КАЙСЫ АЗЫКТЫ КӨП ЖЕСЕ, КАНДАЙ ООРУ ЖАРАЛАТ?

№560 26-июль-1-август, 2013-ж

Адам үзгүлтүксүз тамактанып, өмүрүнө өмүр улайт. Бирок биз ашыкча жана туура эмес тамактануу менен жашообузду тобокелге салабыз. Анткени адамдардын 90 пайызы туура эмес тамактануунун айынан ооруларга кабылып, ошонун айынан көз жумат. Андыктан 4 миң жылдан ашык тарыхы бар тибет медицинасына кайрылып, кайсы азыкты үзбөй көп кабыл алуудан кайсы оору жараларын карап көрөлү.

ЧАКМАК КАНТ, КУМШЕКЕР

  • Организмдеги кальций көп бөлүнүп чыгып кетет. Сөөк морт, бат сынма болот. Булчуңдар алсыз тартат.
  • Ооз көңдөйүнүн, кулкундун, ашказандын, он эки эли ичегинин былжырында сезгенүү жаралат.
  • Семирүү, алысты жакшы көрбөө, тиштин бузулушу, чириши келип чыгат.

ТУЗ

  • Кан басымды көтөрөт.
  • Буту-кол жакшы иштебей калышы мүмкүн.
  • Организмден калий көп чыгып кетип, жүрөк жана булчуңдар алсызданат.
  • Боордун циррозу менен ооругандарды шишик басат.
  • Рак оорусун, астманы күчөтөт.

ТУЗДУУ ТАМАК

  • Кан тамырлар серпилгичтигин жоготот, көздөн жаш агуу күтүлөт жана беттин өңү бузулат.
  • Бронхит, астма оорусу күчөйт. Жөтөлүү жана муунуу айланы кетире баштайт. Ашказандын рагы келип чыгышы ыктымал.
  • Туздалган балыкты көп кабыл алуудан кулак, мурун, тамак оорулары  жаралат.
  • Ачуу тамакты көп колдонуудан тери кургак тартып, түлөй баштайт. Чач  акырындап түшө баштайт. Тырмак морт болуп, кабатталат.
  • Кычкыл тамакты көп ичип-жегенден булчуңдар ооруйт, ооз, эрин жарылат.
  • Мурчту кош бойлуу аял көп колдонсо, бойдон түшүү коркунучу бар. Ар кандай жаралар чыгат.

МАЙЛУУ ТАМАК

  • Зат алмашуу бузулат,  атеросклероз, семирүү жаралат. Семирүүнүн аягы кант диабетине алып келет.
  • Иммунитет төмөндөйт, магний организмден көп бөлүнүп чыгып, онкологиялык оору жаралат.
  • Ашказан, ичеги, өт оорулары пайда болот. Ал эми өтүндө, бөйрөгүндө ташы барлардын оорусу күчөйт.
  • Артрити барлардын муундары ооруп, шишийт.
  • Кан басым көтөрүлөт, геморрой, варикоз оорусу күчөйт.
  • Боорго күч келип, оорунун жаралышын шарттайт.

ЭТ

  • Кызыл этти (малдын эти) көп жегенден кант диабетинин, бөйрөктө таштын, уйку безинин оорусунун (панкреатит) жаралуу коркунучу бар.
  • Этти көп кууруп колдонуудан ичеги-ашказан жана кызыл өңгөч, кулкун оорусу келип чыгат.
  • Этти көп колдонгон адам бат картаят.
  • Майлуу эт – холестериндин булагы. Демек, инсультка кабылуу коркунучу бар.

ЧАЙ

  • Чайда фтор көп болгондуктан, көп ичүүдөн тиштин өңү бузулат. Колдо, бутта, омурткада оорулар жаралат, муундардын формасы өзгөрөт.

ТАТТУУ
(Таттуу шоколад, пряник, шире, пирожное, торт ж.б.)

  • Аялдарда эмчектин рагы жаралат.
  • Клеткалар бат картаят, адамда шалдыроо күтүлөт. Чач түшүп, эрте ак баса баштайт.
  • Кальций организмден көп чыгып, сөөк морт болот.
  • Гастрит жаралат. Гастрити барлардын оорусун күчөтүп, жарага айлантат.
  • Семиртет, мындан тышкары подагра, кант диабети, бөйрөк жана өттө таш пайда болот.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(62)
30.07.2013. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нан жеп, атала ичет окшойбуз
30.07.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нормадан ашса патология нормада болсо боло берет баарын жеш керек арагын виносунда ичиш керек бирок нормадааа макулсуздарбы(((((((
30.07.2013. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр жашылча жемиш жегенге да болбойт, ар кандай химикаттардын жардамы менен остурулуп, гендерин да соо коюшкан эмес...
30.07.2013. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откон кылымдагы ата-бабаларыбыз бироо бир отурганда бир козуну бир жеп, артынан чанач кымыз ичип сопсоонун эле жашап келишкен...
30.07.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да ченеми менен жегенге аракеткылалы
31.07.2013. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын абасы таза болгондуктан,тамак-аш бат эле сиңип кетет.Айылда жашагандар,жайлоого чыккандар коркпой эле жей бергиле.Бирок көбүрөөк иштегиле.Кыргыздар 5маал тамактанып,бир койдун этин жеп 90,100гө чыгып келишкен.Шаарда жашагандар итак эле аппетитиңер буулуп калат.Себеби аба бузулган.Мисалы мен Москвада бир кесе тамак араң ичем,айылда үйүмө барсам 3кесе тамакты жөн түгөтөм.Кыйналбай кайра иштеп ж&
31.07.2013. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убак сааты,ченеми менен тамактансак эч кандай ооруну деле алып келбейт.Колдон келсе май,туз,этти,куурулбаган тамакты жесе зыяны тийбейт тескерисинче адам жашарат и бетке бырыш тушбойт.
31.07.2013. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А менин болсо Москвада аябай табитим ачылат тамак жесем бат эле синирет организммим айылыма келсемда ошондой эле корунуш бирок Бишкекте туруп калсам бираз табитим жоголуп тамак аз жейм жана уйкумда келбей калат. Бирок сиздер айткан нерселер кунумдук тамакта баарында колдонобузда эми аларды жебесек эмне жейбиз кандай кенеш бересинер?
31.07.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коментарияларды окуп алып жыгылып калдым кулоо берип,эмне жесенерда бар болгула кыргызым.
31.07.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээ эч нерсе жебей эле койгула да..журобергиле да эки кундо бииир суу ичип койуп,суу зыянмес экенго )))))
31.07.2013. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
но нейм айтатго аш шорпо манты чучпара....
31.07.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буту колу жакшы иштебей калышы мумкуну жок толук аныктап жазбасыздарбы
01.08.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозго киргендин баарын эле жесе болот, чеги менен, койдун этин куйрук майы менен очойто жеп анан артынан 1л. кымыз ичсен оз ден-соолугуна коркунуч зыян алып келесин. Баардыгы чеги менен болуш зарыл.
01.08.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аш болсун достор
01.08.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mynda menin kop jegen tamaktarym jazylyptyr.maga eskertyy boldu. raxmat silerge super info. Emi myndan aary chenemi menen jeim...
02.08.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин "кальцийлерим" кантип келет эми ? чачым да тушуп жатат ):
02.08.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
овощи фруктыны коп жегиле, жана аталадан чайып алып ичкиле, бирок ширинсиз такыр тура албайм
02.08.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андан коро Аллах деп жургуло арамдан алыстап адалга жакындап
03.08.2013. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе жегим келбей калдыыы
03.08.2013. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызда соз бар эмесби, кыргызга болоберет, кыргызга микроф жукбайт деген бирок бул нерселер туура дечи биро норма м.н колдонуш к.к. Дагы айта кетчуу нерсе тв дан бир врач айтбадыбы адам кунуно 200 гырам эт жеш к.к деп баш айланат.
04.08.2013. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Et kop jegen kop jawait:-)
03.09.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес которуп алышкан го орусчадан.(Тамаша).Диета кармагыла.(Тишин барда таш чайна)
18.09.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тишин жокто аш кайда))))))
23.11.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын озунун чеги м.н жесе болот:-)
08.12.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сактанганды кудай сактайт.
30.01.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдалуу нерсе экен бирок жылкынын майында холестрин жок дегени чындыкпы?
12.02.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жебей эле ачка жургуло дегени го бул. Жегиле ченеми менен деп жазып коюшса болмок.
18.02.2014. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тамак калгыча жаман курсак жарылсын деп коётго кыргызым,беш бармак, эт, манты, куйрук боор, кымыз болгондо мумкун болушунча алып кирем, силергеда айтам жей бергиле Кудай берген омурду жашайбыз баары бир!
02.07.2014. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamatsizdarbi super info men sizderden syranarim jyrok ooru, kant diabeti jonyndo jazip bere alasizdarbi. Aldin ala chong rahmat!
03.07.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalmir08, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, "Ден соолук" бөлүмүнөн таба аласыз: http://www.super.kg/article/?theme=14
02.08.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атала, кордо, кара нан, айран, дак суу менен тамактангыла. момо жемиш жашылча. этти да аз аздан колдонуу керек, эконом да болот. сууну коп ичкиле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо