Урмат Барыктабасов:«БАШКА АЯЛ АЛБАЙМ, АСЕЛИМ ЭЛЕ БУЮРСУН»

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

«Махабат дастанында» өзүнөн бир топ жаш улуу экенине карабастан, элдин опузалаганына тайманбастан Бегимайдын Раймаалыны сүйгөнү биз үчүн жомоктой туюлат. Ошондой керемет жомок тартуулаган актриса Асел Эшимбекова жашоодогу Раймаалысы Урмат Барыктабасов менен кандай өмүр кечирип келет?

– Урмат мырза, «Аселди кинодон көрүп сүйүп калгам» дейсиз, ошондой да болот бекен?
– Ошондой болот экен да. Анын үстүнө мен, орустар айткандай, «однолюбмун». Эжеңерге жетем деп алып-учуп туруп алдым. Акыры өзүмдүк кылдым.

– Сизди көргөндө эле багынып берген жок болсо керек. Кантип жүрөгүн туйлатып койдуңуз?
– Ал кезде менин болуп-толуп турган чагым, рубль эмес, доллар саначумун. Анан үйүн жалаң роза гүлүнө толтуруп салсам, кантип арбалбайт?!

– Асел айым, баш кошконуңуздарда эл көшөгөгө чейин кирип, Таттыбүбү Турсунбаеванын кызын көрүүгө ашыгышса керек...
– Ал кезде ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Мен макулдук бергенден кийин Урматтын үйүнө бардык. Чоң кайненем жоолук салды. Жакындарыбызды чогултуп, сеп берүү, калың алуу жөрөлгөлөрүн жасадык. Анан дароо эле Жети-Өгүздөгү курорттордун бирине бал айын өткөрөбүз деп кетип калып, үч айдан кийин келдик. Ат араба менен тоолорду, жайлоолорду кыдырып, кооз жерлерге суктанып жүрө бердик. Улуу балам төрөлгөндө тууган-уруктун башын кошуп чоң той бергенбиз.

– «Махабат дастанында» Раймаалы бир топ жаш улуу го Бегимайдан, менимче, жашоодогу Раймаалысы деле бир топ жаш улуу болсо керек?
– Аселден 5 жаш эле улуумун. Сүйүүдө жаш деле роль ойнобойт да. 20 жыл мурун кандай сүйсөм, азыр да ошондой сүйөм.

– Жолдошуңуз ишине байланыштуу эки жакка көп кетет эмеспи, сагынасызбы, кызганасызбы?
– Жаңы үйлөнгөндө эч жакка кетпей, бир жыл жанымда болду. Анан Алматыга кетип, ошол жакта иштеди. Бирок ишемби сайын келип турчу. Кайненем менен калчумун. Мен барганга чейин эле кайнатамдын көзү өтүп кеткен экен. Анан улуу балам төрөлдү. Балам төрөлгүчө Урматты сагынып кыйнала берчүмүн. Азыр бири-бирибизди урматтоо, аёо менен жашап келебиз.

– Сүйлөгөнүңүздөн улам Асел эженин актрисалык кесибине тоскоол болгонуңузду байкадым.
– Кыргыз киносу актёрлорго гонорар эмес, жарыктын акчасын төлөй албай жатат. Кайненем эмне болду?! Роль талашуу, көрө албастык, ичи тардык, мына ушулардын казанында кайнады. Жыйынтыгында эрте кете берди. Аны менен кошо эч ким өлгөн жок. Алла Таалам аялды бала төрөсүн, бала тарбияласын деп жаратат.

– Үйдө казан-аяк кагышабы, Асел айым?
– Жашаганыбызга 20 жыл болду, катуу кеткен жокпуз. Жаш кезде болгон, мисалы, кээде тамагын убагында бербей калчумун. Ошондо гана үнүбүз катуу чыгып кетчү. Азыр баарын үйрөнүп, өзүмө сөз тийгизбейм. Акча тууралуу да урушпайбыз. Акчалуу үй-бүлөлөрдүн урушуп-талашып жатканын деле көп угам. Мен болгон оокатка топук кылып жашайм. Коколоп тигини, муну алып бер дебейм.

– Ийгиликтүү ишкерлер же чоң кызматтагылар жашыруун 2-3төн аял алып жатканы айтылып келет. Сиздин артыңыздан мындай сөздөр ээрчибейт го же биз укпай калдыкпы?
– Албайм, Аселим эле буюрсун. Аселимдин жүрөгү таза. Ичинде кымындай кири жок. Жан дүйнөсүнүн аруулугун түшүндүрүү кыйын. Жаңы ачкан түнкү клубумда сулуу, бойлору 2 метр болгон кыздар толтура. Аларды карап отуруп көз тоёт да, кемпиримдин жанына барып жатып алам.

– Жаш кезде жубайыңызды кызганчу белеңиз?
– 5 жыл Дубайда бизнес кылдым. Ал кезде Асел Алматыда турчу. Канчалаган бай казактар бар, бирок кызганган жокмун, ишендим. Өзүм менен кошо алып кетпеген себебим, балдар атайын мектепте билим алышчу. Ордуларынан козгогум келген жок. Анын үстүнө Дубайга барса, 2 класс төмөн отурушат экен.

– Асел айым, мода кубалап кийинип, алтын, бриллиант чогултасызбы?
– Модадан калып калбайм, бирок сая түшүп кубалабайм. Элден бөлүнүп турганды жаман көрөм. Өзүм дагы бирөөнүн кийимин талкууга албайм. Бриллиант, алтынга караганда оймо-чийме түшүрүлгөн күмүш топтомдорго кызыгам. Көчөгө чыкканда мени жадакалса тааныштарым дагы тааныбай калат. Кепканы баса кийип, спорттук костюм кийип алам.
Балыкчыда жашап жүргөнүбүздө улуу эле бир эже келиптир. «Ий, кокуй, сен Барыктабасовдун аялысыңбы?!» дейт. «Ооба» десем, «сени толук, керсейген неме экен десе» деп күлгөн. Көчөгө чыкканда эч кимди деле карачу эмесмин. Эл болсо «Барыктабасовдун аялын көрөбүз» деп кызыга берчү экен.
Кызым азыр Балыкчыдагы отелибизде. Кечээ телефондон «сизди бул жактагы эжелер күтүп жатышат» дейт. Ал жакка барганда официант кыздар жетишпей жатышса кошулуп кардарларды өзүм тейлейм. Ашпозчуга картошка аарчышам, керек болсо пол жууйм. Анда иштеген кыздар «кожойке келбей турса экен» деп сестенишпей, мени дайыма күтө беришет. Апам Таттыбүбү өтө жөнөкөй болчу. Баары эле «жөнөкөйлүгүң апаңды тартыптыр» дешет. Уул-кыздарымды да «кимдин баласы болбогула, кайсы кызматта иштебегиле, жөнөкөй болгула» деп тарбиялайм.

– Урмат мырза, учурда эмне менен алек болуп жатканыңызды сурабай кетсек болбос.
– Германиядан Орто Азияда жок лазер-шоу алып келип, түнкү клуб ачкам. Чет жерден келген маданият адамдары менен биздин өлкөнүн өкүлдөрү жакындан таанышып, кенен баарлашканга да ылайыктадык. Эс алгандардан сырткары бул жерге дүйнөлүк деңгээлде өтүүчү ар түрдүү фестивалдарга да орун берип жатабыз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(40)
15.07.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асел эже дагы деле сынынан кайта элек сулуу айым экен. Бакыт каалайм!
15.07.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч кандай байлыгын мактанышкан жок.Эптеп эле бир кынтык табыш керек болуп калды го бизге.Уй-Булого бактылуу турмуш каалайм.
15.07.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эч кандай мактанбай эле болгонун болгондой айтышыптыр, Асел эже аябай сулуу экен дагы эле ошондой аялдын кадырына жеткен Урмат байке да нагыз жигит экен, балдарынын кунун корушсун, тапкандары жакшылыктарына буюрсун.
15.07.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Махабат дастанын".коруп Аселге ушунча ашык элем.
15.07.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй було курганына 20 болгонуна карабай жубайына болгон суйуусу очпогону жакшы экен. Ошол жагын урматтайм. А бирок маектин мааниси жок.
15.07.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу,байлык,жонокойлук,урмат-сый баары бар тогорогу топ келишкен уй-було экен.Бар болунуздар!
15.07.2013. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maktangandai dele bolboptur suroogo jarawa joop beriptir go, 4in ele maegi maanisi joktoi sezildi
16.07.2013. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Болсонор Барктабасовдой болгула болбосонор оозунарды жапкыла дегенимдин себеби жетем дегенине жетиптир .
15.12.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
fara2503, ошол маалда рубл эмес доллар санап атса.. калган жыйынтыкты озун чыгара берсен болот
16.07.2013. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу уй було экен.
16.07.2013. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asel ejenin suluuluguna,jonokoiluguno baa berdim, Urmat aga ejekebizge suiusun dagy dele bildirip syilap turgany jakty , birok Urmat aganyn Kazaktardan kagan maktanchaaktyk jeri bar eken
16.07.2013. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз ушундай үлгүлүү жубайлар көп болсо кыргызстан бат эле өнүгөт,,, Супер силерге суроом тактап бергилечи эмне болгон түнкү клуб? анан каерде? эмне деп аталат???
16.07.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эркек болсоң Барыктабасовдой бол болбосоң кое кал! дегендей эркек экен, азаматсыз бактылуу болгула анан илибойуңар милионер болгулачы мактансыңарле , жок болсо нени мактанат
16.07.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы бактылуу болгула мындан ары дагы
16.07.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанган деле жок го набарот жонокой адамдар экен булардай бай болуш учун оуу туну куну иштесек дагы таппасак керек. Буйрусун бактылуу болунуздар мындай кишилер ото аз башкасы болгондо 5тен аял алмак
16.07.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat dastanyn bir koruw kerek eken. Esimen chygyp ketti toluk estey albaim
16.07.2013. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен деле мактагандай эч нерсесин байкаган жокмун.Бар болсо ким эле мактанбасын.Бай болсо да, жонокойлугу байкалып эле турбайбы.Асеь айым аябай сулуу экен.
17.07.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулукту сыйлаган, билген адам экен, аялдын бактысы уй-було ,
балдар.
17.07.2013. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maktanbai ele sonun acik maek bolgon
17.07.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар экен мактаныптыр жок болсо эмнени айтып мактанат. Акыры уурдап албай канчалаган мээнет,кыйынчылыктардын арты менен жеткен да.
17.07.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Махабат дастаны" фильминде Асел эжени ким гана эстен танып суйбогон. Мен дагы ошол кинодогу Асель эжени дагы эле аябай суйом. Урмат байке жигиттин сырттаны экенсиз. Бакыт каалайм! Кудай Таттыбубу эжеге бербеген жакшылыктарды сизге берсин!
18.07.2013. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biznes kilgandi Urmat baikeden uironuw kerek. Bul baikeden kop nerse uironso bolot.
18.07.2013. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АселИМ деп баса белгилеп турганы абдан жагымдуу корунуш..
18.07.2013. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урмат брат крассавчик да, жердешим менин. Отелинде тунку клуб,кафе,игровой автомат.ж.б.такай барчубуз,ваще кооз дерзский салынган.
19.07.2013. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу уй булоо экен
20.07.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча баласы бар болду экен?
20.07.2013. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ТАТТЫБУБУ ТУРСУНБАЕВАнын кызы ушундай адамга турмушка чыкканы кандай гана жалко! кыздар кордунорбу силер кимди тандайсынар?!
21.07.2013. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клубтагы кыздарга суктанып келип аялы менен жатып алганы кызык экен
21.07.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байлыгы менен озуно имерип алганы сокурга деле корунуп турбайбы..Балыкчыдагы отелим эле деп мактанат,кайсыл отель,эмне деп аталат болду экен?
21.07.2013. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеальная семья!
30.07.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baardyk ele erkekter kyzdardy korup ele toyup kalsa jakshy bolmok :)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо