жанына илип жүрүшкөн. Кызыгы, ал убакта тез-тез жуунуу ден соолукка зыян деп ойлошуп, ак сөөк, байлар дагы чанда гана жуунушкан. Айымдары чач бекем болуп, түшпөйт деген ойдо койдун майын сүйкөнүшкөн. Ал бүргө менен биттердин көбөйүүсүнө алып келген.
    Бүргө кармагыч буюм пилдин сөөгүнөн майда көзөнөкчөлөрү бар кутуча түрүндө, буралып ачыла турган капкактуу болгон. Ичине бүргө жана башка мителерди өзүнө тартып, киргенден кийин жабышып кала тургандай кан, бал, чайыр салынчу же жыпар суюктуктарга чыланган чүпүрөк коюлчу. Мындай капканды кийимдин ичине, жасалма чачтын, жаканын алдына илип алышкан.
  • Орто кылымда бүргө менен күрөшүү үчүн бүргө көп байырлоочу, жүнү кыска жандыктардын терилерин да колдонуу модага айланган. Мисалы, арс чычкан, суусар, сасык күзөн (хорёк) жана киштин (соболь) терилерин баш, буттарын кеспестен ак сөөктөр кийимдин сыртынан асып жүрүшкөн. Чогулган бүргөлөрдөн терини силкүү менен кутулуп турушкан.
  • Бүргөдөн кутулуу үчүн Кытайда уктаардын алдында бамбуктан же пилдин сөөгүнөн даярдалган түтүктү жылытып төшөктүн астына салып же керебеттин алдына коюп коюшкан. Түтүктөгү жылуулук курт-кумурскаларды өзүнө тартып, чогулткан. Эртең менен ал түтүктөрдү кайнап турган сууга салып курт-кумурскаларды өлтүрүшкөн.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


Бүргө адамга 25 түрдүү ооруну жугузат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
13.07.2013. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коруп эле денем кычышып кетти. Кичинемде бир таанышыбыздын уйуно тоого каймак жегени эжем экообуз барсак уйундо укмуш бурго коп экен тан аткыча 100дон ашык бурго олтургонбуз эртеси тан атышы менен каймактыда унутуп уйго кетип калганбыз келип апама айтсак уйго киргизбей кийип келген кийимдерибизди чечип алып ортоп салган ошондон бери бурго же чиркейдин учуп жургонун корсомда олтургучо жаным калбайт денем кычышкансып жаман болом. Рахмат жакшы кенеш экен.
SUPER.KG видео
13.07.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман экен, мен ойлочумун бургонун адамга зыяны жок болуш керек деп, Экинчи колектрга кирбейм, кирип чыксам эле быжырап бутума жабышып алат, анан секирип кыйын экен, башыма чейин чыгып кетет, ал жакта жапайы мышыктар бар, ошолордон пайда болгон турбайбы
SUPER.KG видео
13.07.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даагы кандай оной жолдору бар бургодон арылыш учун? Билсенер жазып койгула
SUPER.KG видео
13.07.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалымат экен.
SUPER.KG видео
14.07.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
биздин москвада жашап аткан квартирада хлоп кобойуп кетти кундо чагат бизди башка жака кочуп кетиш керек болду атак бурго жок
SUPER.KG видео
14.07.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cho абайла хлопунду башка квартирага да жугузба квартирант келгенде хлопун жокпу деп алыш керек экен ээ
SUPER.KG видео
15.07.2013. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да москва шаарында эмгектенем,бирок бизде Жок болчу жакынкы кундордо кайдан райла болду билбей да калдык жакшы келинчегим экообузтен гостил иштейбиз бирок выходной куну уйку Жок.
15.07.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дордойдо оло коп бурго бут коробкада абайлагыла
15.07.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул газетага биз чыга албай журсок бурголор чоон бетти ээлеп алыптырго
15.07.2013. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AZIK01,хахаха))))
17.07.2013. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AZIK01, hahaha prikol
15.07.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2-3 Кундон бери эмне кылам кантип кетирем деп журдум эле ар-кайсы жерди чагып баштаганынын баары эле бул бурго деп атышкан эми оной менен кетпейт дешкен.Эменди,дары алып келейин ушул кан соргучтан кутулбасам болбой калды.Рахмат силерге Супер-Инфо убагында жаздынар.
15.07.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
К.Сыдыковдун материалдарын кызыгуу м-н окуйм, жонокой тилде, тушунуктуу кылып жазылганы жагат.
16.07.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir jolu joldo ketip jatsam bir burgo velik menen dordoygo ketip jatkan eken 4in ele kop okwoyt
17.07.2013. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marin, osho burgonun betin taanyp kalsan srazy sotko ber
16.07.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир челек сууга жангактын 10 жалбырагын,бир букет зверобой(кыргызчасы эрменби билбедим)салып кайнатылат.Кайнаган кезде саргыч туско айланат(зверобойдун боегу чыгат).
Сууну муздаган кезде уйдун полуна,килем,тошончулорго сээп комнатаны жаап коюу керек,4-5 сааттан сон буюмдарды эшикке жайып сергиткенче уйду желдетип аласын.Суу саргыч болгон менен тошончулордо эч кандай так калбайт.Бул рецепт бир гана комнатага эсептелинген,ал эми бардык болмолорду сразу тазалайм десен анда олчомун албетте коб
16.07.2013. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрмен деген кандай болот ,убагында эн керектуу маалымат берилиптир рахмат.
17.07.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрмендин орусчасы кандай? Аптекадан сурасам билишпейт экен.
17.07.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
smile,
Саламатсызбы!
"Полынь" орусча аталышы.
17.07.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хан,
Жарнама жана коммерциялык маалыматтарга "Комерциялык жарыялар" аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат берилет.
19.07.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рак оорусу менен дагы ооруйбу адам Бурго чакса?
19.07.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бурго чакса аллергия да козголуп кетет экен
20.07.2013. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир бурго учун ушунча тополонбууу?
20.07.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бургону ушунчалык жаман кором
20.07.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоооон рахмат маалыматка супер инфо!!!
21.07.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
урматтуу суперчилер менин силерге отунучум бар.ТV-програмасын сайтка чыгарып койбойсуздарбы?
22.07.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmat-1989,
Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
SUPER.KG видео
28.06.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хлоп бул менден коркот, бирок выходной кундору мен корком
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо